“WikiGap. Кыргызстандын айымдары” долбоорунун алкагында "Википедия" кыргызстандык мыкты жүз айымдын ысымы менен толукталды. Эми өз тармагында ийгилик жараткан айымдар тууралуу көпчүлүк кенен маалымат ала алат. Бул долбоордун максаты – ийгиликке жеткен кыргызстандык аялдар жөнүндө кеңири маалыматты коомчулукка жеткирүү.