Мы в Telegram
Добавить новость

Жительница Реутова стала финалисткой IV Всероссийского конкурса «Учимся выбирать»

Тендер на строительство пешеходного перехода через железную дорогу объявили в Лобне

Открыта регистрация на деловую программу выставки «ЭлектроТранс 2024»

Ретейлер Inventive Retail Group открыл первый магазин игрушек

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Казакстандагы башаламандыкты кимдир бирөө пайдаланган"

ЖККУнун чечимине ылайык Кыргызстандын аскер күчтөрүн Казакстанга киргизүүгө макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңеш кошуна өлкөнүн келтирген аргументтерин жакшылап териштирип чыгышы керек. Мындай пикирин мурдагы премьер-министр Феликс Кулов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

 - Жамааттык коопсуздук келишим уюмунунун (ЖККУ) күчтөрүнүн Казакстанга кирүү чечимине кандай баа берип жатасыз?

 - ЖККУнун алкагында биз кол койгон келишимде мүчө мамлекетке каршы куралдуу агрессия болсо, башка мүчө өлкөлөр ага тиешелүү жардам, анын ичинде зарыл болсо аскерий жардам көрсөтүү боюнча дароо чараларды көрүшү керек деп жазылган. Ошондой эле келишимде буга байланышкан чечимди ар бир өлкөнүн мамлекет башчысы, башкача айтканда, президенти кабыл алары көрсөтүлгөн. Мындай келишим 1992-жылы кабыл алынып, менимче 2010-жылы өзгөртүлгөн. Бирок, биздин Конституцияда аскер күчтөрүн Кыргызстандан тышкары жакка чыгаруу боюнча конкреттүү ар бир жолку чечим парламенттин үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынат деп турат. Башкача айтканда, президенттин чечими парламенттен колдоо таппаса жараксыз болуп калат. Анткени Конституция бузулат.

 - Мындай учурда парламент эмне кылышы керек?

 - ЖККУнун келишиминде кайсы бир өлкө коопсуздукка, стабилдүүлүккө, аймактык бүтүндүккө жана эгемендикке коркунуч келтире турган агрессияга, куралдуу чабуулга туш келсе, ал ЖККУга мүчө мамлекеттердин бардык өлкөлөргө коркунуч келтире турган агрессия катары каралат. Агрессия болуп жатканын кантип далилдөө керек? Азырынча Казакстандын презденти Токаевдин гана билдирүүсү бар. Ал Казакстандагы агрессияны тааныганга ЖККУга негиз болуп бере алабы деген суроо пайда болот. Казакстандын эл шайлаган парламенти эмне дейт? Биздин парламент негиздүү чечим кабыл алыш үчүн тиги тараптын каалоосун так билиши керек.

Токаев “агрессия, жардам бергиле” деп атат. Бул көчөдөгү мушташ эмес да. Жөнөкөй жарандардын кызыкчылыктарын козгой турган мамлекеттик деңгээлдеги маселе. Биз кандай жардам керек экенинин билишибиз керек. космодромду, аэропортторду, аскер бөлүктөрүн, артиллериялык кампаларды коргош керекпи?

Шаарды тартипке келтирүүгө күч жетпей жатат. Бирок, биз алар менен бирге элди тынчытканга аралашпайбыз. Анда биз аргасыз эл менен кагылышып калабыз. Бул өздөрүнүн, атайын кызматтарынын иши. Биз кайтарууга гана катыша алабыз. Кыргызстанга тиешелүү экинчи маселе, биз транзит жагынан Казакстанга абдан көз карандыбыз. Бул жагынан “келгиле, ушул трассаны айдоочулар жайбаракат каттагыдай, талап-тоноого жол бербегидей кайтаралы” деп айтсак болот . Себеби, биздин экономика жабыркаган атпайбы.

Мен мындай вариантты биздин тажиктер жардам сураганда сунуш кылгамын. Мен ал жакка сегиз ирет тынчтык орнотуучу миссия менен баргам. Биздин парламент ал жакка жиберүүдөн баш тарткан.

 - ЖККУга мүчө мамлекеттердин бири, маселен, Кыргызстан баш тарта алабы?

 - Келишимде көрсөтүлгөн боюнча токтоосуз жардам көрсөтүүгө биз милдеттүүбүз. Баш тартуу келишимди бузуу болуп саналат. Бизге "төө куш саясаты" эмес, жеке кызыкчылыктарга таянган рационалдуу саясат керек.

 - Саясат таануучулар Казакстан куралдуу күчтөрү жетиштүү, кубаттуу өлкө болуп туруп, ЖККУдан жардам сураганын ар кандай чечмелеп жатышат. Эмне үчүн өз күчүн пайдаланган жок?

 - Күч түзүмдөрү тарабынан өтө чоң ката кетти. Бизде деле күч түзүмдөрү туура эмес, акыл калчабай пайдаланылганын мисал келтирсек болот. Милиция бейтарап позицияда турушу керек эле. “Коомдук тартипти бузбай, кыйкырып, желиңерди чыгаргыла. Митинг өткөрө бергиле” деш керек эле. Камап, кубалап, басмырлоо туура эмес болгон. Ошон үчүн элде нааразылык көбөйдү.

 - Казакстандын бийлиги элдин социалдык талаптары менен башталган акциялардын башаламандыкка айланышын агрессиянын, тышкы күчтөрдүн таасири катары баалап жатат. Сиз ишенип жатасызбы?

 - Токаев "эл аралык террорчул куралчан агрессорлор кайсы бир жолдор аркылуу аймакка кирген" деп атат. Булар, балким, кайсы бир учурду пайдаланып башын көтөргөн “уйкудагы уюмдар” чыгаар. Бир нече бандиттин чабуулунан мынчалык коркпосо керек деп ойлойм. Демек, кандайдыр бир белгилер, чагымчылар болгон. Ага жараша ушундай кадамга барган. Токаевде элге расмий ачыктабаганы менен, аргументи бар го. Атайын кызматтар убагында маани бербей, жагдай курчуганда кайсы окуянын артында ким турганын көрсөтүп берген. Азыр бир нерсе деп айтууга болбойт. Анткени маалымат өтө аз. Бирок, өлкөдөгү башаламандыкты кимдир бирөө пайдаланган деген тыянак чыгарса болот.

 - Казакстандагы башаламандыкка эмне себеп болду?

- Көйгөйлөр он жылдап чогулган. Дагы бир маанилүү учур  - коомчулук ар кандай маалымат алууга ачык. Интернет аркылуу маалымат кеңири таратылат. Бул өз кезегинде нааразылыктарды, ишенбөөчүлүктү жарата турган атмосфераны түзүп, ал жыйнала берет да, бир учурда шампандай атылып кетиши мүмкүн. Эл жөн эле чыкпайт, социалдык тармактарды пайдалануу “араб жазынан” байкалган. Ирандагы бензинге баанын көтөрүлүшүнө каршы жарым жылдай мурун 2 млн. киши чыккан. Аны эч ким уюштурган жок. Ошол сыякту эле Жаңы-Өзөндө деле, Атырауда деле лидер болгон жок да. Мисалы, Аблязов отуруп алып бир нерсе айтымыш болуп атат, аны ким угат? Анын баркы жок. Кожагелдинде деле андай кадыр жок. Алар чет өлкөлөрдө отурушат.

 - Ошол эле сиз айткан мурдагы премьер-министр Кожагелдин казак бийлиги ЖККУну чакырып, чоң ката кетирди деп билдирди. ЖККУнун кириши эгемен өлкөнүн келечегине кандай таасир этиши мүмкүн?

 - Балким, мен жаңылып жатам. Бирок, Токаев жана анын жакындары ЖККУну коркуп кетип чакыра калды деп айтууга болбойт. ЖККУнун катчылыгы деле кандайдыр бир маалыматы жок туруп келишим боюнча жардам көрсөтүүгө бармак эмес. Демек, кандайдыр бир коркунуч бар. Ошол коркунучтун жайылып кетишинен булар коркуп атышат. Балким, Казакстанда, Алматыда дестабилдештиргиси келген салафиттер, башка агымдар пайда болгондур, демократияны өнүктүрүү шылтоосу менен кандайдыр бир азык берилип жактандыр. Бандиттер да пайда көргүсү келет. Эл аны билбей туруп, пайдаланып коюшу мүмкүн.

 - Талдоочулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен стабилдүү өнүгүп жатканы айтылган Казакстандагы кырдаалды күтүүсүз жерден чыкты деп жатышат. Чын эле эмне үчүн Казакстанда чыкты?

- Бир мисал, 2005-жылы ыңкылап болгондо бир аксакалдан “ыңкылап болобу дагы” деп сураса “кан төгүлбөсө болот” деп айткан экен. Кийин 2010-жылы кан төгүлгөндөн кийин “эми көпкө чейин башаламандык болбойт” деп айтканы тууралуу кеп жүрөт. Тажикстан деле ошондой. Ал жак менен көп байланышым бар. Жарандык согушта ар кандай булактардын маалыматы боюнча 100 миңден 150 миңге чейин жай тургундар өлгөн. Адамдар коркот, бизге согуш эмес, тынчтык керек дешет.

Казакстанда Жаңы-Өзөндөн башка мындай окуя бир да жолу болгон эмес. Ал борбордон алыс болгон, аны өтө катуу басышкан, маалымат чыгарышкан эмес. Ал окуя анча алыс эмес болсо да муундардын эстутумунан өчүп калган. Азыр болсо көп факторлор роль ойноп коюушу мүмкүн. Мындайга жол берилбеши үчүн баарын өздөрүнүн, башкалардын тажрыйбасында териштирип чыгышы керек. Тынчтыкты камсыз кылуу керек. Ооганстандан кийин Борбор Азияны “жаруу" кимдир-бирөө үчүн пайдалуу болушу мүмкүн.

-Жогорку Кеңеш маселени кароону 7-январга калтырды. Кандай чечим күтүп жатасыз?

-Парламент саясий жактан жетиктигин, юридикалык даярдыгын ушунда көрсөтүшү керек. Алар өз жүзүн көрсөтүшөт. Эл кандай өкүлдөрүн шайлаганын көрөт. Эгер алар президентке шилтеме жасаса, ал олуттуу мамиле болбой калат. Анткени парламент аскердик күчтөрдү жиберер-жибербесин Конституцияга ылайык жеке өзү ачык добуш аркылуу аныкташы керек.

-Бул жерде Конституция биринчи турабы же ЖККУнун уставыбы?

-Эгер ЖККУнун уставы Конституцияга каршы келбесе, Жогорку Кеңеште ал ратификацияланса, ал аткарылышы керек. Аны парламент бышыктоо шарты бар.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Движение автомобилей на некоторых улицах в центре Москвы ограничат 11 июня

Настя Ивлеева попыталась монетизировать скандал с "голой" вечеринкой

Резиденты ОЭЗ «Дубна» наладили экспорт продукции более чем в 100 стран

В Москве пройдет первый туристический форум БРИКС

Музыкальные новости

«Виртуальный Западный Азербайджан» - кладезь фальсификаций

УЗИ и КТ при диагностике урологических заболеваний: что выбрать

В 16-ти городах состоялись первые этапы «Чемпионата «Школы Росатома» по хоккею на траве 5+»

Об отношении к русским в Азербайджане

Новости России

Мособлдума рассмотрит законопроект о ежемесячных выплатах для соцработников

В коттеджном поселке «Кембридж» в Истре ввели в эксплуатацию еще четыре таунхауса

Около 219 дорог в рамках нацпроекта отремонтируют в Подмосковье в 2024 году

Эксперты дали советы, как выбрать солнцезащитный крем

Экология в России и мире

Купаться надо уметь: правила, которые сохранят вам жизнь

Армянские ковры Арцаха (Карабаха) с уникальным орнаментом представлены как «генетический код» Азербайджана - сайт monumentwatch

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

«Янника Синнера очень рано сравнивать с Роджером Федерером» // Тренер мужской сборной России по теннису Игорь Куницын — о главных событиях Roland Garros

Итальянский теннисист Синнер стал лучшей ракеткой мира в рейтинге ATP

Moscow.media

Этот знакомый надежный «японец» снова в России в новом поколении: известна цена

"Дети в шоке". В Новоуральске машина ДПС сбила байк с детьми 13-ти и 8 лет

Быстро как. У хуситов появилась гиперзвуковая "Палестина". Наши подвезли?

Трасса М-12 Восток будет продлена до Тюмени в 2025 году











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Ретейлер Inventive Retail Group открыл первый магазин игрушек

Тендер на строительство пешеходного перехода через железную дорогу объявили в Лобне

Настя Ивлеева попыталась монетизировать скандал с "голой" вечеринкой

Подмосковные студенты смогут посетить экскурсии по кабельному заводу в Подольске