Австралия дүйнөлүк рейтингинде биринчи сапта турган сербиялык теннисчи Новак Жоковичти вакцина алуудан баш тартканы үчүн өлкөдөн чыгарышы мүмкүн.
Ал шаршембиде Australian open турниринде өзүнүн чемпиондук титулун коргоо үчүн Австралиянын Мельбурн шаарына учуп келген. Чек ара кызматы аны COVID-19га каршы вакцинаны албоо үчүн медициналык кагазды негизсиз алган деп тапты. Полиция Жоковичти аэропортто үч саатча кармаган. Маалыматта анын визасындагы эмдөө жөнүндө маалыматы туура эмес толтурулганы айтылат.
Эреже боюнча мелдештин катышуучуларынын баары эмдөөдөн өтүп, же көз карандысыз комиссиянын атайын уруксатын алышы керек. Австралия бийлиги анын визасын жокко чыгарып, бейшембиде аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Теннисчинин адвокаттары сотко даттанып, соттук отурум бейшембинин таңында өттү. Соттук кароо бүткөнгө чейин ал Мельбурндагы мейманканага жаткырылган. Кийинки соттук отурум дүйшөмбүгө белгиленди.
Сербиянын президенти Александр Вучич бул жагдайга байланыштуу "Инстаграм" баракчасына "өлкө бийлиги планетанын эң мыкты теннисчисине карата куугунтукту кыска мөөнөттө токтотууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын” жазды.
Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон “спортчу жалпы эрежелерге гана туш келип калганын” билдирген. Спортчу вакцинаны алуудан баш тартуу бул анын жеке иши экенин кабарлап, себебин түшүндүргөн эмес.
Australian open турниринин уюштуруучулары оюнга вакцинасыз катышуу үчүн уруксатты бири-биринен көз карандысыз эки комиссия чечкенин маалымдады. (ErN)