Мы в Telegram
Добавить новость

Суда от Северного речного вокзала до Южного Тушина и Химок вновь начали ходить

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья

Российский сервис по продаже билетов RedKassa взломали хакеры

Стало известно число совершенных коррупционных правонарушений в РФ за 2023 год



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Тенгиз Бөлтүрүктүн абактан жазган каты, "Кумтөрдүн" жообу

Тенгиз Бөлтүрүктүн абактан жазган каты,

"Кумтөр голд компани" ишканасы корупцияга шек саналып абакта жаткан "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн бир күн мурда жарыялаган катына жооп кайтарды. Анда Бөлтүрүктүн аталган компаниянын азыркы жетекчилигинин иши тууралуу сыны негизсиз экени жазылган.

Мунун алдында Бөлтүрүк Кумтөрдү өнүктүрүүнүн стратегиясын иштеп чыгуу башталбаса, кендин иши эки жылдан кийин токтоп калышы ыктымалдыгы белгиленген каты жарыяланган.

"Кумтөр Голд Компани" ишканасынын Тенгиз Бөлтүрүктүн катына жообу 24-январда жарыяланды. Анда Бөлтүрүк бул ишкананы бир жылдан ашык башкарганы, өзгөртүп-өнүктүрүүгө болгон мүмкүнчүлүк берилгени, бирок реалдуу кадамдар жасалбаганы жана жетекчи катары кемчилик кетиргени жазылган.

"Кылмышка шектүүнүн "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын каражатынын коротулушу тууралуу каты ишкананын жетекчилигинин таң калуусун, түкшүмөлүн жаратты. Тенгиз Бөлтүрүк компанияны бир жылдан ашык башкарды. Ага анын долбоорлорун жана пландарын ишке ашырууга бардык мүмкүнчүлүк берилген. Катуу билдирүүлөрү жана чоң айлык акыга, гонорарга сырттан күмөндүү адамдарды ишке тарткандан башка реалдуу кадамдар жасалган эмес. Анан калса "Кумтөр" ошондон бери анын "ийгиликтүү" башкаруусунун кесепетин жоюуга аргасыз болуп келет. Жаңы жетекчилик компаниянын өнүктүрүүнүн 2031-жылга чейинки стратегиясын иштеп чыкты. Геологиялык чалгындоо өз нугунда толук жүрүп жатат. Адистердин эсебине ылайык, карьерден 135 тоннадан ашык алтын алса болот, дагы 112,6 тонна алтын калдык сактоочу жайда бар. Балким, Тенгиз Бөлтүрүк өзү тууралуу эске салып, ал алмаштырылгыс кызматкер экенин көрсөткүсү келип жаткандыр. Бирок, убакыт көрсөткөндөй, компанияны башкарып турганда Тенгиз Бөлтүрүк аны Кумтөрдүн каражаты сыяктуу эле максатсыз колдонгон. "Кумтөр Голд Компани" Тенгиз Бөлтүрүккө жеке максаттарына жетүү үчүн компаниянын атын колдонбоону көптөн-көп суранат", - деп айтылат ишкананын комментарийинде.

Тенгиз Бөлтүрүктүн Кумтөр тууралуу ачык катын анын адвокаты Кайсын Абакиров 23-январда Фейсбуктагы баракчасына жарыялган. Анда сот объективдүү жана адилет болоруна, ар бир айыпталуучунун жеке жоопкерчилиги аныкталарына үмүт арткан. Бөлтүрүк ишкананы өзү башкарып тургандагы ийгиликтерди учкай белгилеген. Эгер азыркы жетекчилик ырааттуу саясат жүргүзбөсө, кен казуу эки жылдан кийин токтойт деп эскерткен. Ошондой эле сунуштарын берген.

"Биз "Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинде алдын ала сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жана "Кумтөр Голд Компанини" Сингапурдагы биржага чыгарууга даярдап баштаганбыз. Кумтөрдүн биржадагы күтүлгөн баалоосу 2024-жылдын IV кварталында 6-7 миллиарл долларды түзөт. Кумтөрдүн акцияларын биржада ачык жайгаштыргандан кийин акциялардын номиналдуу баасы кеминде 10 эсе өсөт. Эгерде Кумтөрдү өнүктүрүүнүн кылдат ойлонулган жана прагматикалык стратегиясын иштеп чыгууну баштабаса, анда 2025-жылы Кумтөр калдык сактоочу жайлардын толуп калышынан улам ишти токтотууга аргасыз болот, ал эми 7 жылдан кийин алтындын иш жүзүндө тастыкталган запастары аяктайт. Мындай жагдайлар өлкө жетекчилигинин беделине олуттуу залакасын тийгизет, анткени президенттин аракети менен Кумтөрдү Кыргызстан элинин менчигине кайтарып алууга мүмкүн болду",- деп жазылган Бөлтүрүктүн катында.

Тенгиз Бөлтүрүк былтыр сентябрда камалган жана Башкы прокуратура ага "Кумтөрдөгү" коррупцияга байланыштуу айып тагып, мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.

Бул жагдайга байланыштуу жалпысынан үч кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Бишкектеги Октябрь райондук соту 10-январда анын бөгөт чарасын карап, 10-мартка чейин абакта калтырган. Бөлтүрүк коррупция тууралуу дооматтарды четке кагып келет.

Жогорку Кеңештеги "Кумтөргө" байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев "Кумтөрдүн" азыркы жетекчилигинин Бөлтүрүккө жооп кайтарганын сынга алды. Ал аталган комиссия жакында кенге барарын билдирди.

"Бизде бир нерсе десең "өзүң күнөөлүсүң" дегендей ага он сөз кайтармай адатка айланды го. Бөлтүрүктүн сөзү канчалык чындыкка дал келет билбейм, бирок ал киши иштин башатында турган. Ката кетиреби, иштейби, же иштебейби бул жагдайда анын салымы бар. Кемчилик болгон күндө деле анын салымы бар. Ишкана боюнча көз карашым бир аз башкачараак, мен жер тепкилеп сүйүнгөн жерим жок.

Жарыяланган пайданы таба элекпиз. Кыргызстанга кайтарылганы жакшы болду, бирок пайда таап жатат деп алдын ала айта албайм. Депутаттык комиссиянын ишин биз 28-мартка чейин узартканбыз. Өткөн жумада комиссиянын төрагалыгына депутат Малиевди бекиттик. Ишти улантабыз, жакында ишканага барып келели деп жатабыз. Азыр кагаздарды жөнөтүп, жоопторду алып жатабыз".

"Кумтөр Голд Компани" Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия былтыр сентябрь айынын аягында түзүлгөн. Бирок бир жыйынга чогула албай, кийин курамы кыскартылган жана төрагасы алмашкан. Комиссия түзүлгөнгө чейин 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын билдирген. Ошондой эле ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан.

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков былтыр жыл аягында парламентте учурда сакталып турган алтынынын көлөмү 40 тонна экенин, баары эсепте экенин маалымдаган.

Талдоочу Нурсултан Акылбек кенди башкаруудагы ачык-айкындуулук маселесине токтолду. Азыркы абалында "Кумтөрдүн" акцияларын биржага чыгаруу планы ишке ашпасын айтты.

"Тенгиз Бөлтүрүк коррупцияга айыпталып камалып жатпайбы. Бөлтүрүк үчүн маанилүү ушул маселе. Ал ушул суроого жооп берсе болмок. Кумтөрдүн акциясын биржага чыгаруу деген куру сөз. Анкени "Центерра" менен кыргыз өкмөтүнүн чечимдеринен кийин, экинчиден Кумтөрдүн ишине ачык-айкындуулук болбого соң муну ишке ашыруу мүмкүн эмес. Акцияларды биржага чыгаруу үчүн ачык-айкын иштеген, коррупциясы жана башка жаңжалы жок компания болушу керек. Толгон-токой сот жараяндарынан өткөн, алтындын запасы, калдык сактаган жайы тууралуу суроолору менен биржага чыгабыз дегени күмөндүү. Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия боюнча да маселе бар. Негизи Кумтөрдүн ичинде болуп жаткан иштер боюнча ошол депутаттар жооп бериши керек эле".

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

«Блестящие профессионалы»: Московский зоопарк поздравил ветеринаров с прадником

Подмосковный проект цифровой трансформации сферы энергетики признан лучшим в РФ

В посольстве России назвали условие возврата к переговорам с Индонезией о Су-35

Источник 360.ru: водитель погиб в ДТП в ТиНАО, травмы получили два пешехода

Музыкальные новости

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023

Тема дня: На «Госуслугах» можно будет получить статус многодетной семьи с 2025 года

Власти Евросоюза призвали РФ пересмотреть решение о судьбе "дочек" Ariston и Bosch

Путешествовать по России в майские праздники будут 2,8 миллиона туристов

Новости России

Пионеры Герои. Георгий Алексеевич Артёменков

Заместитель прокурора Брянской области и бизнес-омбудсмен провели встречу с предпринимателями Бежицкого района

Студентам Богородского округа рассказали об истории родного края

В Подмосковье подвели итоги регионального этапа чемпионата «Профессионалы»

Экология в России и мире

День Земли - каждый день

585*ЗОЛОТОЙ» дарит украшения за установку мобильного приложения

УЛЁТНОЕ ВИДЕО С УЛЁТНЫМИ ЖИВОТНЫМИ!

Весенние субботники прошли на предприятиях «Московского» филиала ООО «ЛокоТех-Сервис»

Спорт в России и мире

Азаренко не смогла пробиться в 1/8 финала турнира в Мадриде, уступив Соррибес-Тормо

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде

Арина Соболенко призналась в том, что не любит женский теннис

Мария стала соперницей Азаренко на турнире WTA в Мадриде

Moscow.media

В Екатеринбурге будут судить уроженца Армении, устроившего дорожный конфликт со стрельбой

Совместные учения сотрудников Росгвардии и МЧС прошли в Москве

Военные следователи провели очередной рейд по бывшим мигрантам в городе Армянске Республики Крым

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Как Владимир Кузьмин умудрился трижды сыграть свадьбу с одной женщиной

В посольстве России назвали условие возврата к переговорам с Индонезией о Су-35

В столице подвели итоги олимпиады «Не прервется связь поколений»

Почти 1 млрд руб собственных доходов поступило в бюджет Королева с начала года