Мы в Telegram
Добавить новость

Фонтан высотой в 7 этажей забил в Марьине из-за коммунальной аварии

Сообщений о неисправных кровлях в Подмосковье стало меньше на 19% за неделю

Афганец, напавший с ножом на студентку в Москве, лечился в психбольнице

Шанс на уникальную карьеру. Десять детей получат балетный грант

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жер мунапысы: Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үй, көчөдө калган төрт бала

Жер мунапысы: Ак-Ордодо түрттүрүлгөн үй, көчөдө калган төрт бала

Ак-Ордо конушунун жашоочусу Марал Шаболотова 1-мартта төрт баласы менен көчөдө калды. Буга Жогорку Соттун чечиминен кийин сот аткаруучулар келип, ал жашап жаткан үйдү сүрдүрүп салганы себеп болду. 3-мартта Маралдын үйүнүн жанына конуш тургундары топтолуп, эки кишини ташбараңга алууга аракет кылышты. Чогулгандар мындай мамилеге нааразылык билдирип, жер мунапысы коррупцияга жол ачканын билдиришти.

Төрт баласы менен бара турган жери жок көчөдө калган Марал Шаболотованын айтымында, үйү турган жерди 2012-жылы ишеним каттын негизинде сатып алган. Бирок 2018-жылы коңшусу Толкун Самудинова кызыл китеби бар экенин айтып, андан үй турган жерди талаша баштаган. Чыр ушул жылдын 1-октябрында Жогорку Сотко жетип, иш Толкун Самудинованын пайдасына чечилген.

"Жашап аткан үйүмдү кошунам түрттүрүп салды. Жогорку Сот 2022-жылдын 1-октябрында чыгарган чечимди сот аткаруучулар ишке ашырды. Үйдү түрттүрүп жатканда жолдошум ооруканада, мен жумушта элем. Үйдө беш жана үч жаштагы эки баламды пенсиядагы апам карап калган. Апам "кое тургула, кызым келсин" деп суранган экен. Ага карабай эшикти талкалап киришип, апамды сүйрөп чыгышыптыр. Мен жумуштан жетип келсем, тамдын бир эле бөлмөсү калыптыр. Азыр ким "менин үйүмө түнөп кет" десе, ошол жерде жашап атабыз, күндүз ушул жерде эле күнүбүз өтөт. Улуураак эки балам окууга бара албай калды. Буга чейин үй турган жерге мунапыс алуу үчүн документ топтогом. Айыл өкмөткө тапшырсам, "аз күндө колуңа кызыл китеп тиет" дешкен".

Бишкектин жака белиндеги Ак-Ордо конушундагы төрт сотых жерди Марал 2012-жылы жеке колдон сатып алып, бир жылдан кийин эки бөлмөлүү үй тургузган.

Бирок келиндин жерин соңку беш жылдан бери коңшусу талашып, соттук териштирүүлөр жүрүп келген.

Сотто утуп алган Толкун Самудинова бузулган үй турган жер ага караштуу экенин айтууда. Анын белгилешинче, 2013-жылы Сокулуктун Новопавловка айыл өкмөтү ага жерге ээлик кылганын ырастаган чечим чыгарып берген, 2017-жылы колуна кызыл китеп тийген.

"Талашка түшкөн бул жер трансформация болгонун билбей, түшүнбөй жатат, жер айыл чарба багытында эмес. Мага беш жолу атайы комиссия келип текшерип, топосъемка да жасаган. Жер алуу үчүн 2005-жылдан бери айыл өкмөттө кезекте туруп, 2009-жылы Марал Шаболотова талашып аткан жер мага тийген болчу. Өзүм жашаган үй күйөөмө таандык жерде турат, себеби ал да ушул жерди кезекке туруп алган. Ошол жылдары таанышканбыз. 2017-жылы жерге кызыл китеп алдым. Меники бардык жагынан мыйзамдуу. Марал менен бир пикирге келип, сүйлөшүүгө аракет кылдым. Үй сала баштаганда мыйзамсыз экенин эскерткем, уккан жок. 10 миң доллар берейин, жерди бошотуп бер дегениме да көнбөдү. Мен бул жерди сатып, башка жакка кетем".

Сокулук райондук кадастр филиалынын башчысы Айтмамат Шоруков "Азаттыкка" үй бузулган аймак трансформация болгону азырынча белгисиз экенин, бирок Самудинованын колундагы кызыл китепте "айыл чарба багытындагы жер" деп жазылып турганын билдирди. Ал маселенин чоо-жайын дагы аныктай турганын айтты.

Ак-Ордо конушунун айрым тургундары 3-мартта үй түрттүрүлгөн жерге чогулуп, бийлик өкүлдөрүнөн окуяны мыйзамдын негизинде адилеттүү териштирүүнү талап кылышты.

Эл чогулган жерге Сокулук районунун милиция башчысы, район акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук районунун кадастр филиалынын башчысынын милдетин аткарып турган Айтмамат Шоруков келди.

Топтолгон эл квартал башчысы Тилек Койбагаровду "жер сатуу мафиясына аралашкан" деген жүйө менен ташбараңга алмай болгондо аны милиция куткарып кетүүгө үлгүрдү.

Чогулгандар ошондой эле соттон жеңип чыгып, кошунасынын үйүн сот аткаруучуларга түрттүргөн Толкун Самудинованы да ур-тепкиге алышты. Ал жашаган үйгө кирүүгө аракет кылышканда милиция токтотуп калды.

Район акими Курбанбек Айтибаев чогулгандарды тынчтандырып, бардык маселени мыйзам чегинде чечүүгө аракет кыларын, ага чейин көчөдө калган үй-бүлөгө убактылуу жашап туруу үчүн контейнер берилип, электр жарыгы, суусу калыбына келтирилерин убада кылды.

Чогулгандардын бири Мирбек Осмонов президент Садыр Жапаровдун жер мунапысы жөнүндө жобосу чыккандан бери жер саткандардын "соодасы" кызып, мындан улам коррупция күчөгөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

"Убагында жер саткычтар ынтымакташып иштеп, ортомчулар аркылуу 10-15 гектар жерлер менчикке өтүп кетти. Маселенин баары ошондо жатат. Себеби, дал ошол адамдар элге ишеним кат менен жер саткандан кийин мурда өзү иштешкен ортомчуларды жокко чыгарып, жер алгандарга "сага мен саткан эмесмин" деп танып жатышат. Алар "ким ишеним кат берсе, ошондон сурап ал" дегенге чейин барышууда. Айласы кеткендер тамы салынып калган жердин башын бошотуп алуу үчүн аларга 500-1000 доллар чейин берип, камактан чыгарып, кээси кайрадан сатып алууга аргасыз болууда. Чоң коррупцияга жол ачылды, жер мунапысына байланыштуу жободо "жеке менчик ээсинин каалоосу менен" деген бөлүк элди кыйнап атат. Ортомчуларын жокко чыгарган көк китептин ээлери ортодон акча жасап, ансыз да кыйналган элдин жонунан кайыш тилүүдө. Азыр 15 миң түтүн жашаган Ак-Ордо боюнча болгону 300гө жетпеген киши кызыл китеп алды. Мындай көрүнүш улана берсе, эл толкуйт".

Элдин мүлкүнө кызыл китеп берүүнү тездетүү талабын айткан тургундар Сокулук районунун акимине тилкат жаздыртып алды. Анда аким жерлерди мыйзамдаштырууга активдүү катышып, элдин колуна документ берүүге аракет кылуу милдетин алган.

Үйсүз калган Марал Шаболотовага коңшулары акчалай жардам чогултуп, ашар жолу менен ошол эле жерге үй салып берүүнү көздөп атышат. Банктык эсеп ачышып, элден да жардам сурай турганын билдиришти.

"Азаттык" бул окуянын жүрүшүнө мындан ары да көз салып турмакчы.

Жер мунапысына байланыштуу нааразы тараптар буга чейин да чогулган. Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургундары февраль айынын экинчи жарымында Чүй облустук адмиинстрациясынын алдына, 2-мартта Башкы прокуратуранын алдына акцияга чыгышкан. Анда алар кызыл китеп берүү боюнча тизмеде белгисиз адамдардын да аты-жөнү тизмеге илингенин айткан болчу.

Жер мунапысынын таржымалы

Кыргызстанда былтыр жарыяланган жер мунапысы алкагында 546 гектар жер трансформация болгонун айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов 22-февралда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып билдирген.

Анын айтымында, жалпысынан 89 миңден ашуун арыз түшкөн, аларды райондук акимчиликтерде түзүлгөн атайын комиссиялар карап жатышат. Соңку маалымат боюнча, 12 миң 441 техникалык паспорт берилди.

2021-жылдын 18-ноябрында Бишкектин четиндеги конуштардын биринде жашаган тургундар өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, жер тилкелерин мыйзамдаштырууну талап кылышкан. Алар менен жолуккан президент Садыр Жапаров тийиштүү адистер менен иш жүргүзүлүп жатканын, бул процессти 2022-жылдын 1-апрелине чейин жыйынтыктоо керектигин белгилеген жана мындан ары жер басып алгандар жоопко тартыларын айткан.

Натыйжада “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” деген мыйзам ошол жылдын 17-мартында Жогорку Кеңеште кабыл алынып, 5-апрелде ага президент кол койгондон кийин күчүнө кирген. Мыйзам 2021-жылдын 1-декабрына чейин үй салынып калган жер тилкелерин камтыйт.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, жер мунапысы алкагында 142 миң 337 тилке, башкача айтканда, 29 миң 872 гектар жер трансформация болору каралган.

Кыргызстан боюнча миңдеген гектар жер кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөнү менен чынында там салынып, конуштар пайда болгон. Алардын көбүн 2010-жылы бийлик алмашуудан кийинки башаламандык учурунда басып алып, кийин ар кимге сатып жиберишкен.

Мындан тышкары Кыргызстанда 2021-жылы 15-августта "Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, 1,5 миң гектар жерге документ берилери айтылган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Команда Карлсона назвала ложью сообщения о запуске его авторского телешоу в РФ

Фонтан высотой в 7 этажей забил в Марьине из-за коммунальной аварии

Шанс на уникальную карьеру. Десять детей получат балетный грант

Афганец, напавший с ножом на студентку в Москве, лечился в психбольнице

Музыкальные новости

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Появился трейлер исторического детектива «Плевако» с Сергеем Безруковым в роли легендарного российского адвоката

Разгром в Москве и драма в Сочи: «Динамо» без труда сохранило лидерство, но «Краснодар» остался в гонке за золото РПЛ

ЦСКА и "Нижний Новгород" забили 8 голов в матче РПЛ

Новости России

Собянин: Дни открытых дверей в колледжах познакомят школьников с 171 профессией

Не последний прыжок: что нужно знать о безопасном бейсджампинге

Более 600 навалов мусора устранено в Подмосковье на прошлой неделе

Узбекистан намерен войти в проект Шах-Дениз на Каспии

Экология в России и мире

Осторожно ВПЧ! Доктор Кутушов рассказал от чего появляются папилломы на теле

Дорожные ирригаторы Revyline RL 660 New Black скоро появятся в представительстве бренда в Улан-Удэ

В Турции в ужасе удивились: сотни нелегальных отелей как ни в чем не бывало принимают туристов и выставляются на площадках бронирования

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Спорт в России и мире

Теннисисты Роджер Федерер и Рафаэль Надаль стали лицами рекламной кампании Louis Vuitton

Потапова проиграла на старте турнира WTA-500 в Страсбурге

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Теннисиста Медведева выбили из топ-4 ATP

Moscow.media

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Сообщений о неисправных кровлях в Подмосковье стало меньше на 19% за неделю

Более 600 навалов мусора устранено в Подмосковье на прошлой неделе

В колледже Подмосковья начнут подготавливать будущих железнодорожников

Афганец, напавший с ножом на студентку в Москве, лечился в психбольнице