Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында гы Балдар үйүндө чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жоктугун билдирди. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 13-январда кечки саат 7де кабар түшкөн.
“Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Имараттан тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, 23:08де толук өчүрүлдү. Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган, аянты 320 чарчы метр чатыр, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, деп жазылган маалыматта.
Буга чейин аталган министрлик аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.