Синоптиктердин маалымдашынча, 18-февралда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу жерлерде кар жаайт.
Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаап, туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз -2…+3
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз -2…+3
Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3
Бишкек шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар, күндүз жаан жаап, карга айланат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 1…3° жылуу болот.