Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 7-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2814 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирусту жуктуруп алган дагы 247 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (151 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 484 адамга жетти.
Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.