Мы в Telegram
Добавить новость

Более 550 отмосток МКД отремонтировали УК Подмосковья с начала года

Мучается от боли. Новые факты о нападении афганца на студентку в Москве

Минобороны РФ уточнит линию госграницы в Калининградской области

«Ялган ана эше» – әни кеше үсмер кызы тапкан баланы чит хатынга тапшырган

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

“Не сахар”: эки депутат бири-бирин айыптады  

“Не сахар”: эки депутат бири-бирин айыптады  

“Не сахар” долбоору боюнча Жогорку Кеңештин эки депутаты бири-бирин айыптады. Эл өкүлү Элвира Сурабалдиева “Не сахардын” кызматкерлери ишкерлердин укугун бузуп жатканын, долбоорго коллегасынын байланышы бар экенин айтты. Анын негиздөөчүсү, депутат Эрулан Көкүлов “Не сахарга” азыр тиешеси жок экенин, тескерисинче ага басым болуп жатканын билдирди.

Талкууга себеп болгон чыгарылыш

Апта башында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Ютубдагы “Не сахар” долбоору боюнча маселе көтөргөн. Ал долбоордун кызматкерлери мыйзамдарды бузуп ишканаларга камера менен кирип тартышарын айтып, жеке менчикке болгон мындай мамилени сынга алган. “Не сахарга” парламент депутатынын тиешеси бар экенин билдирип бирок анын атын атаган эмес.

“Не сахар” долбоорун Жогорку Кеңештин ушул таптагы депутаты Эрулан Көкүлов түптөгөн жана мандат алганга чейин программаны бир нече жыл алып барган. Ал көп өтпөй Элвира Сурабалдиеванын билдирүүсүнө социалдык тармактагы баракчаларынан жооп берди. “Не сахар” долбооруна азыр тиешеси жок экенин, депутат болуп шайлангандан кийин өткөрүп бергенин билдирди.

“Не сахар” долбооруна эл тараза. Ал бир нерсени туура эмес кылса, эл өзү эле таразалап коёт. Экинчиден, “Не сахардын” алып баруучусу кылып жаткан ишти ар бир адам кыла алат. Бул алардын укугу. Журналист эле эмес, бардык жарандар жеп аткан тамак-ашы кандай жерде жасаларын билсе болот. Менин жашоомдо таң кала турган нерселер болуп атат. Кечээги сөз мага басым болуп аткандай сезилди. Акыркы маалда журналисттер да ар кайсыны ойлоп таап, бир нерселерди чыгарышууда. Кесиптешимдин айткан сөздөрү да ушундай ойго түртүп атат”.

“Не сахардын” айланасындагы талкуу долбоордун "Айчүрөк" соода борборундагы (ЦУМ) тамактануучу жайлардан тарткан программасынан кийин башталды.

10-февралда чыккан видео материалда “Не сахардын” алып баруучусу Умар Дадановдун KFC тез татым жайына барганын көрүүгө болот. KFCнин кызматкери журналисттен медициналык китепчени талап кылып, тамак даярдалуучу жайга киргизүүдөн баш тарткан. Алып баруучу кызматтык күбөлүгүн гана көрсөтүп, тез татым жайына кирип санитардык абалын тартып чыккан.

Элвира Сурабалдиева “Не сахарга” байланыштуу “Арча медиа” порталына маек куруп, Эрулан Көкүловдун билдирүүсү жана долбоор тууралуу кайра комментарий берди.

“Мага басым болуп атат” деген кесиптешим башка суроого жооп берсин. Ал 1,5 жылдан бери парламентте отурат. Бизде көзөмөл жүргүзө турган Санэпидемстанция бар. Алар жумушун аткарбаса, “Биз ушул долбоор менен көп нерселерди ачып атабыз. Ошого чара көрбөй жатасыңар?” деп 1,5 жылдан бери бир жолу маселе көтөрүп койбойбу? Сиз бирөөнүн үйүнө жөн эле кирип барбайсыз да. Укук коргоо органдары террористтерди, ӨКМ өрткө каршы чараларды, Санэпидемстанция тазалыкты текшериш керек. Иштебей жатса, жетекчилерин кызматтан алыш керек”.

Элвира Сурабалдиева “Не сахар” долбоорун популизмге айыптады. Көп өтпөй “Не сахардын” кызматкерлери депутаттын үй-бүлөсүнө таандык “Кудайберген” базарын тартуу үчүн барышкан. Автотектиктер сатылган базардын күзөтчүлөрү менен долбоордун кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан.

“Не сахар” долбоорунун алып баруучусу Умар Даданов парламентте айтылган сын-пикир боюнча “Азаттыкка” мындай комментарий берди:

“Биз “Алькони” сыяктуу иштерди ачыктап, ишкерлердин оңолушуна салым кошуп жатабыз. Эч кандай популизм жок. Тескерисинче, депутаттар бизди колдосо болмок. Ар бир колдонуучунун тамактанган жайдын ашканасын көрүүгө укугу бар. Алар медициналык китепче сураганга акысы жок. Алар өз эрежесин мыйзамдан өйдө коюп алышкан”.

Ютубда 600 миңдей катталуучусу бар “Не сахар” долбоору тамак-аш, ар кандай товарлардын талапка жооп берүүсүн текшерет. Тез тамактануучу жайларда түзүлгөн шарттар, сапатсыз эт азыктары тууралуу видеолор коомчулукта талкуу жаратып келет. Ишканаларды тартуу учурунда күзөтчүлөр жана кызматкерлер менен урушуп, жулмалашкан окуялар көп.

2021-жылы “Не сахардын” ошол кездеги алып баруучусу Эрулан Көкүлов Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө күбө катары сурак берип чыккан. Сөз болуп жаткан долбоор аркылуу аты чыккан Эрулан Көкүлов 2021-жылдын аягында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына депутат болуп шайланган.

“Эреже бузулганын аныкташ үчүн эреже бузулбаш керек”

Талаштын бутасында калган долбоордун айланасындагы талкуу Кыргызстандагы блогерлердин укук милдети боюнча маселени көтөрдү. Юрист Эржан Кайыпов бул тууралуу “Азаттыкка” пикири менен бөлүштү.

“Блогерлер өздөрү да эрежени сакташы керек. Акыркы чуу жараткан окуяда кызматкер журналисттен медициналык китепчесин талап кылды. Анткени ашканага кириш үчүн адамда медициналык китепчеси болушу керек. Халат жана башка талап кылынган эрежелерди да сакташы зарыл. Бирок алып баруучу “Биз “Не сахардан” келдик. Кыйынбыз” дегендей кылып жулунуп эле кирип кетишти. Бул туура эмес. Анда эртең баарыбыз эле ар кимдин ашканасына кирип текшере берели. Эреже бузулганын аныкташ үчүн эреже бузуп атпайбы. Мунун кереги жок. Эрежени сактап туруп анан иш кылыш керек. Акыркы учурда алып баруучулар өзүн орой алып жүрүп, эл көрсүн деп “хайп” кылып калышты. Кээ бир блогерлер ушундай кылсам депутат болот экенмин деп ойлойт экен”.

Акыркы жылдары Кыргызстанда мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыздыкты, коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык абалды тарткан блогерлер көбөйдү. Алардын бири журналист Улукбек Карыбек уулу мамлекеттик органдардагы анын ичинде медициналык мекемелердеги жемкорлук тууралуу бир нече программа тартып чыгарып келет.

“Бул адамдардын укугун коргоонун бир жолу болуп калды. Алар прокуратурага, милицияга, айыл өкмөт, акимге барса укпаса айласы кетип бизге кайрылат да. Мындай кайрылуулар миңдеп саналат. Өкмөткө, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иштерине коомдук көзөмөл болуп калды. Биз тартып кеткенден кийин маселе толук чечилип кетпесе да ага жетекчилер реакция кылып, алды жоопко тартылып атат. Азыр блогерлер эле эмес бардык элек кайдыгер эмес адамдар мыйзамсыз иштерди чөнтөк телефонуна тартып Интернетке чыгарып маселелер чечилип калууда”.

Кыргызстанда жарандык активтүүлүктүн бул түрү биринчи МАИ кызматкерлеринин укук бузууларын аныктоодон башталган. Блогерлер айдоочулардан мыйзамсыз акча алган кызматкерлерди видеого тартып коомго ашкере кылган окуялар көп. Бирок алардын өзүн алып жүрүүсү, жеке мүлккө болгон мамилеси боюнча кайчы пикирлер айтылып келет.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Глава Лобни провела совещание по вопросам благоустройства в городе

Казанскую икону Божией Матери встретили нижегородские православные

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Дипломатическая битва космического масштаба // Как Россия и США продвигали в ООН конкурирующие резолюции по оружию в космосе

Музыкальные новости

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Путин назвал президента Раиси надежным партнером России

В Санкт-Петербург прошел ХIХ Санкт-Петербургский международный книжный салон

Минское «Динамо» одолело «Шахтер» на финише 9-го тура чемпионата Беларуси

Новости России

Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Блинкен заявил, что народ Ирана выиграл от гибели президента Раиси

"Резкого изменения внешнего политического курса мы не увидим". Эксперты о судьбе Ирана после гибели Раиси

Дипломатическая битва космического масштаба // Как Россия и США продвигали в ООН конкурирующие резолюции по оружию в космосе

Экология в России и мире

Почему употребляющим алкоголь и желающим похудеть надо каждый день пить томатный сок: раскрыта его невероятная польза

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)

Создание Сайтов. Создание веб сайта. Создание сайта html. Создание сайтов цена. Создание и продвижение сайтов. Создание сайта с нуля. Создание интернет сайта.

Сотрудники отеля Yalta Intourist поздравили ветеранов с Днём Великой Победы

Спорт в России и мире

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Даниил Медведев идет третьим в чемпионской гонке ATP, Андрей Рублев — пятый

Касаткина, Андреева и Кудерметова — в тройке лидеров в борьбе за звание лучшей теннисистки

Moscow.media

Курайская степь.

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

АО «ДиМ» демонтировало 40% старого путепровода над железнодорожными путями











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Казанскую икону Божией Матери встретили нижегородские православные

Военно-патриотическая игра «Тропа разведчика» прошла в Мытищах

Воробьев рассказал об уникальности аграрного хозяйства «Кузьминский»

Более 550 отмосток МКД отремонтировали УК Подмосковья с начала года