Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарын Дүйшөмбү аэропортунан кармап, Тажикстандын аймагына киргизбей жаткан учурларга байланыштуу билдирүү таратты.
Анда Кыргызстандын жарандарына карата Тажикстанга кирип-чыгуу тартиби өзгөргөнү тууралуу эл аралык келишимдерде бекитилген тартипте маалымат бериле электиги айтылган.
ТИМ бул жагдайдын себептери такталганга чейин Тажикстанга барбай турууга чакырган. Ошондой эле бул өлкөнүн аймагы аркылуу башка мамлекеттерден кирип же чыкпай турууну өтүнгөн.
Башкы дипломатиялык мекеме Тажикстанда жашап жаткан кыргыз жарандарына кысым көрсөтүү, кодулоо сыяктуу укук бузуу, мыйзамсыз иштер жасалса, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине же Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигине кайрылууну сунуштайт.
+996 551 312 000 — Кыргызстан ТИМинин консулдук департаменти;
+992887782223 — Кыргызстандын Тажикстандагы Элчилиги.
Тажикстан Кыргызстандын ТИМи тараткан билдирүүгө комментарий бере элек.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атоодо. Тажикстан да ушундай турумду карманууда.
Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, арасында 14 жаштагы кыз бар. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты көз каранды эмес башка булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (КЕ)