Мы в Telegram
Добавить новость

Волгоградская клумба из 250 цветов покоряет сердца гостей на форуме на ВДНХ

Подмосковная «Единая Россия» подвела итоги конкурса «Победный май»

Команда Карлсона назвала ложью сообщения о запуске его авторского телешоу в РФ

Научно-практическая конференция для школьников прошла в Воскресенске

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дубайдагы жолугушуу Бакиевдин маселесин көтөрдү

Дубайдагы жолугушуу Бакиевдин маселесин көтөрдү

"Мекен шейиттери" уюму Дубайда өткөн Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттердин жолугушуусуна Курманбек Бакиевдин катышканын сындап чыкты. Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү таратып, "Жапаровдун мурдагы президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок" экенин билдирди. Ал арада бул жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаевден сырткары Аскар Акаев дагы үн катты.

"Апрель окуяларына байланыштуу алты жыл сот болду"

Дубайда кыргыз президенттеринин жолугушуусуна Курманбек Бакиев дагы катышканын 2010-жылы кандуу Апрель окуяларынан кийин түзүлгөн "Мекен шейиттери" коомдук уюму сындап чыкты. Бирикменин теңтөрагасы Арстанбек Сагындыков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, оор кылмыштарга айыпталып, соттолгон адам жазасын алышы керектигин билдирди. Ал буга байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдонорун билдирди.

"Курманбек Бакиевди бул жакта биз дагы күтүп жатабыз, ал келери менен түрмөгө отурушу керек. Апрель окуяларына байланыштуу алты жыл сот болду, соттун бардык инстанцияларынын чечимдери чыкты. Бакиев 30 жылга кесилген, иниси болсо өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Максим Бакиев дагы 30 жылга кесилген. Ошолордун баары аткарылышы керек. Мына, 7-аперледе 87 бала каза болду. Менин уулум дагы каза болгон. Ошондон бери жарадарлар дагы көз жуумп, бүгүнкү күндө 125 адамга жетти. Ошол окуяда 500дөн ашык адам жарадар болду, 145 бала жетим, 100дөн ашык келин жесир калды. Алардын баары эмне болот? Бакиевди жөн эле кечирип коюш керекпи? Бакиевди кечирип, ынтымакка келсек эле жашообуз оңолуп кетеби? Биз аны эч качан кечирбейбиз. Бакиев мамлекетке эч жакшылык алып келбейт. Өзүнүн элин атып, кырып кеткен адамдан кандай жакшылык күтсө болот? Апрель окуяларына чейин анын тушунда канча адам өлтүрүлдү? Келсин, бирок түрмөгө келип отурсун",-деди Сагындыков.

Аталган уюмдун теңтөрайымы Нурия Айдабосунова дагы 2010-жылы 7-апрелдеги кандуу окуяларда уулунан айрылган. Ал Садыр Жапаров президенттер менен жолугушканда элдин пикири менен эсептешкен жок деген ойдо.

"Ошол окуяларга мына 13 жыл болуп калды. Убакыт унуттурат деп коюшат, бирок мындай окуялар эч качан унутулбайт. Биздин балдар таламандын так түшүндө, элдин көзүнчө, аянтта атылып жатат. Ошого ошол маалдагы президент жеткизген. Элди кара чымын катары кабыл алган адамдардан эмне жакшылык күтсө болот? Андан кийинки президенттер, азыркысы деле мындан чоң жыйынтык чыгарышы керек. Президенттерди бириктирсе ынтымак болуп калат дейт. Эл негизи өзү эч качан бөлүнбөйт, элди жогору жактагылар болот. Садыр Жапаровдун ошол жакта Бакиев менен жолукканын кандайдыр бир деңгээлде сабатсыздык деп дагы айтса болот. Ал күнөөсү коюлуп, соттолгон киши. Мамлекетке зыян келтиргени ачык айтылган. Ошонун баарын тең эле кантип унутуп калышат? Азыр 10 жылдан ашык убакыт өтсө дагы Бакиевди көргүсү дагы, уккусу дагы келбеген адамдар бар".

"Мамиле териштирүү эмес, мекенибиздин бакубаттуулугу"

Дубайдагы жолугушуу тууралуу талаш-талкууларга байланыштуу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев учкай комментарий берди. Ал 20-февралда Фейсбуктагы баракчасына "Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты. Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү",-деп жазды.

"Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек. Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда. Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет",-деп айтылат билдирүүдө.

Буга удаа эле президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков дагы талаш-талкуу жараткан жолугушуу тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолугушууну "саналуу топ гана сындап жатканын" билдирди.

"Мындай күтүүсүз кабар көпчүлүккө жагымдуу болду, кубануу менен талкуулап жатканын байкап жатабыз. Бирок, саналуу топ тарабынан талаш-тартыштар жаралып, негизсиз тыянак чыгаруулар орун алып жатканын көрүп жатабыз. Президент мурдагы эл башчылары менен эмне себептен бир тегерек столго чогулганын, негизги максатын өзүнүн билдирүүсүндө ачык айтты. Анда, мурдагы президенттердин кайсыл бирин мыйзам жоопкерчилигинен бошотуп, аларды өлкөгө кайтарып келүү жөнүндө сөз айтылган жок. Садыр Жапаров өткөн кеткенге кылчайбай, мамлекет башчысы катары тарых алдында жана келечек муун алдында өз вазыйпасын аткарды. Мындан кыйкым издеп, президенттин элди ынтымака чакырган ниетин кайра тескери жакка буруп, ич ара бөлүнүп-жарылып, тирешти ого бетер козутпайлы. Мамлекет башчынын жакшы ниетин колдогондун ордуна, кайра аркы же берки өйүз болуп, акыйнек айтышып отурганыбыздын өзү, тарыхы бай, айкөл эл катары, улут катары бизди кооздобойт",-деди Орунбеков.

Дубайдагы жолугушуунун айрым жагдайлары

Ал арада Дубайдагы жолугушуунун айрым жагдайлары белгилүү боло баштады. Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов президенттердин кездешүүсүн кездешүүү уюштургандарга жакын булакка таянып Алмазбек Атамбаев жолугушуунун бүтүшүн күтпөй кетип калганын билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына Курманбек Бакиевге кечирим берилип, мекенине кайтарылышы ыктымал деген сөз болбогонун белгиледи.

"Жолугушууну уюштургандарга жакын булактардан алынган маалыматка ылайык, анын (Курманбек Бакиевдин - ред) кайтып келиши, анан калса кандайдыр бир мунапыс, же юридикалык, же соттук жол-жобосу жок эле кечирим тууралуу сөз дагы болушу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Жапаров Бакиевге айтыптыр. Ак үйдүн мурдагы кожоюндарынын жолугушуусу төрт сааттан ашыптыр, анан чынында эле эмоционалдуу болуптур. Көрсө, Жапаров Дубайдагы жолугушуунун алдында, бир канча апта мурун төртүнчү жана бешинчи президенттерди, Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековду кайсы бир деңгээлде жараштырыптыр. Бул болсо өз кезегинде алтылыктын жолугушуусуна жол ачыптыр. Биздин булактарга ылайык, Садыр Жапаров мунасага келүүнү көксөп жатканын көрсөтүш үчүн Атамбаеге ал президент болуп турганда аны жана анын бир канча жакын тууганын түрмөгө отургузганы үчүн кек сактабасын айтыптыр. Төртүнчү президент ал болбосо Жапаров алтынчы президент болмок эместигин айтып адатынча катуу тамашалаптыр. Бул жолугушуу тууралуу жалгыз Атамбаев эле үн катып, ал эрте эле кетип калганын айтыптыр. Ал чынында эле ажаатканага барарын айтып чыгып кеткен бойдон келбептир. Садыр Жапаровдун бул жолугушууга Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Таишев менен чогуу катышканы алардын Кыргызстандагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын, анын ичинде аймактагы коңшулар менен мамилени жөнгө салганын көрсөткүсү келгенинде болду окшойт",-деп жазды Дубнов.

Деген менен талдоосу Нурсултан Акылбектин баамында, коомдук пикир жолугушууну уюштургандар оюндагыдай болбой калды.

"Бул жолугушуу бир чоң "ва-банк" болду. Бирок бийлик президенттердин баарын чогултуп жатып, анын жалаң гана жакшы жактарын көрүп, терс таасири болушу мүмкүндүгүн көңүл сыртында калтырды. "Баарын бириктирем, беш президент тең макул болсо алардын үстүнөн мен болуп калам" деген мааниде жүрдү. Коомдук реакцияларда президенттин администрациясы уттуруп жатат. Алар мындайды күтпөсө керек. Дубнов аркылуу жооп берилгени бул бир эле коомго эмес, Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө дагы жооп болду. Садыр Жапаров "баарын бириктирдим, баары макул болду, кечириштик, ынтымакта жашайлы" деди эле. Атамбаев болсо "ынтымакты колдойм, бирок Бакиевдерди кечирүү, актоо, алып келүү деген башка нерсе" дегендей билдирүү жасады. Садыр Жапаров баары бири-бирин кечирди деди. Бирок бул жердеги эң чоң ката - эл аларды кечиреби деген суроого маани бербегенинде болду окшойт".

Ал арада Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин Дубайдагы жолугушуу тууралуу каты жарыяланды. Анда мамлекет башчыларынын кездешүүсүн тарыхый окуя катары сыпаттап, мамлекеттүүлүктү бекемдей турган аракет экенин жазган. Ал эми Садыр Жапаровду "саясий даанышмандык жана адамдык айкөлдүктү көрсөттү” деп мактап өткөн.

“Албетте, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдиги жана ырааттуулук – өлкө президентинин конституциялык негизги жана түз милдети. Ал бул милдетин иш жүзүндө толук кандуу аткара баштаганы кубандырат. Жеке мен Кыргызстандын келечеги жана кыргыз коомун бекемдөө жана туруктуулук үчүн бул демилгени колдоп, кесиптештеримди дагы макул болууга чакырдым”, - деп жазылган катта.

Буга чейин жолугушуу тууралуу Алмазбек Атамбаев гана үн каткан. Ал мурдагы президенттер чогулганы тууралуу алдын ала кабары болбогонун, аны "президент Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болот" деп чакырышканын билдирген.

“Өлкөдө тынчтык жана биримдик орнотуу менен Бакиевди Кыргызстанга кайтаруу - эки башка нерсе. Бул экөөнү бириктирүү таптакыр башка жыйынтык берет. Көп кан төгүлгөн, аны унутуу мүмкүн эмес. Президент Садыр Жапаров мени укту жана туура чечим чыгарат деп үмүттөнөм", - деген Атамбаев.

Садыр Жапаров 18-февралда мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Ал бул иш эл-жердин ынтымагы үчүн жасалганын жана бул демилгени өлкөнүн мурдагы башчылары да колдогонун белгилеген.

"Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым - ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле", - деген Жапаров.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери өлкөнү алтынчы президент башкарып жатат. Азыркы мамлекет башчы Садыр Жапаровдон мурда Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 - 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 - 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 - 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Новую редакцию свода правил «Внутренний водопровод и канализация зданий» подготовили в городе

Вышло за рамки: теперь возможно стать чемпионом игры «Камень, ножницы, бумага»

Полиция нашла грабителя ломбарда в Омске благодаря потерянной им шапке

Региональное Отделение СФР предостерегает граждан Москвы и области от новой мошеннической схемы

Музыкальные новости

Тревел-тату как искусство: Яндекс Плюс запустил проект «Из путешествия – с татуировкой»

Применим ли ЦФА для венчура в России?

«Просто не афиширую»: куда пропала Волочкова с театральной сцены

Проводы Джикии, дубль Сулейманова и парады голов в Нижнем Новгороде и Екатеринбурге: чем запомнился 29-й тур РПЛ

Новости России

Научно-практическая конференция для школьников прошла в Воскресенске

Новый проект «Лето в Москве» объединит все летние мероприятия столицы

После обнаружения тела малолетнего ребенка начата доследственная проверка

"Немножко снесло крышу": Москвич, терроризировавший экс-супругу, рассказал свою версию событий

Экология в России и мире

Модернизация контейнерных площадок продолжается в Реутове

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

В Турции в ужасе удивились: сотни нелегальных отелей как ни в чем не бывало принимают туристов и выставляются на площадках бронирования

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Спорт в России и мире

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Российский теннисист Медведев опустится на строчку в рейтинге ATP

Рахимова прошла во второй круг турнира WTA в Рабате на отказе Таунсенд

Moscow.media

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Курайская степь.

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

Экс-мэра Биробиджана осудили на 5 лет за злоупотребление полномочиями. Условно











Топ новостей на этот час

Rss.plus






ДИТ Москвы представил на выставке ЦИПР-2024 метавселенную ВДНХ

Научно-практическая конференция для школьников прошла в Воскресенске

В колледже Подмосковья начнут подготавливать будущих железнодорожников

Деменко заявил, что в Суперфинале Кубка России нет фаворита