Мы в Telegram
Добавить новость

Пожар в Улан-Удэ охватил более 20 жилых домов

Яхтсмен из Московской области стал победителем этапа Кубка России

Тюльпаны зацвели на клумбах Москвы

Лавров назвал временными меры профилактики терроризма на границе с Таджикистаном



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Министрди каматкан индиялык жарандын арызы

Министрди каматкан индиялык жарандын арызы

Пара алууга шек саналган билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев эки айга камакка алынды.

Министрге каршы индиялык жаран арыз жазган

Министр Алмазбек Бейшеналиевдин бөгөт чарасы 30-сентябрда кечке жуук Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагына эки айга камоо чечими чыгарылды.

Министр сотко кирип, пара деп айтылып жаткан акча университет ачуу долбооруна салынган инвестиция экенин билдирди. Эч кандай күнөөсү жок экенин айтты.

“Ал акча пара эмес, университет ачабыз деген бизнес план бар болчу. Ошого инвестиция кылам деген. Ал кишини тааныйм. Акчаны пара катары бергем деп жатат”, - деди Бейшеналиев.

 

Министрди сот имаратынан алып чыгып бара жатканда Бейшеналиев социалдык тармактарда бул ишке тиешеси бар экени айтылып жаткан Фани Бхушан Поту аттуу жаранды тааный турганын айтканга үлгүрдү.

Ал эми анын жактоочусу Бакыт Осмоналиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, арыз жазган адам Индиянын жараны экенин жана анын аты-жөнү Фани Поту экенин ырастады.

“Айыбы "пара талап кылуу” деп угузулду. Иш боюнча арыз жазган Индиянын жараны. Арыз менен таанышкан жокпуз. Бирок, кылмышка тартуу токтомунда ал мен коргоп жаткан жаранга акча бергени жазылыптыр. Негизи акча башка тармакка берилмек. Билим берүү министрлигине тиешеси жок, жеке долбоор болчу”, - деди жактоочусу.

ИИМдин айыптоосу

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Бейшеналиевдин кылмыш иши жөнүндө маалымат таратып, тергөөнүн алкагында чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга кабыл алууда билим берүү жана илим министри ири суммадагы 110 миң доллар пара катары алганы тастыкталды деп билдирди.

“Тергөөнүн жүрүшүндө пара катары алган 37 500 долларды

үйүнөн алып тергөө органдарына өткөрүп берди. Министрдин айтымында калган сумманы иштетип жиберген. Аны таап, тергөө кызматына алып келүү милдеттенмесин алды”, - деп айтылат милициянын маалыматында.

ИИМ маалыматына ылайык, ири өлчөмдө пара талап кылып жатканы боюнча арыздын негизинде ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында министр Бейшеналиев кармалган.

“Иликтөө иштеринин жүрүшүндө чет өлкөлүк студенттерге атамекендик жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча өкмөттүн токтому керек. Токтом чыгаруу жөн эле болбойт, маселени чечип берем деп 100 миң доллар алган. Бул окуя 2022-жылдын 28-август күнү болгону аныкталган. Андан кийин токтом толук кандуу болбой калыптыр деп кайра кайрылганда, аны тездетүү үчүн дагы 10 миң доллар керек деп сүйлөшүү жүргүзүп, жыйынтыгында 2022-жылдын 28-сентябрь күнү пара алуу учурунда кармалган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ички иштер министрлиги тергөөнүн купуялуугуна байланыштуу азырынча калган маалыматтар айтылбай турганын кошумчалады.

Фани Бхушан Поту деген ким?

Бул иште аты аталган Фани Бхушан Поту аттуу Индиянын жараны менен азырынча байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Кыргызстандагы белгилүү кишилердин маалыматы жазылган who.ca-news.org сайтында Фани Бхушан Поту Эл аралык медициналык жогорку мектепте эл аралык байланыш боюнча проректор экени жазылган.

Индиялык бул жарандын аты Govori.TV телеканалынын 16-августта жарыялаган иликтөөсүндө да аталат.

“Чет өлкөлүк студенттерден ким жана кантип акча табат?” деп аталган иликтөөдө Govori.TVнын журналисттери ачык булактарга таянып, “жогорку кызмат адамдары менен байланыштагы кишилер медициналык окуу жайлардагы чет өлкөлүк студенттерден акча жасаганы аныкталды” деп жазган. Иликтөөгө ылайык, Фани Бхушан Поту Индиядан Кыргызстанга студенттерди алып келгендердин бири болгон.

Мындан сырткары 28-июнда президент Садыр Жапаров Баткен шаарында Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын Окуу жана дарылоо комплексин куруу үчүн капсула салган иш-чарада Фани Бхушан Потуга окшош кишинин сүрөтү жарыяланган.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан иш-чарага байланыштуу маалыматта медициналык академиянын жалпы суммасы 603, 5 млн. сом болгонун. Ошондой эле жатаканасын куруу үчүн сырткы инвесторлор 93 млн. сом бергени айтылат.

Жарандык активист Атай Бейшенбек министр кармалгандан кийин Фейсбуктагы баракчасында президент Садыр Жапаров менен Фани Бхушан Потунин түшкөн сүрөтү делген фотону жарыялады. Анда Жапаров менен түшкөн эки кишинин бири Фани Бхушан Потуга окшош экенин көрүүгө болот.

Президенттин аппараты бул сүрөттөр жөнүндө комментарий бере элек. Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы министрдин ишинен кабардар экенин, ар тараптуу иликтенерин билдирген.

41 жаштагы Алмазбек Бейшеналиев быйыл февралда билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

2020-жылдын күзүндө да аталган министрликтин жетекчилигине дайындалып, алты ай башкарган. Кийин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Женевадагы кеңсесине туруктуу өкүл жана Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп сегиз айдай иштеген.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Сергей Собянин поздравил горожан с праздником

Лишать приобретённого гражданства за нарушение присяги и точка

Собянин поздравил москвичей с 1 мая

Захарова предложила изучать в школе влияние посла США Буллита на образ Воланда у Булгакова

Музыкальные новости

ЭСК указала на ошибки главного арбитра дерби ЦСКА — «Спартак» Казарцева

Природа России 81

Google закрыл дыру в системе безопасности Android TV

Театр, искуство, Россия и дети: кукольная фотосессия в Бурятии

Новости России

21 медаль завоевала сборная Подмосковья на Кубке России и всероссийских соревнованиях по кикбоксингу

Почти город: Китай на видео показал концепт своей лунной базы

На выставке «Россия» прошло шествие под лозунгом «Май! Труд крут!»

Г.А. Зюганов на акции в Москве: «Да здравствует солидарность!»

Экология в России и мире

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»

Продвижение новой музыки и ваших хитов на радио и в интернете

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Спорт в России и мире

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде

Елена Рыбакина выступила с критикой в адрес WTA

Потапова и Павлюченкова вышли в полуфинал турнира WTA в Мадриде в парном разряде

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Moscow.media

Регистрация Авторского права. Регистрация объекта авторского права. Регистрация Авторского права на книгу. Регистрация Авторского права на музыку.

Героическое участие армян в СВО. Часть третья

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Уверенность в каждом дне вместе с автомобилем HAVAL











Топ новостей на этот час

Rss.plus






III Московский джазовый фестиваль станет одним из самых масштабных и значимых музыкальных событий года

Толпа окружила американский танк Abrams на выставке в Москве

В Рязанской области мужчина незаконно получил 65 000 рублей "чернобыльских"

Mash: в Мурманске трезвую женщину не пустили на рейс, заявив, что она пьяна