Мы в Telegram
Добавить новость

Директор департамента МИД Беляев: Москва выдала согласие новому послу Финляндии Марье Лиивале

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу

Синоптики предупредили москвичей о дождливой и ветреной погоде 11 мая

Школу и детские сады построят в Царицыне по городской программе

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Нуржамал: Кытайда жолдошум ырдоого тыюу салган

Нуржамал: Кытайда жолдошум ырдоого тыюу салган

Кытайлык кыргыз, ырчы Нуржамал Турган кызы мекен, сезим темасындагы ырлардан сырткары социалдык темадагы чыгармаларды аткарып жүрөт. Арасында жалгыз бой айымдардын түйшүгүн баяндаган да ырлары бар.

- Кепти алгач сизди тарыхый мекениңизге алып келген чыйыр жолдон баштасак.

- Кыргызстанга алгач ирет 2008-жылдары келип, үй-бүлөм менен Ош шаарында бир аз жашагам. 2015-жылы биротоло көчүп келдим.

- Чыгармачылыкка Бишкекке келгенден кийин гана аралаштыңызбы?

- Кытайда жүргөндө эле ырдап жүрчүмүн. Үрүмчүдө телеканалдарга чейин чакырып тартышкан. Ортодо турмушка чыгып, жолдошум чыгармачылыгыма тыюу салганы үчүн ырдабай калгам. Бала-чакалуу болгондон кийин жолдошум экөөбүз эки ажырым жолго түштүк. Аялзаты жолдошу менен бир өмүр жашайм дегенде гана көп бала төрөйт. Аларды атасыз калтыргысы келбейт. Бирок тагдырыбыз ушул экен. Анан мен Кыргызстанга келип, минтип кайрадан чыгармачылыгымды уланттым. Ушул жол менен гана жашоодо жоготкон бир нерсемди тапчудай туюлуп турат.

- Өнөр адамдарынын чыгармачылыгына кимдир бирөө бөгөт койсо оор эле тийсе керек...

- Жолдошум дин жолунда жүргөн адам эле. Ал тыюу салгандан кийин “бул анын тыюусу эмес, ислам дининин принциби” деп туура эле кабылдап, жоолук салындым. Анан бала, жар деп үй-бүлө үчүн жакшы эле эмгек өтөдүм. Жолдошум экөөбүз эки улуттун өкүлү элек. Кийинки учурларда эки улуттун мамилеси солгундаган кездер болду, бул биздин да үй-бүлөгө кедергисин тийгизди.

Үйдө уруш-талаш көбөйдү. Балдар кыйналбасын деп, эки жолго түштүк. Болгону 4-5 жыл бирге түтүн булаттык. Кийин деле ислам дининин эрежелери менен жашоомду уланта бердим. Бирок Кытайдагы саясатка байланыштуу жоолукту чечүүгө туура келди.

- Ыр кечеде жалгыз бой айымдар тууралуу да ырдадыңыз. Бул ыр сиздин тагдырыңызды баяндаганы үчүн эле аткарып чыктыңызбы же дегеле коомдогу жалгыз бой энелердин түйшүгүн айткыңыз келдиби?

- Өзүмдүн жашоом менен кошо эле мен сыяктуу тагдырга туш болгондордун да жашоосун ырга салгым келди. Себеби өзүм да жалгыз бой эненин колунда өскөм. Атам кичинемде эле өтүп кеткен. Апам төрт баласын канатына калкалап, сыртка чыгып эркектин, үйгө кирип аялдын жумушун аткарып, жакшы эле түйшүк тартты. Анан мен да минтип апама тагдырлаш болуп калдым. Төрт кызым бар. Жалгыз бой айымдарды коом аябайт. Муну өзүмдөн эле эмес, чөйрөмдөн деле баамдайм. Кытайда, Кыргызстанда эле эмес дегеле дүйнө жүзүндө ошондой экен. Аларга дем-күч болобу деген максатта ушундай ыр жаздырууну чечтим. Оюмду белгилүү ырчы Султан Садыралиевге айтып, ыр жазып беришин өтүндүм. Ал тагдырымды туура түшүнүп, бат эле жазып берди.

- Жалгыз бой айымдардын эмне көйгөйлөрү ойлондурат?

- Балдарга тарбия берчү атасы да, энеси да бар үй-бүлөнү бактылуу деп ойлойм, ал эми ызы-чуу көп болгон үй-бүлөдө бала көп жабыркайт эмеспи. Ошондуктан айрымдар балдарымды тынч тарбиялайын деген ой менен ажырашууга барат. Бирок азыр Кыргызстанда эле эмес жалпы дүйнөдө көпчүлүгү үй-бүлө жоопкерчилигин жеңил ойлоп, кайдыгер мамиле кылып жатышкандай. Мырзалар мырзалыгынан тайбай, аялдарга аяр мамиле кылып, аларды коргоп турганы кандай жакшы. Албетте эркектин баары эле бирдей эмес, жакшы эркектер да көп. Андай эркектердин жары жакшы чыкпай калган учурлар да болот. Баары бир Кудайдан жакшылык тилей бериш керек.

- Кыргызстанга келгенден кийин кандай учурлар сизге тааныш болду да кайсы учурлар жат болду?

- Биринчи жолу Бишкек шаарына учуп келип, “Манас” аэропортуна конгондо эгемен Кыргызстандын бар экени абдан толкундаткан. Учактан түшүп шаарга келгенде да дароо туугандардын үйүнө барбастан “Ала-Тоо” аянтына Манас атанын эстелигин, желбиреген кызыл тууну көрүү үчүн баргам. Кыргыз тилиндеги Гимнди угуу да керемет сезим тартуулады. Биз эми кичине кезден Кытайдын саясаты, идеологиясы менен чоңойдук да. Кыргыз президенти кыргызча сүйлөп турса да жагымдуу угулган. Келгенде эле Кыргызстанды Мекен катары кабыл алдым. Себеби башка мамлекетте чоңойсок да, тилибизди унутпай чоңойдук. Мен дагы бир нерсеге ыраазы болом. Той-топурга же концерттерде ырдап калганда “Кытайлык кыргыз ырчы” деп тааныштырганда эле отурган эл  кол чаап колдоп, жакшы кабыл алат. Ал эми кыргыз элимдин жалкоолугу мага өөн учурады. Кытайда "убакыт – акча" деген сөз бар. Ошол тарбия менен чоңойдук биз. Анан да кыргыздардын баары эле саясаттан сүйлөшкөнү өөн учурады. Кыргызстан кен байлыктарга бай. Баары эле саясатчы болуп кеткенден көрө геолог, инженер, профессор, догдур болуп, келечекте билимдүү жаштарыбыз өлкөнү өнүктүрсө деген тилегим бар.

- Ыр дүйнөсүнө болгон алгачкы таасирлериңиз тууралуу айтып берсеңиз?

- Чыгармачылыгым апамдан өткөн деп ойлойм. Ал да ырга шыктуу. Мен кичинемден кашыкты микрофон кылып ырдап, кыялданып, ар кайсы ырчыларды туурачумун. Кийинчерээк кыргыз ырчыларынын ыры бизге жайыла баштаганда Гүлнур Сатылгановага көп таасирлендим. Видеодисктерден аны көрүп, ар бир кыймылын туурай берчүмүн.

- Жакын арада уюштурган чыгармачыл кечеңизге белгилүү өнөр адамдары келип куттуктап, ырдап кетишти. Жергиликтүү ырчылар менен байланыш кантип күчөп калды, алар кандайча колдоо көрсөттү?

- Кыргызстанга келгенден бери концерт уюштрууну деле максат кыла элек элем. Бирок филармониядан, студиялардан ыр жаздырып, жакшы ырларды топтоп жүргөм. Ошондой учурларда ырчы ага-эжелердин айрымдары менен алака түзө баштадым. Айрымдарынан вокалдан сабак алып, айрымдарынын ырын аткарып жүргөм. Анан концерт берейин десем, көпчүлүгү “алыстан келген мейман”, “боордош” деп колдоп беришти. Учурдан пайдаланып алардын баарына ыраазычылык билдиргим келет.

- Азыр жарандык алдыңызбы?

- Азырынча ала элекмин, балдарымды бул жакка алып келип алгандан кийин алам буюрса. Кыздарым азыр Кытайда, таенесинин колунда. Улуусу 15, кичүүсү 10 жашта. Үч иним бар, алардын баары ишкер. Алар Ички Кытайдан Кыргызстан, Өзбекстанга товар сатып иштейт.

- Кыргызстанда жүргөн кытайлык кыргыздардын айрымдары ал жактагы жакындары менен байланышуу оор дешчү эле. Сизде байланышууда кыйынчылыктар жокпу?

- Жок, видеочалуу менен сүйлөшүп турабыз.

- Эң кызыгы биз азыр ыр жаздырган студияда эмес же болбосо чыгармачыл жайда эмес дары-дармектер менен иш алып барган жерде маектешип отурабыз. Бул кызматыңыз тууралуу да айтып берсеңиз?

- Мен Бишкекке көчүп келгенден бери эле Кытайдын мамлекеттик корпорацияларынын биринин Кыргызстандагы өкүлүмүн. Бул корпорация пайдалуу азык, витаминдер менен иштейт. Ал витаминдер иммунитетти көтөрүүгө жардам берет. Айтор мен чыгармачылыктан сырткары эмгектенип жаткан корпорация адамдарга ден соолук тартуулап, жумуш менен да камсыздайт. Азыр адамга акча табуу маанилүү да. Айрыкча, чыгармачылык өтө татаал жол, ага көп акча сарпташ керек. Кыскасын айтканда, өзүмө өзүм демөөрчүмүн. Пандемиядан кийин эл ден соолук башкы байлык экенин туйду. Оорунун айынан канчалаган жакшы инсандарды жоготуп жатабыз. Бизде ооругандан кийин гана догдурга барып, кредитке дары-дармек алгандар бар. Андан көрө башынан эле ден соолукка кам көрүү кажет. Кытайда биринчи орунга ден соолукту коюшат. Андан кийин гана башка жумуштарды пландаштырышат. Кыргызстанда да ушуга маани берилсе жакшы болмок.

Нуржамал Турган кызы 1982-жылы 20-декабрда Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат районунда туулган. Орто мектепти аяктаган соң Кытайдагы Хунань провинциясындагы Хунань университетинде анлгис тили багытында билим алган.

Репертуарында 40ка жакын ырлары бар. Анын ичинде ал кытайлык кыргыздардын гимнине айланган, Мамбеттурду Мамбетакундун сөзүнө, Мамбетжума Мамбетакундун обонуна таандык айтылуу “Биз” аттуу ырын аткарып жүрөт.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В Гидрометцентре спрогнозировали сроки потепления в Москве

Современный городской квартал построят в столичном районе Южное Бутово

ФК «Краснодар» в рамках 28-го тура РПЛ сыграет со «Спартаком»

Путин создал пять новых главных управлений в структуре ФСИН

Музыкальные новости

Магомед Адиев установил рекорд в РПЛ

Астраханское «Динамо» потерпело разгром в Ставрополе, а с ним и проиграло весь раунд

Генсек РФС Митрофанов заявил, что РПЛ не будут расширять до 18 команд

Путин встретился с Мирзиёевым в Москве

Новости России

В Гидрометцентре спрогнозировали сроки потепления в Москве

На Саратовскую областную инфекционную больницу подали в суд поставщики лекарств

Путин создал пять новых главных управлений в структуре ФСИН

Директор департамента МИД Беляев: Москва выдала согласие новому послу Финляндии Марье Лиивале

Экология в России и мире

Семинар-экскурсия "Современное освещение"

Масштабирование дизайнера: опыт работы в международных компаниях премиум-класса

Театр и дети, Культура и Россия: интервью артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова

Реабилитация после увеличения груди

Спорт в России и мире

Греческий теннисист Стефанос Циципас поблагодарил мать за советское воспитание

Азаренко вышла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Риме

Потапова проиграла Остапенко во втором круге турнира WTA 1000

Павлюченкова вылетела с турнира в Риме

Moscow.media

Создание цифровых «копий» умерших близких стало популярно в Китае

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

Духи Паанаярви

Военные следователи навели порядок на Братской могиле воинов 35-й береговой батареи в Севастополе











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Директор департамента МИД Беляев: Москва выдала согласие новому послу Финляндии Марье Лиивале

Россия заменила турбины "Сименс" отечественными ГТД-110М

В Московском зоопарке кота спасли из вольера с волками

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу