Мы в Telegram
Добавить новость

Байкер Хирург: соблюдение ПДД зависит от понимания человеком своей роли на дороге

В Петербурге чиновника лишили водительских прав за пьяное ДТП

Загрутдинов: Жилой дом по реновации введут в Новогирееве в 2024 году

Политолог Марков: замглавы МО РФ могли арестовать из-за генерала ГРУ Алексеева



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Жаңы мыйзам сөз эркиндигин муунтабы?

Жаңы мыйзам сөз эркиндигин муунтабы?

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам сунушталды. Коомдук талкууга чыгарылган мыйзамдын долбоорун президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы иштеп чыккан.

Медиа эксперттер менен юристтер долбоор Кыргызстандагы сөз эркиндигин чектеп, журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө дээрлик мүмкүн болбой кала турган жагдайга алып келерин айтып чыгышты.

Мурдагы мыйзам 1992-жылы 2-июлда кабыл алынган. Бул мыйзам 30 жылдан бери эч өзгөрүүсүз иштеп келаткан сапаттуу, туруктуу мыйзамдардын бири болчу. Сөз эркиндигин бекемдөөгө чоң салымын кошкон мыйзам катары коомчулукта, журналисттер арасында белгилүү эле дейт талдоочулар.

"Орусиядагы мыйзамдын көчүрмөсү"

Мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө каршы биринчилерден болуп “Медиа Полиси” институту билдирүү жасап, аны кабыл албоого чакырды. Уюм эгер бул документ кабыл алынса, сөз эркиндиги чектелерин, бийликке жакпаган сайттар жабылышы ыктымалдыгын эскертти. Мындан улам бийлик журналисттердин ишин чектегенден көрө “элдин бакубаттыгы жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу өңдүү негизги маселелер менен алектениши зарыл экенин” белгилейт.

Институттун адвокаты Нурбек Сыдыков сунушталып жаткан мыйзам долбоору Орусиянын “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзамдын көчүрмөсү экенин айтууда.

“Долбоор кыргыз тилинде жазылган эмес. Орусиянын “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамы 2022-жылдын 14-июлунда соңку жолу редакцияланган. Мыйзамдын структурасынын 90% көчүрүлгөн, айрым абзацтар эч өзгөртүүсүз эле алынган. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандагы ЖМКнын баары 2023-жылдын 1-июнуна чейин кайра каттоодон өтүшү керек, алардын арасында сайттар да бар. Каттоо Юстиция министрлигине жүктөлгөн. Бирок кайсы учурда жана эмненин негизинде каттоо тууралуу күбөлүгү жокко чыгарылары жазылган эмес, болгону Юстиция министрлиги мындай укукка ээ деп айтылат. 2021-жылы Кыргызстандагы мыйзамдардын инвентаризациясын атайын түзүлгөн жумушчу топ жүргүзгөн. Ошондо “ЖМК тууралуу мыйзам “өзгөртүүгө муктаж эмес” деген корутунду чыгарылган, болгону айрым сөздөр гана алмаштырылган. Уюмдар, журналисттер да бул талкууга катышып, ушул эле ойду айткан. Демек, 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан мыйзам мындан ары да иштей бериши керек эле”.

"Мыйзам так жана туура жазылышы керек"

Бир аптадан бери коомдук талкууда турган жаңы мыйзам долбооруна каршы тараптар аз эмес. “Адилет” укуктук клиникасын жетектеген Чолпон Жакупова сөз эркиндигин чектеген бул мыйзам кабыл алынса, анда өлкө туңгуюкка кептелиши ыктымал деп эсептейт.

“Бул мыйзамда чет элдик ЖМКлардын ишмердүүлүгүнө көп чектөөлөр каралган. Кош жарандуулугу бар кыргыз жарандарынын же чет элдик жарандардын тиги же бу ЖМКда үлүшү 50% жогору болсо, анда ал негиздөөчү боло албайт. Экинчиси, ар кандай чектөөлөр менен чет элдик ЖМКларды жабуу аракети болуп жатат. Аларга Кыргызстандын аймагында берүүлөрүн көрсөтүү же угузууга ТИМ уруксат берет деп жазылган. Бирок эмненин негизинде, кандай критерийлерге таянып ТИМ иш кылары жазылган эмес. Мындай тажрыйба Гүлшат Асылбаеванын “фейктер тууралуу” мыйзамында да болгон. Анда “Маданият министрлиги чара көрөт” деп айтылганы менен анын кесепетин биз көрдүк. Министрлик 24.kg сыяктуу маалымат каражаттарын эки күнгө жаап, кайра иштөөгө уруксат бергенге аргасыз болду. Алар (бийлик) кайсы бир ЖМКны жабууну көздөсө, так жана даана жазылган мыйзам долбоорлорун сунуштабай, баса калып жаап койгонго ылайыктуу мыйзамдарды жазат. Мыйзамды ар түрдүү кылып талдап, ошого жараша иштей бергенге болбойт. Мыйзам так жана туура жазылышы керек”.

Жакупованын айтымында, Кыргызстандагы сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдардын эркиндиги жана аялдардын укугунун тебеленип жатышы боюнча эл аралык уюмдардын ар бир докладында сынга алынууда. Сөз эркиндигин чектөө аракети соңку күндөрү иликтөөчү журналисттерге карата болуп жаткан басым, аларды камоо, эркиндигин чектөө аракети менен тастыкталып жатат деди ал.

Жогорку Кеңеш өткөн жылы 28-июлда кызуу талаш-талкуу жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Президент Садыр Жапаров документке бир айга жетпей эле кол коюп, ал күчүнө кирген.

Жергиликтүү укук коргоочулар, Human Rights Watch сыяктуу эл аралык уюмдар сөэ эркиндигин чектерин айтып, мыйзамды кабыл албоого чакырган эле.

Президенттин сайтында жазылгандай, бул мыйзам жарандардын ар намысын коргоого көмөкчү болмок. Бирок көпчүлүк медиа эксперттердин айтымында, мыйзам өзүнө артылган жүктү көтөрө алган жок. Азыркы тапта сунушталып жаткан мыйзам дагы ушундай эле функцияны аткарып калышы мүмкүн дегендер бар.

Кыргызстанда ЖМК жөнүндөгү азыркы мыйзам 1992-жылы кабыл алынган. Мурдагы омбудсмен Токон Мамытов ЖМК тууралуу мыйзам долбоору акыркы он жылдан бери эле сунушталып келе жатканын белгиледи. Бирок парламент четке кагып, кабыл албай келген.

“Мурда айтылган сын-пикирлерди эске алуу менен мыйзамды кабыл алууга болот. Анын негизги багыты – тролдорго каршы иш, анонимдүү интернет колдонуучулары тараткан жалган маалымат менен күрөшүү өңдүү маселелер жакшы каралышы керек. Өзгөчө блогерлердин ишин тескеген мыйзам болушу керек. Болбосо алар интернетте такталбаган маалыматты таратып, элдин башын айлантуу менен алек, аларга карата азыркы мыйзамга ылайык чара колдонууга да болбой турат. Кыскасы, коомчулук да, өкмөт да, журналисттерде ыраазы болгондой болсо менимче мыйзам жакшы иштеп кете алат”.

"Фридом Хаус" эл аралык уюму жылда жарыяланып келген рейтингинде Кыргызстанда 2022-жылы демократиялык башкаруу артка кеткенин белгиледи. Мунун белгилери катары шашылыш конституциялык реформадан улам бийликтин бир колго топтолушу, парламенттин ролунун азайышы, УКМКнын ашкере өскөн ролу жана сынчыл пикирлердин кысымга алынышы көрсөтүлөт. Муну менен катар өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгы азайганы да көрсөтүлгөн.

“Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдын жаңы долбоору тууралуу талкууну бул жерден көрүңүз:

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Ru24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Ru24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Ru24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Священник Снегирев назвал четыре вещи, которые необходимо сделать на Пасху

Министерство культуры подвело итоги прошлого года

РИА «Новости»: адвокат обжаловал арест замминистра обороны Тимура Иванова

Таня Василькова и ее презентация книги «Как прожить в браке без брака»

Музыкальные новости

«Символ» от Донстрой победил в премии CRE Awards 2024

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП

МФК «Динамо Пушкино» вошел в топ-8 команд Всероссийского футбольного турнира «Кубок Казани»

Новости России

Совладелица музея темноты Екатерина Гусева раскрыла особенности социального бизнеса

Открыт прием заявок на конкурс лекторов от Российского общества «Знание»

Таня Василькова и ее презентация книги «Как прожить в браке без брака»

Проще, чем кажется: как сэкономить на пикнике

Экология в России и мире

Компания ICDMC стала победителем престижной премии в сфере ЗОЖ – Green Awards 2023/24

Выставка работ победителей фотоконкурса «Созвездия "Семья"»

Всероссийский субботник пройдет на территории сервисного локомотивного депо «Москва-Сортировочная» 27 апреля!

Врач-гигиенист сети клиник «Мегастом» Ольга Жидких: как правильно ухаживать на полостью рта и зубов

Спорт в России и мире

Потапова обыграла Шнайдер на старте грунтового турнира WTA 1000 в Мадриде

Линетт сыграет против Соболенко во втором круге турнира WTA в Мадриде

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде

Кто отец Дианы Джокович?

Moscow.media

Военные следователи провели очередной рейд по бывшим мигрантам в городе Армянске Республики Крым

Несколько дорог подтоплено в Абатском районе Тюменской области

Российские технологии защиты автомобилей от угона представили на выставке в Италии

На флоте бабочек не ловят











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Грузоперевозки по стране – виды и варианты

Биолог Лосев рассказал, как клетки организма защищаются от вирусов

Проще, чем кажется: как сэкономить на пикнике

Эксперты рассказали о «красных флагах» при покупке «вторички»