Жалал-Абад шаарынын тургуну, 30 жаштагы ишкер Амирбек Масиралиев чакан ишкана ачып, желимди кайра иштетип жатат. Бир жылдан бери ал таштандыдан чогулткан 130 тонна желимден тиричилик буюмдарын жасаган. Мындай аракети менен экологияны коргоого салым кошкусу келет.