Мы в Telegram
Добавить новость

Стали известны имена четырех пострадавших в инциденте на «красной» ветке метро

KP.RU: Семья актрисы Анастасии Заворотнюк запретила фотографировать ее гроб

Муж Заворотнюк не сдержал эмоций на прощании с актрисой

Вильфанд сообщил о начале купального сезона в Москве



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ал-Аксада кайрадан кагылышуу болду

Ал-Аксада кайрадан кагылышуу болду

Бейшембиде Иерусалимдеги Ак-Акса комплексинде Израил полициясы менен палестиндер кайрадан кагылышты. Ошол эле күнү эртең менен Израил палестин согушкерлеринин ракета атуусуна жооп кайтарып, Газа тилкесине эки жолу сокку урду.  

21-апрелде Израил полициясы таңкы намаздан кийин Иерусалимдеги Ак-Акса мечити орун алган комплекске кирип барганда ортодо кагылышуу тутанды. Азырынча олуттуу жараат алгандар тууралуу маалымдалган жок. Кабарларга караганда, бул жолку тирешти масштабы жагынан өткөн жума күнкү зомбулук менен салыштырып болбойт.

Палестиналыктардын айтымында, ок өткөрбөгөн күрмө, каска кийген тартип коргоочулар мечитке кирүүнү кыска мөөнөткө чектеп коюшкан.

Иерусалимдин чордонунда орун алган Ал-Акса мечити мусулмандар үчүн ыйык жерлеринин бири. Ал комплексте иудейлердин да ыйык жайы жайгашкан.

Израил полициясы ондогон палестиналык мечитке жашынып алып, тартип коргоочуларга таш, петардаларды ыргытышканын билдирди.

Иерусалимдеги Ислам фондунун жетекчиси Шейх Аззам ал-Хатиб мусулмандар кыйын учурду башынан кечирип жатышканын Рейтерс агенттигине айтты:

“Ыйык Ал-Акса, Ислам фонду, мусулмандар үчүн бул оңой эмес күндөр. Момун мусулмандар мечиттен эвакуацияланып, жөөттөрдүн топтору ыйык Ал-Аксага утур-утур жапырык жасашууда. Бул абдан кооптуу маселе”.

Ушул эле күнү эртең менен Израил армиясы палестин согушкерлеринин ракета атуусуна жооп кайтарып, Газа тилкесине эки жолу сокку урду. Күбөлөрдүн жана коопсуздук кызматтардагы булактардын айтымында, дүрмөт тилкенин эки жерине тийген.

Ал эми шаршембинин кечинде Газадан атылган ракетанын сыныгы Израилдин түштүгүндөгү Сдерот шаарындагы турак жайдын короосуна түшүп, эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу Израилдин полициясы билдирди. Бирок ракетаны ким атканы белгисиз, бир дагы топ ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган жок.

Анын алдында Газаны башкарган ХАМАС кыймылы Ал-Акса комплексинин айланасындагы окуялар үчүн өч аларын билдирген.

Шейшемби, 19-апрелде да тараптар бир-бирине ракета атып, сокку урган. Акыркы бир нече айдан бери Израил менен Газа тилкесинин ортосунда эч кандай аткылашуу каттала элек болчу. Мындан бир жыл мурун да Иерусалимде кырдаал курчуп, ХАМАС Израил аймагын ракетадан аткылаганда 11 күндүк согуш тутанган. 

Соңку аба чабуулдарына палестиндер менен Израил полициясынын ортосунда 15-апрелде болгон кагылышуу алып келди. Ал күнү эртең менен полиция палестиндер жөөттөрдүн ыйык дубалын ташбараңга алып жатышат деп маалымдагандан кийин ортодо жаңжал чыккан. Тартип коргоочулар аларга таш жана петарда ыргыткандан кийин мечитке киргенин, үч кесиптеши жараат алганын кабарлашкан. Палестинадагы Кызыл Жарым Ай коомунун маалыматына караганда, ошол күнкү кагылышууда 150дөн көп палестиналык жарадар болду. 

Палестинанын Тышкы иштер министрлиги бул окуяга жана анын кесепетине Израил "толук жана түздөн-түз жооптуу" экенин билдирген.

Эки күндөн кийин, өткөн жекшембиде Израилдин полициясы коопсуздук күчтөрү менен сөз болгон комплекске кайрадан кирген. Полиция кызматкерлери ыйык жайга жөөттөрдүн баруусун жеңилдетүү үчүн киришкенин, мусулмандардын да, жөөттөрдүн да дин тутуу эркиндигин камсыздоо үчүн чара көрүп жатканын билдирген.

Мусулмандар да, жөөттөр да ыйык деп эсептеген Ал-Акса мечитинин аймагында кагылышуулар утур-утур болуп келет. Бул жолку чыңалууга мусулмандардын ыйык Орозо айы менен жөөттөрдүн Песах майрамынын бир маалга туш келиши да себеп болду.

Эмне дегенде палестиндер Израил Орозо маалында Ал-Аксада чагым салууда деп айыптаса, каршы тарап жаалданган палестиналыктардын тобу намазды үзгүлтүккө учуратуу менен Песах майрамында жөөттөрдүн зыяратын алдын алууну көздөшкөн деп эсептейт.

Чыгыш Иерусалимде жайгашкан Ал-Акса мечитинин айлана-тегереги 1967-жылкы согуштан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Палестиналыктар бул аймакты болочоктогу мамлекетинин бир бөлүгү катары санашат.

Марттан бери Израилде арабдардын бир нече кол салуусунан 14 киши өмүр менен кош айтышты. Ал эми жөөт коопсуздук күчтөрү Иордан дарыясынын Батыш жээгинде жүргүзгөн рейддерде кеминде 29 киши каза тапкан.

Зомбулуктун соңку толкуну кайрадан чоң жаңжал тутанышы мүмкүн деген коркунучка кептеди. 18-апрелде АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс Вашингтон тараптарды чыңалууну басаңдатууга аракет көрүүгө чакырганын билдирген:

“Биз Израилдин жана Палестинанын расмий адамдарын чыңалууну күчөтпөө, коопсуздукту камсыздоо багытында чогуу иштешүүгө үндөйбүз. Мамлекеттик департамент кырдаалга жакындан байкоо салууда жана тараптардын расмий өкүлдөрү менен байланышып, деэскалация аракеттерин сүрөп жатат”.

БУУнун Коопсуздук кеңеши да Жакынкы Чыгыштагы абалды жабык талкуулаганы менен эч кандай билдирүүнүн текстин кабыл алган жок. Европалык бир нече өлкө - Албания, Эстония, Франция, Ирландия жана Норвегия биргелешкен документте зомбулукту токтотууга, ыйык жерлердин макамын урматтоого чакырышты.

Израилдин полициясы 20-апрелде чыңалууну ырбатпоо үчүн ашынган оңчул жөөттөрдүн Иерусалимдеги мусулман кварталынын кире беришиндеги Дамаск дарбазасына карай жүрүшүнө уруксат берген жок.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

По делу о теракте в "Крокусе" проходят 20 обвиняемых

Архитекторы придумали, как привести Екатеринбург в порядок

Собянин поздравил победителей городского конкурса в сфере культуры и искусства

На 85-м году жизни не стало полярного исследователя и депутата Госдумы Артура Чилингарова

Музыкальные новости

«Райский цветник» Бакиханова и азербайджанские фальсификации. ВИДЕО

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» легально изготавливает армии и спецслужбы. 6 серия. СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.

ONYX отправляется в Большой тур по России

«Заставлял Костомарова мыть свою машину, чтоб потом он на ней покатался по парковке!» Илья Авербух рассказал о дружбе с Романом Костомаровым в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3

Новости России

Везти себя хорошо: чем опасны одиночные путешествия и как избежать рисков

Научное покрытие: в РФ нашли способ продлить срок службы аппаратуры в космосе

Хакеры атаковали одну из крупнейших партий Германии

На Камчатке фильм «Огненный лис» показали детям в трудной жизненной ситуации

Экология в России и мире

Спецназ ворвался в прибрежный люксовый отель, а вертолет завис над бассейном: перепуганные туристы на вечеринке стали свидетелями реального боевика

Улыбка сделала слушателя «Юмор FM» миллионером

AlfaBiom выпустили на рынок России БАД с красным ферментированным рисом

ONYX отправляется в Большой тур по России

Спорт в России и мире

Матч Котова и Вавринки перенесли на корт Сюзанн Ленглен

Медведев вышел в 1/8 финала «Ролан Гаррос» — 2024

Синнер повторил достижение Джоковича и Надаля по победам на "Больших шлемах"

Азаренко не смогла выйти в 1/16 финала открытого чемпионата Франции по теннису

Moscow.media

Терминал сбора данных (ТСД) промышленного класса SAOTRON RT42G

Доступный, летний, твой – StarLine A60 BT GSM ECO

Книжные новинки, лаборатория текста и иллюстраций — ждут гостей Московского детского фестиваля искусств «НЕБО»

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса











Топ новостей на этот час

Rss.plus






50 дней без еды. Россиянин выжил после голодовки

BIM-платформа Tangl интегрирована с SIGNAL DOCS

На Камчатке фильм «Огненный лис» показали детям в трудной жизненной ситуации

Американский боксер Глэнтон прогулялся по центру Москвы