Мы в Telegram
Добавить новость

Психолог Токарева: родителям важно разговаривать с ребенком на интимные темы

Спортсмены из Солнечногорска победили в этапе Кубка мира по рукопашному бою

Зампостпреда РФ при ОБСЕ: Эстония посягает на свободу вероисповедания граждан

ВЦИОМ: только 42% россиян знают, к чему приурочена Пасха



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Дача СУдагы кырсыкты коомдук комиссия иликтемей болду

Дача СУдагы кырсыкты коомдук комиссия иликтемей болду

Президент Садыр Жапаров Дача СУдагы учак кырсыгын иликтөө ачык болушу үчүн коомдук комиссия түзүлөрүн билдирди.

Беш жылдан бери коомчулукта “жүктүн ээси ким болгон жана мыйзамдуу ташылып баратканбы” деген суроолор ачык бойдон турат.

"Иликтөө начар жана жай жүрүп жатат"

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 8-майда Фейсбуктагы баракчасында Июнь окуясы жана Дача СУдагы учак кырсыгы жөнүндө билдирүү жарыялады. Анда президент Июнь окуясы боюнча иликтөө жакында сотко өтөрүн жазып, ал эми учак кырсыгы начар жана жай иликтенип жатканын билдирди.

"Дача СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы деген маалымат бар. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз", - деп жазды президент.

Жапаров комиссияга кошулууну калоочулар үчүн президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов менен байланышка чыгууга чакырып, телефон номурун калтырган. Укушов “Азаттыкка” буларды айтып берди.

“Кырсыктын себептерин, жүк, ошондо топтолгон акча кандай таратылган” деген суроолор каралат. Азыр чалган активисттер жүктүн ээсин аныктоо талабын коюп жатышат. Алты ай убакыт иштейт. Анан сунуштарын беришет. Жарандык коомдун өкүлдөрү, журналисттер чалып жатышат. Мамлекеттик кызматта иштегендерге болбойт. Курамынын саны белгисиз, ал буйрук менен бекитилет. Азыр 23 киши катталды”, - деди ал.

Кандуу жүк кимдики жана кырсыктын себеби?

30дан ашык жакын кишинин өмүрүн алган кандуу окуяны иликтөө талабы каргашанын алгачкы күнүнөн тартып, азыркыга чейин айтылып келет. Авиа кырсыкка байланыштуу Алмазбек Атамбаевдин бийлигине карата дооматтар көп болгон. Учак кырсыгын иликтөө талабы менен чыгып жүргөн саясатчы Мавлян Аскарбеков ошол учурда сот жообуна тартылып, кийин иши кыскартылган. Аскарбеков бул авиакырсык эгемендүү Кыргызстандын тарыхында трагедиялуу окуялардын бири экенин белгилеп, тергөөдө жашырылган жагдайлар ачыкталышы керек деп эсептейт.

“Биздин талапты ошол кезде Атамбаев укпай, анын кызматкерлери менин оозумду жабыш үчүн сот жообуна тартып, камап коюу коркунучу болгон. Жээнбековдун учурунда дагы Абылгазиев өкмөт башчы болуп, бул иш токтоп калган. Азыр тыкыр иликтенип, “жүк кимдики болгон, эмне себептен кулаган” деген суроолорго жооп табыш керек. Иликтөөнү туура эмес жүргүзгөн кишилерди таап, жоопкерчилике тартуу зарыл. Эң башкысы жабыркагандар жана каза болгондордун кенемтесин эл аралык нормада төлөп берүү талабы турат”, - деди Аскарбеков.

Ошол кездеги айрым оппозиция өкүлдөрү конушка кулап түшкөн “Боинг-747” учагындагы жүк “президент Алмазбек Атамбаевге жана анын жакындарына тиешеси болушу мүмкүн” деген сөздөрдү айтып, иштин аягына чыкпай калышын ошол кездеги бийликтин кызыкчылыгы менен байланыштырышкан.

Кийин 2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси начарлап турган кезде Дача СУга байланыштуу кылмыш иши жанданган. Бирок, ал иш эмне менен аяктаганы белгисиз. Атамбаев дооматтарды четке кагып келет. Ал кызматтан кеткенден кийинки маектеринин биринде муну ушак деп атаган.

"Албетте бул ушак, болгондо да эң жаман ушак. Эгер ошол жерде Атамбаевдердин бир грамм жүгү болсо чыкмак да. Биринчиден, ал түрк учагы болчу. Түркия НАТОнун мүчөсү. Ал кезде түрктөр мага таарынып аткан. Мына бир жылдан бери азыркы бийлик, Жээнбековдор мага каршы бирдеме болсо чукуп чыкмак да”.

Жаңы камоолордун толкунубу?

Ошентсе дагы Дача СУдагы учак кыргысы боюнча бир топ күмөндүү суроолорго жооп табылбай келет. “Жүк кимдики, кырсыктын себеби, ким күнөөлүү?” деген суроого мурдагы эки бийликтин тең тушунда толук кандуу жооп болгон эмес.

Жарандык активист Нурсултан Акылбектин пикиринде, учурдагы бийликтин коомдук комиссия түзүп иликтөө аракетинде саясий дагы мотив бар.  

“Президенттин колунда тергөө турат, досу атайын кызматты жетектейт. Ошончо ресурс менен кантип тергөөнү аягына чыгара албайт? Эч укугу жок коомдук комиссия эмнени иликтейт? Бул жакта саясат, коомчулуктун пикирин буруу болуп жатат. Ошондой эле бул жерде “кустуруунун” экинчи толкуну болуп кетеби деген маселе бар. Ошол кездеги министр, өкмөт башчылар дагы бар. Жеке Атамбаевдин ролу кандай болгон? Бул жерде саясат бар”, - деди Нурсултан Акылбек.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 2021-жылы башында конституциялык реформанын алкагында прокуратурага тергөө укугу бериле турган болсо, анда Дача СУ каргашасы өндүү кылмыш иштери жыйынтыктала тургандыгын билдирген. Ошол эле жылдын аягында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алардын жыйынтыгы жакында жарыяланаарын кабарлаган.

Мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев биринчи вице-премьер-министр болуп иштеп турганда Дача СУ аймагындагы кулаган учакка байланыштуу өкмөттүк комиссияны жетектеген. Бир жылдан кийин президенттин өкүлү катары кырсыктын курмандыктарын эскерүүгө катышкан Абылгазиев кандуу окуяга “учкучтар күнөөлүү” деп айткан жана тергөө аягына чыга электигин билдирген. Ошол кездеги маалымат боюнча Гонконг–Бишкек-Стамбул багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгон жана ал Бишкекке май куюш үчүн конмок.

2017-жылы 16-январда Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушуна жүк ташып бараткан самолет кулап, 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч тең курман болгон. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган. Ошол учурда Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, көп өтпөй кайра токтотулган. Ал эми өкмөттүк жана депутаттык комиссиялардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.

Кырсыктан кийин элден чогулган 102 миллион сомдон ашуун каражат жабыркагандарга таратылган. Мындан сырткары түркиялык компания дагы кенемте төлөп берген. Жабыркагандардын суранычы менен акча алгандардын суммасы айтылбай келет.

Бул авиакырсык боюнча журналисттер, анын ичинен “Азаттык” дагы иликтөө жарыялаган. Анда кабарчылар учактагы жүктөрдүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамаларды таап, ал коомчулукта көптөгөн суроолорду жараткан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

АЗЕРБАЙДЖАН. Вице-премьеры РФ и Азербайджана подтвердили нацеленность на укрепление связей 

В Хабаровске работника рудника задержали за кражу телефонов

В Хабаровске произошел крупный пожар в торговом центре

Источник 360.ru: цех загорелся на заводе «Компрессор» в Москве

Музыкальные новости

Бизнес-центр самоперестроился // Московские власти против внезапно возникающих апартаментов

6 городов России, где можно увидеть белые ночи кроме Санкт-Петербурга

Гранды сохранили равенство // Первый кубковый матч ЦСКА и «Зенита» завершился ничьей

Третья по силе магнитная буря за 2024 год началась в России

Новости России

В Каннах Татьяну Самойлову называли Русская богиня, а Хрущёв блядью, Пикассо жаждал встречи с ней

"Лето подложит нам всем свинью": новый прогноз метеорологов

Диетолог Соломатина предупредила об угрозе психике при жестких диетах

В Хабаровске произошел крупный пожар в торговом центре

Экология в России и мире

Сериал «Нулевой пациент». Почему повторение истории в наши дни невозможно?

Работники СЛД «Узловая» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие региональном этапе «Время молодых. Работники»

От дистрибутора бренда Gerry Weber в России требуют 1 млрд рублей

Несколько вопросов и ответов для подростков про Инфекции, Передающиеся Половым Путем

Спорт в России и мире

Свентек стала первой полуфиналисткой турнира WTA-1000 в Мадриде

ATP представила новые правила парного тенниса

Российский теннисист Рублев вышел в финал турнира «Мастерс» в Мадриде

Увидит ли Париж Мирру из России? Андреева дает жару в Мадриде и включается в олимпийскую гонку

Moscow.media

HRlink повысил надежность работы сервиса кадрового ЭДО

В преддверии Дня Победы в Великой Отечественной войне росгвардеец рассказал о поисковой деятельности

Продвижение новых песен с высоким результатом

Героическое участие армян в СВО. Часть третья











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Хабаровске работника рудника задержали за кражу телефонов

АЗЕРБАЙДЖАН. Вице-премьеры РФ и Азербайджана подтвердили нацеленность на укрепление связей 

Столичные фабрики произвели более 3,6 млн пасхальных куличей в этом году

Этнобанда промышляла наркотиками в Челябинской области