“Бишкек” эркин экономикалык аймагына жетекчи болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалганы жатат. Бул маалыматты 18-январда “Азаттык” радиосуна ал өзү тастыктады. Дайындоо тууралуу тескеме өкмөттө кабыл алынарын айткан Шыкмаматов азырынча андай документ расмий түрдө чыга электигин, "процесс жүрүп жатканан" кошумчалады.
53 жаштагы саясатчы эмгек жолун 1999-жылы Бишкектин Свердлов райондук сотунда сот аткаруучу болуп баштаган. Кыймылсыз мүлктү каттоо агенттигинде, Жогорку сотто түрдүү кызматтарда иштеп, 2010-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына төрага болгон. 2011-жылы Эсеп палатасында аудитор болуп эмгектенген. 2011-2015-жылдары юстиция министри болуп иштеген. 2015-2020-жылдары Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон.
2021-жылдын январындагы президенттик шайлоодо Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген. Ошол эле жылдын февралында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси болуп дайындалган. Кийин бул кызматын тапшырып, ошол жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоого "Ынтымак" партиясынан талапкер болгон.
"Бишкек" эркин экономикалык аймагынын буга чейинки жетекчиси Кудрет Тайчабаров кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын 17-январда "Азаттыкка" өзү ырастап, ден соолугуна байланыштуу ушундай чечим кабыл алганын билдирген. Тайчабаров бул мекемеге 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин жетекчи болуп барган.
"Бишкек" эркин экономикалык аймагы 1995-жылдан бери иштейт. Аймакка бир катар жеңилдиктер берилип, 346 гектар жер бөлүнгөн. Учурда эркин экономикалык аймакта 313 субъект катталган, анын 58и биргелешкен ишкана. Расмий маалыматка караганда, ал жерде жалпысынан 32 мамлекеттен келген инвесторлор иштейт. (RK)