Мы в Telegram
Добавить новость

Суд отправил топ-менеджера «дочки» РЖД под домашний арест за мошенничество

Shot: в московской школе во время перемены загорелся пауэрбанк

Стена дома в Петрозаводске обрушилась на автомобиль

Anadolu: беспилотник обнаружил возможные обломки вертолета в Иране



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Памирден Ванга: Рахманкул хандын көчү

Памирден Ванга: Рахманкул хандын көчү

Памир кыргыздарынын Түркиянын Ван аймагына жер оодарып, көчүп барганына өткөн жылы 40 жыл толду. Буга байланыштуу Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларында Рахманкул хандын урпактары катышкан илимий иш-чаралар быйыл өттү.

Түркиянын Дижле университетинин окутуучусу, акын Абдулмукадес Кутлу Вандагы кыргыздар, Памирден жер оодарган себебин, чоң атасы Рахманкул хандын керээзи тууралуу "Азаттыкка" кеп салып берди.

Абдулмукадес Кутлу: Биздин Ооганстан Памырынан (ред. Улуу Памир) Түркияга көчүп келгенибизге 41 жыл болду. Өз ара сүйлөшүп, көчүп келгенибиздин 40 жылдыгын белгилейли, иш-чараларды өткөрөлү деп чечкен элек. Анткени 40 деген сандын башкача бир мааниси бар. Түрк элдеринде, жалпы эле дүйнө элдеринде сандардын сыйкырдуу күчү бар деп эсептешет. Ошондуктан өткөн жылы Түркияга келгенибиздин кырк жылдыгын белгиледик. Бул жакта да өткөрмөкчү болдук эле, бөлөк жумуштар менен бир аз созулуп кетти.

Биздин Бишкекке келгенибиздин негизги себеби – түркиялык кыргыздардын Түркияга отурукташканынын 41 жылдыгын белгилөө жана Рахманкул ханды эскерүү. Бул максатта Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде илимий жыйын өткөрдүк, көргөзмө уюштурдук. Буюрса, бул иш-чараны Ош мамлекеттик университетинде улантабыз. Ошону менен сапарыбыз карыйт.

- Февралдын башында Түркия менен Сирия чектешкен аймакта катуу зилзала болуп, миңдеген кишилер набыт болду. Маегибиздин башында ошол кайгылуу кырсыкты эскерип кетпесек болбойт. Кыргызстандан да куткаруучулар барып, кол кабыш кылбадыбы. Вандык кыргыздар боз үйлөрдү тиккенге жардамдашканын угуп жаттык. Сиз өзүңүз ал жерде болдуңузбу? Учурда акыбал кандай?

- Зилзала башталгандагыдан азыр абал жакшы. Элге жардам берүү улантылып жатат. Биринчи күндөн баштап эле эл өзү да жөн карап турган жок. Он бир шаарда зилзала болду. Мен өзүм да күбө болдум. Саат төрттөн он жети мүнөт өткөндө башталды. Суу ичкени ашканага кирген элем. Жер титирей баштаганда сыртка чыгып кирдим. Аябай катуу титиреди. Мен Диарбакыр деген шаарда жашайм. Алгач ушул Диарбакырда эле титиресе керек деп ойлодум. Кийин эле канчалаган шаарлар кыйрап калгандыгын уктук. Хатай, Кахраманмараш, Адыяман, Малатья, Элазык, Диарбакыр ж.б. көптөгөн шаарлар кыйрады. Миңдеген кишилер набыт болду. Элдин башына оор иш түштү. Түркия аймагынын үчтөн бири жабыр тартты. Жер титирөө азыр да уланып жатат. Туруп-туруп эле  титиреп кетет. Кечээ жакында эле Кайсери, Газиантеп, Урфа деген шаарларда дагы зилзала болду. Буга кошумча бир-эки шаарда сел жүрдү.

Куткаруучу адис болбогондон кийин, куткаруу иштерине аралашкан жокпуз. Бирок каражат жагынан көмөк көрсөтүп турдук. Өз студенттерибизге моралдык жактан дем берип, көңүлдөрүн көтөрүп турганга аракет кылдык. Кыргыздар боз үйлөрдү биринчи Марашка (ред. Кахраманмараш) алып келишти. Биздин Стамбулда, Анкарада жашаган улуу памырдык кыргыздар жана Түркияда окуп жүргөн кыргызстандык студенттер чогулуп барып, үйлөрдү тигишип, чыныгы туугандык тилектештикти көрсөтүшү. Алардын ичинде биз дагы бар элек.

- Азыр ушул шартта вандык боордоштор боз үйдү колдонобу? Муктаждык барбы?

- Боз үй айрымдарда эле болбосо, жалпы элде жок. Алар аны үйлөрүнүн жанына тигип коюп, улуттук аздек буюм катары туристтер келгенде көрсөтүшөт. Түркиядагы кыргыздар улуттук маданиятыбызды, каада-салтыбызды, үрп-адаттарыбызды колдон келишинче бөлөктөргө таанытып жатабыз.

- Эми чоң атаңыз жөнүндө кеп кылсак. Азыр сиздин Кыргызстандагы жүргөн иш сапарыңыз да кыргыздардын Памирден Түркиядага көчүп барышынын 40 жылдыгына байланыштуу экен. Ошол көч сиздин эсиңизде барбы? Кантип көчтүңүздөр эле, канча киши көчүп барды эле?

- Ал кезде кичине болсом да эсимде бар. Өзүңүз билесиз, көчмөн элдерде жайлоо, кыштоо деген түшүнүк бар эмеспи. "Ушундай оор иш башыбызга түштү, буякты таштап кетип жатабыз" деп чоңдор бизге айтышкан жок. Бала болгондуктан, кайсы мезгил экендигин да анча элес албаптырбыз, жайлоого көчүп жатабыз деп, жыргап кете бердик. Жүктөрдү ат, төө, топоздорго артып алып жөнөдүк. Бир канча күндөн кийин биз эми бул жакка кайтпайбыз деп айтышты. Малды башка жак менен айдап кетишти. Эки көч болуп жолго чыктык.

- Адегенде Пакистанды көздөй сапар алдыңыздарбы?

- Ооба. Түндөрү эч ким көрбөй турган жерлерде от жагып жылынчубуз. Анда эмне үчүн жашырынып жүрүп жатканыбызды түшүнгөн эмес экенмин. Көрсө, аябай эле кооптуу болуптур. Ошентип, Пакистанга жетип, Пакистан менен Ооганстандын чегиндеги Имит деген жерде бир канча күн турдук. Имиттен кийин Пакистандын Гилгит деген шаарына барып, ошоякта жайгаштык. Ошол жерде бир дарыя бар, азыр атын унутуп калып жатам, көпчүлүк ошонун жээгиндеги чатырлардан англис тилинде кэмб (camp - лагер) деп коёт, биз өз тилибизде камп деп алган элек, ошондон орун-очок алды. Биз, атам, чоң атам шаарда, үйдө жашадык. Сабак бүтөрү менен эле ошол кэмпке барып, тууган-укуктар менен ойноп жүрчүбүз.

- Ал жерде канча турдуңуздар? Ванга качан кеттиңиздер?

- Пакистанда төрт жыл жашадык. Төрт жыл ичинде ал жердин салт-санаасына, тиричилигине көнүп, жергиликтүү эл катары эле жашай баштадык. Албетте, кыйынчылыктар болду, ысык-суугуна көнө алган жокпуз. Андан сырткары, биз мектепке барып окуй баштадык.

- Кайсы тилде окудуңуздар?

- Урду тилинде. Мен азыр кээде кыздарыма "бул андай, бул мындай" деп, каламдын, ручканын түрүн тоготпойсуңар. Бизде ручка деген жок эле, сыртта, жерге отуруп, бир тактайыбыз бар эле, ошондо эле жазчубуз" деп айтып калам.

Гилгит шаарында түрк тилдүү элдерден уйгурлар бар болчу. Алардын арасында да чоң атамдын тааныш-билиштери бар эле. Келип катышып турушчу. Жергиликтүү эл башылар да чоң атамды тааныгандыктан, аны сыйлашчу. Бул жагынан кыйынчылык болгон жок. Эл өзү жумуш таап иштеп, жан багып жатты.

- Чоң атаңыз Рахманкул ханды ээрчип көчкөн элдин саны канча бар эле?

- Миң үч жүздөй болчу.

- Сиздер барганда Пакистанда казак, өзбектер да бар бекен?

- Бар экен.

- Алар да качып барыптырбы?

- Ооба. Алардын бөлөк жакка кеткенге мүмкүнчүлүгү жок же ээрчите турган башчысы жок эле. Чоң атам Түркия менен сүйлөшүп, Түркия бизди алып кетүүгө макул болгондо чоң атам "бул жакта жалаң кыргыздар эле эмес, казактар, өзбектер, түркмөндөр да бар. Биздин жалпы саныбыз 4 миңден ашуун. Алып кетсең баарыбызды алып кет" деген экен. Ошол кездеги түрк бийлиги канча киши келсеңер кабыл алабыз деп, чоң атама сөз бериптир. Ошондо биз Түркияга төрт миң чамасында киши келдик. Алардын ичинен миң бир жүз, миң эки жүзү эле кыргыз болчу, калгандары жана айтканымдай, бөлөк элдер эле. Түркияга келгенден кийин туш-тушка тарап кетти. Быйыл катуу жер титиреген Хатай, Шанлыурфа шаарларына кетишти. Өкүнүчтүүсү, Шанлыурфада өзбек туугандардан да кайтыш болушту. 

- Кийин, муун алмашкандан кийин алар менен карым-катнаш болбой да калгандыр?

- Ачыгын айтыш керек, биздин алака-катышыбыз болгон жок. Чоң атам бар кезде Түркияга 1955-56-жылдары көчүп келгендердин дээрлик баары келип-кетип турду. Бул жактагы абалыбызды кандай жакшыртабыз деп, кеп-кеңеш курушчу. Чоң атам бир эле кыргыздар үчүн эмес, Түркияда жашаган бардык тектеш туугандар үчүн колунан келгенин жасады десем жаңылбайм.

- Советтик аскерлер 1979-жылы Ооганстанга киргенден кийин журт которупсуздар да. Демек, совет бийлиги коркунуч жаратканбы?

- Ооба, ошондой болду. Чоң атамдын атасы Жапаркул Кокон хандыгы тушунда миң башы кызматын аткарган. Эл башкарып, элдин кызыкчылыгы үчүн жүгүрүп жүргөн киши болгон. Элди башкарган адамдар менен башка элдердин да байланышы болот да. Чоң атамдар орус бийлине каршы чыккан. Алар социализмди жактырган эмес.

Чынын айтыш керек, мен Кыргызстанга бул иш-чара менен келгенде "биз бул жакка чоң атамды актаганы келген эмеспиз" деп айтмакчы элем, бирок айтканга оңуту келбеди. Негизи анын актай тургандай эч кандай күнөөсү жок. Ал жөнүндө көптөгөн китептер жазылган, маалымат жетиштүү.

- Мен сизден бир нерсени тактап сурайын деп жатам. Чоң атаңызды кээ бирөөлөр Сары-Колдо туулган дешсе, айрымдар Улуу Памирде туулган деп талашып келишет. Сиз кандай тактоо киргизет элеңиз?

- Тилекке каршы, жазылган эмес, муну далилдей турган эч маалыматыбыз жок.

- Чоң атаңыз өзү айткан эмес беле?

- Ачыгы, чоң атамдан ал тууралуу сураган эмеспиз. Мындай нерселер менен ишибиз жок эле. Чоң ата-небере катары биздин мамилебиздин чеги бар эле. Чоң атам биз менен дүйнөлүк саясат же башка маселелер тууралуу сүйлөшпөйт эле да.

- Балким, атаңыздан уккандырсыз дегеним?

- Атамдар дале андай нерселер тууралуу көп айта берчү эмес. "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, биз да атабыздан бул жөнүндө тактап сурабаптырбыз. Азыр эми катуу өкүнүп жатам. Өзүм окумуштуу катары көп нерселерди иликтеп-изилдеп баштагадан кийин, аттиң, ушуларды эмне үчүн тактап сурап албадым экен, эмне үчүн жазып албадым экен деп, бушайман болуп жатам.

- Сиз эми бул эки божомолдун кайсынысын туура деп эсептейсиз?

- Китептерде "Мургабда туулган, Памырда туулган, Чоң Алайда туулган" деп жазып, айтып да жүрүшөт. Буга көз карашым мындай: негизи атак-даңкы чыккан, элге пайдасы тийген кишилерди өзүнүкү кылгысы келген салт бар. Мисалы, улуу инсандардын бир канча жерде мүрзөсү бары айтылат. Бул кандайча десең, андай кишилерди ар ким өз жерине тарткысы келет экен. Ошондой эле Рахманкул ханды да биздин жерде төрөлгөн, биздин тууганыбыз деп айтышат. Рахманкул хан менин чоң атам болгону менен ал элдик киши эле да. Ошондуктан мен аны жок, ал жерде төрөлгөн эмес деп, талашып-тартышкым келбейт. Мейли, алар ошентип Рахманкул хан биздин жерде төрөлгөн, бизге таандык деп айта беришсин, жакшы көрө беришсин. Мунун эч кандай зыяны жок.

- Чоң атаңыз эмнеси менен эсиңизде калды? Мекенге, ата журтуна болгон сагынычын, кусасын айтчу беле?

- Небереси катары чоң атабыз менен мамилебиз башкача болчу. Чоң атабыз, аваларыбыз, байкелерибиздин ортосундагы мамиледе кандайдыр бир чектөө бар эле. Мисалы, Пакистандагы биз жашаган үйдө байкелерим мугалимдерден сабак алчу. Мугалимдер атайын келип сабак өтчү. Мен ошолордун да бөлмөсүнө кирчү эмесмин. Анткени бизде тарбия, тартип ушундай эле. Чоң кишилер менен кандай мамиле түзүш керек, өз теңтуштарың менен кандай мамиле түзүш керек экендигин билчүбүз. Андыктан эл башкарган, дүйнө тааныган чоң атабызга барып, аны-муну сурабайт элек.

Ал эми анын бизге, балдарына мамилеси аябай сылык, жылуу-жумшак болчу. Бизди бир нерсеге көнүктүрө турган, келечекте сабак боло турган сөздөрдү айтчу. Биз салам берип, колунан өпкөндөн кийин сөзсүз кулагыбыздан катуу кармап: "Оорудубу, оорудубу?" деп сурачу. Биз "жок" десек, "азаматсыңар" дээр эле. "Кичине ооруса эле, ооруду деп айтпагыла, бул оору эмес" деп койчу. Ошентип, чыдамкайлыкка, сабырдуулукка тарбиялачу.

Кечинде чоң атабыздын буту-колун укалап бергенди аябай жакшы көрчүбүз. Ошол маалда чоң атабыз менен тыгыз байланышта болот элек. Бала болгондуктан, ал кезде көп нерсенин баркына жеткен эмес экенбиз. Ошондо: "Бүгүн эмне кылдың? Сабакка катыштыңбы? Эмне үйрөндүң? Чоңойгондо кандай кесипти тандайсың?" деген суроолорду берчү.

- Былтыр "Азаттыкка" курган маегиңизде Пакистандан Түркияга жер которуп жатканда оболу Алясканы сунушташкан деп айтыпсыз. Ошол тууралуу кеп салсаңыз.

- Албетте, бул дүйнөлүк саясат. Муну Америка сунуштаган экен. Азыр да дүйнө тирешип, олку-солку болуп жатпайбы. Бир жакта Кытай менен Америка, дагы бир жакта орустар менен Европа жаатташып дегендей. Чоң атамдын тааныштары көп эле. Ооганстандын борбору Кабулга барганда чоң атамды элчилер тосуп алышып, ал үчүн атайын чай уюштурушчу. Аябай сыйлашчу. АКШ Сенатында тааныш достору болгон экен. Ошол достору ушуларды Аляскага алып келишибиз керек деп, Сенатта сүйлөп, көп аракет кылган. Бизге Алясканы тааныткан англисче китеп келген. Азыр да менин үйүмдө сакталып турат. Барактары аябай чоң, балыктардын, аюулардын сүрөтү бар.

- Аляска тууралуу алдын ала маалымат беришкен турбайбы?

- Ооба. Жергиликтүү элдерден каттар да келген. Бирөө: "Менин чана сүйрөй турган төрт итим бар, ошолордон берем. Аларды чанага кошконду үйрөтөм" деп жазыптыр. Дагы бирөө "мен Алясканын шартына ылайыктуу чокой, чарык жасай алам, аларды жасаганды үйрөтөм" деп жазыптыр.

- Демек, Аляскага да олуттуу эле сунуш болгон экен да? Бирок чоң атаңыз эмнеси болсо да тектеш, диндеш деп Түркияны тандаган турбайбы?

- Албетте.

- Азыр Памир кыргыздары менен карым-катнаш кандай? Ал жактан Түркияга барып окуган балдар барбы? Андан кийин өзүңүз Памирге бардыңызбы?

- Жок, менин барганга мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Бирок Арып байкем жана башка туугандарым Памирдеги туугандар менен катташып турду. Тажистандын Мургаб району аркылуу катташып турушту. Мурда Ооганстан менен да барып-келишчү. Азыр жакшы, телефон бар. Сүйлөшүп турабыз. Ооруп калган кишилер болсо Түркияга алып келип дарылайбыз. Түрк мамлекети да жардам берет. Сыймыктанып айта турган нерсе, Түрк мамлекетинде кыргыздардын орду бар, алар бизди сыйлашат. Биз дагы Түрк мамлекети үчүн өз мекенибиздей кызмат кылып жатабыз да. Төрт азаматыбыз Түркиянын эгемендигине коркунуч келтиргендер менен согушуп, шейит кеткен. Азыр да чек араны кайтарып турган куралчан кыргыздар бар.

- Сиз Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин чыгармачылыгы жөнүндө илимий эмгек жазып жаткан турбайсызбы. Ошол тууралуу айтып берсеңиз. Ал кишинин чыгармаларына кантип кызыгып калдыңыз? Ал киши көп жыл ушул "Азаттыкта" иштеген. Азыр да радиого чыгып турат.

- Шайлообек Дүйшеевди мен ава дейм, анткени мен ал кишини аябай сыйлайм. Ал кишини эң биринчи мен Сагымбек Момбековдун ырлары аркылуу тааныдым. Сагымбек Момбеков аткарган "Кайдыгерлик", "Эне тилин унуткандар" деген ырларды үзбөй уга берер элем. Көрсө, ал ырлардын автору Шайлообек Дүйшеев авам экен. Ошол, 1993-жылы Шайлообек Дүйшеев авамдын чакан китебин алганмын. Үйдө азыр да сакталуу. Анын ырлары мага катуу таасир этет. Мисалы, "Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да, өз тилинде чардаган бакасы бар" деген саптары бар эмеспи. Мен өз тилим тууралуу кеп кылганда, эң биринчи ушул саптар эске келет. Анан "Чытырмандын Кудайы пил эле эмес, чымындын да жашоого акысы бар" деген саптарын да дайыма мисал келтирем. Мейли аз болсок да, мейли кедей-бай болсок да, биздин да жашоого акыбыз бар да.

Шайлообек Дүйшеев – мен үчүн улуу инсан. Анын өзү менен таанышканга мүмкүнчүлүгүм боло элек. Бирок кайним Уланбек аркылуу "Даңкуу Рахманкул хандын небереси Козубекке" деген кол жазмасы менен берип жиберген китебин түрктөр баш учумда дегендей аздектеп катып жүрөм. Шайлообек Дүйшеев агайдын Чыңгыз Айтматовго арнап жазган "Кудайдын тоосу кулады" деген китеби тууралуу илимий иш жазып жатам. Буякка келе жатканда Шайлообек Дүйшеев авам менен жолугуп, жакындан таанышсам деп да ниет кылып келдим. Ал жөнүндө Түркияда, анан Кыргызстанда да китеп чыгарсам деген ойдомун. Шайлообек Дүйшеевди Түркияга эле эмес, бүт дүйнөгө таанытыш керек, себеби ал улуу акын.

- Буюрса, жүз көрүшүп калат экенсиздер да. Өзүңүз да ыр жазат экенсиз. Кыргыз тилинде жазасызбы?

- Кыргыз жана түрк тилдеринде жазам. Эки тилде эркин жазам. 2005-жылы түрк тилинде китебим чыккан. Андан кийин китеп чыгарганга убакыт болгон жок. Эмгектерим жөнүндө кыскача айта кетсем, Түркияда биринчилерден болуп кыргыз тилинин грамматикасын түрк тилинде бир агай менен чогуу жазып чыктык. Маданият министрлигинин "Түркиядан сырткаркы түрк элдеринин адабияты" деген абдан көлөмдүү эмгеги бар. Мен ошонун кыргыз адабиятына арналган эки томдугун даярдоого да катыштым.

- Чоң маданияты бар элдин арасында жашап жатып, өзүңдүн улуттук баалуулуктарыңды, улуттук тилиңди сактап калуу оңой эмес. Кыргызда "Элүү жылда – эл жаңы" дейт. Ошол жердеги боордоштордун баары эле кыргыз тилине, кыргыз маданиятына, улуттук баалуулуктарга сиздей мамиле кылабы? Бул нерселер жыл өткөн сайын унутулуп бараткан жокпу?

- Муда келген кыргыздар, казактар Түркиянын ар кайсы аймагына тарап кеткен. Ал эми Улуу Памыр деген биздин айыл биздин маданиятыбызды, тилибизди, үрп-адатыбызды коргоп турган чеп сыяктуу. Анткени биз баарыбыз бир жерде топпуз. Шартка байланыштуу жаштардын көбү бөлөк шаарларга жумушка кетет, бирок жай келгенде эле айылга барыш керек деп шылтоо издей баштайбыз. Чөп чабык маалы келди, чөп чабыкка баралы же той бар деп, же дагы башка бир нерсени шылтоо кылып айылга келебиз. Кыргызды кыргыз кылып турган салт-санаа, үрп-адатыбыз баары эле сакталып келе жатат. Бирок түрктөрдө "Өзгөрбөгөн бир гана өзгөрүүнүн өзү" деген сөз бар. Чын эле адам өзгөрөт экен, тили да өзгөрөт экен, кийим-кечеси да өзгөрөт экен. Турган жериңдин шартына жараша кийине баштайт экенсиң, сүйлөй баштайт экенсиң, мамиле кыла баштайт экенсиң. Жашоо жолоюңуз, тамак-аш маданиятыңыз да өзгөрөт экен. Себеби биз, кыргыздар, беш бармак, этти көп жейбиз. Ал эми биз жашаган жерде буларды дайым эле жей албайсың. Оор келет. Жанагы чучукту буякта жыргап жесеңиз, ал жакта антип жей албайсыз. Башыңызды айландырып, күчтүүлүк кылат.

- Демек, турмуш-тиричиликте да акырындап өзгөрүүлөр боло берет экен да.

- Ооба, мунун тескери да жагы бар. Бул токтотуп калууга мүмкүн болбой турган процесс экен. Бирок, Кудайга шүгүр, зарыл улуттук үрп-адаттар сакталып калууда. Кийим-кече жагына келсек, биздин апаларыбыз, эжелерибиз ак жоолук салынып, узун көйнөк кийип, эскиче эле кийинип жүрүшөт. Ал эми жаш кыздарыбыз учурдун талабына ылайык заманбап кийимдерди кийишет. Бул дагы керек. Түркияда бизди жаман көз менен карап, көп өгөйлөшкөн эмес. Ошентсе да биздин түрк элине көнүп, сиңишип кетишибиз узакка созулду. Биз мурда кафелерге кирип отура алчу эмеспиз. Анткени ата-бабаларыбыз биз мусапырбыз, жөн жүрөлү, эч кимге тийишпейли, абайлайлы, көнөлү дешчү. Азыр Кудайга шүгүр, кыргыздын Улуу Памирде туулуп-өскөн жаштары деле Түркиянын шартына көнүп, аралашып кетти. Аскерде кызмат кылгандар бар, университетте сабак бергендер бар, догдур болуп иштегендер бар. Кыскасы, бүт тармакта, Түркиянын жараны катары иштеп жатышат. Бул боюнча эч кандай маселе жок.

- Кыргызстанга бир топ мезгилден бери эми келиптирсиз. Кыргыз боордошторуңуз сизге кандай көрүнүп жатат? Демократия курам деп шымалана киришкен тирикарак элди көрүп жатасызбы же башкача көрүнөбү?

- Муну бир гана өзү туюп-сезген киши билет болуш керек. Биз Кыргызстанга келгенде таптакыр өзгөрүп кетебиз. Жуткан абабыз, көргөн кыргыз журтубуз бизди өзгөртөт. Кемчиликтерибиз, албетте бар. Телегейи тегиз эл болбойт. Бирок артыкчылыктарыбыз да көп. Эң негизгиси, желбиреп турган желегибиз бар, эркинбиз. Биз Түркияда университетте студенттерге сабак өтүп жатканда кыргыз эли Борбор Азиядагы эркиндикти сүйгөн, демократиялуу коом курууга умтулган жана өз укугу үчүн күрөшкөн эл деп айтабыз. Баарына баш ийип көнө берген кул мүнөз эл эмес дейбиз жана биз муну менен сыймыктанабыз. Мисалы, тарыхта эң байыртан кыргыз атын сактап келген да кыргыздар.

Бул мактангандык эмес, чындык. Мен Бишкекке алгач 1992-жылы келгем. Андан кийин да келип-кетип турдум. Жакшы өзгөрүштөр бар. Буюрса, алдыда мындан да жакшы болот. Келечекте Кыргызстан демократиялуу коом курарына, жаштарга айрыкча абдан ишенем. Кыргызстанда жашаган, окуган же Кыргызстанга келип-кеткен кишилерден укканым боюнча кыргыздарга ишенсе болот. Маселен, Түркияда кайсы жумушка кыргыз барса, ага ишенип жумуш берет. Ал сөзүндө турат, жалган айтпайт, алдап кетпейт. "Мен сага өзүмдөй ишенем" деп, кыргыздарга дүкөнүнүн ачкычын таштап кеткендер бар.

- Ылайым сиз айткандай эле зоболобуз көтөрүлө берсин!

- Чындыгында намыскөй элбиз. Азыр өзүңүз жер титирөө болгондо Түркиянын кайсы жеринен болбосун кыргыз студенттер жардамга келип, тамак жасаганы тамак жасап, жардам бергени жардам берип, эчтеке кыла албаганы жөн эле ыйлап отуруптур деп айтып кетпедиңизби. Бул деген кыргыздын улуулугун көрсөтөт, биз улуу элбиз. Ырас, бизде асман мелжиген кооз имараттар, архитектуралык курулуштар, ири ишкана-мекемелер жок. Бирок элдин улуулугу булар менен эле өлчөнбөйт да, кыргыздын улуулугу анын кан-жанында, анын рухунда.

- XX кылымдын башында бизде да совет бийлигине каршы чыккан топтор болгон. Аларды жетимиш жыл бою басмачылар деп атап келдик. Учурда кыргыз парламентинде репрессия курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун карап жатышат. Сиз басмачылык кыймылдар, б.а. Кыргызстанда да сиздин чоң атаңыз сыяктуу эркиндикти, эгемендикти эңсеген топтор болгону жөнүндө качан билдиңиз? Ал жакта бул тууралуу айтылчу беле?

- Ооба, айтылчу. Чоң атамды басмачы деп айтышкан. "Силерди басмачы дешет" дегендерге чоң атам: "Бирөөнүн жерин басып алган басмачыбы же өз жерин коргогон басмачыбы? Ушунун айырмасын айтып берчи. Өз эл-жерин, улутун, каада-салтын коргогон киши кантип басмачы болсун" деп жооп берер эле. Басмачылар да, дагы башка репрессия курмандыктары да эркиндик үчүн күрөшкөн да. Кээде социалдык тармактарда алар "өлтүргөн, сойгон" дегендерди окуп калам. Бирок алардын баары эле жаман болгон эмес да. Алардын да түпкү максаты эркиндик үчүн күрөшүү болгон. Эч качан өз мекени үчүн күрөшкөндөр басмачы эмес. Аларды совет бийлиги ушинтип атап, жок жерден жаманаты кылган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Поссорившиеся супруги оставили младенца на крыльце магазина в Москве

Готовность поликлиники в ЖК «Пригород Лесное» достигла 70%

Более 2,5 тыс человек посетили «Ночь музеев» в Ленинском округе

Передел рынка или приведение в порядок сферы? В Екатеринбурге приняли судьбоносное решение по нестационарной торговле

Музыкальные новости

NYT: встреча Путина и Си Цзиньпина показала непоколебимость поддержки РФ Китаем

Применим ли ЦФА для венчура в России?

Азербайджанцев оправдали за убийство спортсмена Евгения Кушнира в Самарской области. Делом заинтересовался глава Следкома РФ А. Бастрыкин

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Новости России

Неизвестные застрелили собаку жительницы горокруга Шатура

Смартфон как личный брокер

Аналитики: зарплату больше 100 тысяч рублей красноярцы будут получать через пять лет

«Айбат»? В России собираются выпустить автомобиль под названием i-Bat

Экология в России и мире

Как поделиться местоположением в WhatsApp: пошаговое руководство

Лукашенко лоббирует интересы Алиева по изоляции Армении

В Турции в ужасе удивились: сотни нелегальных отелей как ни в чем не бывало принимают туристов и выставляются на площадках бронирования

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Спорт в России и мире

Потапова не смогла пробиться во второй круг турнира WTA в Страсбурге

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Moscow.media

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Работники АО "ДиМ" приняли участие во всероссийском полумарафоне

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

В деле об убийстве в Екатеринбурге шестилетнего мальчика появился третий фигурант











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Москве 20 — 23 июня проведут фестиваль «Традиции и современность»

Фонтан высотой в 7 этажей забил в Марьине из-за коммунальной аварии

В Казани гала-концерт «Юные виртуозы Казани — 2024» состоится 5 июня

Неизвестные застрелили собаку жительницы горокруга Шатура