Бул тапта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарында 24 документке кол коюлду. Эки мамлекет чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө келишимди ратификациялоо грамоталары менен алмашты. Президенттер тар жана кең форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, эки мамлекеттин ортосундагы алка-катышты камтыган стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларацияга да кол койду.