Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктап, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хатай провинциясына келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, учурда Хатайда чатырлар тигилип, куткаруучулардын абалын дарыгерлер көзөмөлгө алууда. Санитардык эрежелерге ылайык, коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, эрежелер тыкыр көзөмөлдөнүп жатканы кабарланды.
Аталган лагерге кыргызстандык куткаруучулар менен биргеликте Түштүк Кореядан 12 куткаруучу, Бангладеш мамлекетинен 30, Пакистандан 34, Мексика өлкөсүнөн 32 куткаруучу 2 үйрөтүлгөн ити менен келген. Ошондой эле Сауд Арабиясынан 97 куткаруучу келсе, Оман өлкөсүнөн келген 32 куткаруучу Хатай шаарында куткаруу иштерин жүргүзүп жатышат.
Расмий маалымат боюнча Туркиядагы кырсык болгон аймакта 74 өлкөдөн 7098 куткаруучу ишин улантып жатат. Ал эми 15 мамлекеттин 4236 куткаруучу топтору Түркиядагы ишин жыйынтыктап, өз өлкөлөрүнө кайтышкан.
Кыргызстан зилзала орун алган алгачкы күндөрү эле куткаруучуларды жөнөткөн. Учурда Түркияда 180ден ашуун куткаруучу жүрөт.
6-февралдагы Түркия менен Сириядагы катуу зилзала 43 миңден ашуун адамдын өмүрүн аллды. Он миңдеген жаран жараат алып, үйлөр кыйрады. (КЕ)