Мы в Telegram
Добавить новость

Виктория Боня объяснила, почему вернулась в Россию

Суд постановил арестовать зампреда правительства Алтайского края Кибардина

СКР: девушка сорвалась со скалы на Быковских порогах в Сахалинской области

Московскому педиатру Буяновой продлили срок ареста по делу о фейках об армии



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

"Дүйшеке, Базарбайдын сөзүн кайдан таап алгансыз?"

Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 2010-жылы Токтоболот Абдымомуновдун “Абийир кечирбейт” драмасын сахналаштырдым. Аксакалдын ролун Эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов аткарды.

Бир жолку репетицияда Дүйшөн байке өзүн жаман сезип, “көзүм караңгылап кетти” деп сахна артына басып кетти.

- Үйгө барып дары ичип эс алыңыз, башка актыны репетициялайын,- дедим.

- Ничего неподобного, аягына чейин иштейбиз,- деп көгөрдү.

Дүйшекем экөөбүз бассак-турсак баарлашып, ага-инидей бирге жүрдүк. Эки күн мурда сыналгыдан “Акбаранын көз жашы” тасмасын көргөн элем.

- Дүйшеке, Базарбайдын “ничего неподобного” деген сөзүн кайдан таап алгансыз?

- Айылда кой баккан бир байке бар болчу, жүз грамм арактан бастырганда эле атын камчыланып “ниче неподобно” деп кыйкырып чаап жөнөчү. Жанагы Базарбайдын кийген тонундай тону бар эле, жайы-кышы жонунан түшүрчү эмес. Баккан койлору дагы аксак-тексек, ылаңдаган кой-эчкини багат. Анын орусча билген сөзү “ниче неподобно” болсо керек. Кинорежиссер Дооронбек Садырбаев байке мени биринчи Бостонду ойнойсуң деген. Мен кыялымда Бостонго даярдангам. Анда Ош театрында иштечүмүн. Бир күнү Бишкекке кинопробага (азыркыча кастинг) чакырып калышты. Учакка билетке жетишпей калып, жол тосуп бир КамАЗ менен жолго чыккам. Орто жолдон бузулуп, жол азабы, көр азабы болду. Сакал-мурут өскөн, жуунуп-таранбай эле түз киностудияга бардым. Экинчи режиссеру кинопробага киргизди. Бүткөндөн кийин Дооронбек байке келип, "бүттү, Базарбайды ойнойсуң" десе болобу. Режиссер айтып аткандан кийин жок демек белем, макул болдум. Кийин тасма тартыла баштаганда жанагы Тайкүрөңдү минип камчыланып бастырып баратып, "ничего неподобного" десем, Докем "во, ушул сөзүң жакшы экен, ушуну кошуп кой" деди. Ошентип, Базарбайдын төл сөзү "ничего неподобного" болуп калган".

Байдөбөтовдун киноактер катары андан аркы жолу шыдыр уланып, көптөгөн образдарды жаратты. “Акбаранын көз жашы” тасмасы тууралуу кеп болгондо, кызыктуу учурларды эскерип калаар эле.

- Жанагы Базарбай аялын сабаган жери бар эмеспи, ошол жерде аялыма (ролду Жамал Сейдакматова аткарган) кол көтөрө албай жаман болгом. Жамал эже көшөрүп, "Ур! Ура бер, эч нерсе болбойт" дейт. Мен эзели аялга кол көтөрбөгөн жан болбосом, кантип урам! Анан экөөбүз репетиция жасап жатып, нары жактагы жыйылган көңдү ылайыктап жыйдык дагы аялымды урумуш болуп күпүлдөп атып, мага жулунган Жамал эжени эки ийнинен кармап түртүп жиберсем, көңгө жыгылган. Кудай жалгап, ошол эпизод эки дубль менен тартылды. Кинонун аяк жагындагы Базарбай ашканада Бостонду тумшукка урган жериндеги картинада дагы Советбек Жумадылов байкеге (Бостон) кол көтөрө албай койгом. Турмушта Советбек байкени өтө урматтап сыйлачумун. Кино тартылганга чейин экөөбүз сахна урушунун (сценический бой) эрежелери менен репетиция кылып алдык. Бир кезде тартып башташты, жакшы эле Бостонго ызырынып келип бет талаштыра урайын деп, ура албайм. Советбек байкенин күлмүңдөгөн көздөрүн карап алып урганга даабайм. Үч-төрт дубль тартылды, болбоду. Дооронбек байке ачуусу келип, экөөбүзгө катуу айтты. Кайра дагы бир дубль тартканда образга кирип, "ничего неподобного" деп, Бостонго кол көтөргөнүм жаккан. Кинодо ошол эпизоду калды".

"Акбаранын көз жашы" тасмасын 1989-жылы кинорежиссер Дооронбек Садырбаев тарткан. Ушул сүйлөшүүдө:

- Байке эми, "ничего неподобного" дебей саламаттыгыңды кара? Догдурга барып көрүнүп организмди эс алдырып, бир сыйра дарыланып ал?-дедим.

- Есть, товарищ режиссер! - деп колун чекесине тийгизип койду. "Абийир кечирбейт" спектаклинин бет ачары абдан жакшы өттү, театрдын залында бош орундук жок. Көпчүлүгү жаштар, узакка созулган дүркүрөгөн кол чабуу. Гүлдесте, "браво" деген үндөр.

- Ничего неподобного, театрга эл келбейт деп нааразы болуу бекер тура, жакшы спектаклге зал толот турбайбы, - дедим кубана.

Байдөбөтов киноактер катары “Айсулуунун талаасы” тасмасында Сабырдын, “Каныбекте” Түлкүбектин, “Саманчынын жолунда" Субанкулдун, "Токтогул" тасмасында Токтогулдун, Базарбай (“Акбаранын көз жашы” ), "Мен - Тянь-Шань" тасмасында Ильястын, кийинки муундагы режиссерлордун бири Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" тасмасында айдоочунун образын жаратты. Театр актеру катары жүздөгөн спектаклдерде башкы ролдорду аткарган.

Дүйшөн Байдөбөтов 1949-жылы 5-январда Чүй облусунун Ысык-Ата районунда төрөлгөн. 1972-жылы Москвада А.В.Луначарский атындагы мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүп келип, алгачкы эмгек жолун Ош драма театрын түзүүдөн баштаган.

Кыргыз эл артисти Дүйшөн Байдөбөтов 2018-жылы 7-июлда ааламдан өттү.

Ошондо Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург Султан Раев залкарды кабыргасы кайышып жоктогон эле:

“Эсиме Дүкөмүн мукамдуу созгон "каркыралары", бир кырка тизилип учуп бараткан каркыралары келди. Ошол каркыралардын сабына Дүкөмдүн жаны кошулду. Бул каркыралар түбөлүктүүлүктүн, түпсүз дүйнөнүн, актыгы үзүлбөгөн акыреттин, жалгандан чындыктын ааламына, азиреттин ааламына учуп баратты. Дүкөмдү эң оболу адам катары эстедим. Ак көңүл, дүйнөсүндө акшактын кыпынындай кири жок, пакиза адамдыгын эстедим. Дүкөм алдынан чыккан балага да, периштедей болгон секелек кызга да, кексе абышкага да, айтор адам аттуунун баарына мээрим төгүп, алардын баарына жан дүйнөсүнөн орун берип, ар биринин акыбалын, ар биринин саламаттыгын сурап чыгар эле. Жүрөгү тоодой бийик, тоо гүлүндөй назик, эч бир адамга кара санабаган, эч бир адамга жаман сүйлөбөгөн, адам нуру жүзүндө чайылып турган өзгөчө бир жан эле”,-деп өксүгөн.

Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин "Дүйшөн Байдөбөтов дүйнөбүздү эңшерип кетти" деп жазган.

“Бир Илястын ролу менен миллиондор үчүн жаштыктын эн белгисине айланганы - эмне деген өнөр, эмне деген феномен! Ооба, ошондогу биздин ЗИЛ айдагыбызды келтирбедиби! Зилдеп сүйүп ырдагыбызды, жыргагыбызды, ыйлагыбызды келтирбедиби! Башканы кой, кийген купайкесинен жаштыктын, сүйүүнүн табы уруп турчу го! Бийиктикке, бийиктерге, ашууларга ашыктырчу! Авариясыз чыккыбыз келчү ашууларга! Айтматовдун дагы бир каарманы Базарбайдын ролун аткарганда эсибизди оодарганын айт. Бу талант деген - турмушту таптакыр эле аңтар-теңтер кылып көрсөтө алган сыйкыр белем. Өзүнүн антиподун - өзүнүн керт башынын ролун ойногондон артык ойнободубу! Дагы эмне деп түшүндүрсөм - кайберен карышкырдын кебете-кешпирин карышкырдан артык окшоштургандай.

Бир жолу сураганым бар:

- Дүйшөке, Чыңгыз Айтматовдун каармандарынын ролдорун аткарып жүрөсүз. Ал киши ыраазычылыгын кандай билдирди?

- Чыкем аябай үлкөн, зор киши эмеспи. Жеке бөлүп ыраазычылык айтпайт. Бириктирип, жалпыга бир ырахматын, ыраазычылыгын айтат. Андан жакшы жери, а кишинин каармандарынын ролун начар ойносоң деле нааразы болбойт, - деп кашкая жылмайган.

Дүйшөн Байдөбөтов Токтогул менен Барпыга тоголонуп эле асмандан түшө калгандай бап келчү. Көчөдө жүрсө деле эки генийди эки өңүрүнө катып жүргөндөй туюлчу. Көзүн жумса - Барпы эле, көзүн ачса - Токтогул эле. Ак жегденин (жакасыз ак көйнөктүн) жарашканычы! Көкүрөктүн тололугучу! Добушунун көркөмдүүлүгүчү! Акыркы көрүшүмдө - Абдымомунов театрынын 90 жылдык мааракесинде ТҮРКСОЙдун Токтогул медалын көкүрөгүнө тагып жатып да жегденин айрыкча жарашканына, көкүрөгүнүн тололугуна көз токтотконум эсте. Ал күнү дагы ак жегде кийип келиптир. Ырдаганы өзүнчө башка ырахат эле! Көп ырчылар ырдап атканда - доошун уксаң жетиштүү го. Дүйшөн Байдөбөтовду бир гана тыңшоо, угуу жетишсиздик кылчу. Көрүп, тыңшабасаң болчу эмес. Ошондуктан көз албай тыңшаган адамдар анын кылган кыймылына, баскан багытына карата ыргалып, кези келсе, тимеле жерге суналып жата калуучудай акыбалга жетишчү! Айрыкча "Долондон канатын кайрып алганын", "Каркыралар кайда учасыңар?" деп суроо койгонун кулак менен эле эмес, көз менен дагы, көз менен эле эмес, толук дене бой менен дагы тыңдап балкышчу адамдар!

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Стало известно, россияне каких знаков зодиака чаще берут потребительские кредиты

Хронические заболевания выявили у четверти обследованных пациентов Ступина

«112»: Сын адвоката Семена Мельницкого забил ножом домработницу в Новой Москве

«Локомотив» и воронежский «Факел» сразятся на столичной «РЖД Арене»

Музыкальные новости

Яндекс.Недвижимость: за месяц однушки в новостройках Москвы подешевели на 4,5%

«Пятёрочка» подарила 1 000 000 рублей Дзержинской школе по итогам «Здоровой Олимпиады»

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»

Новости России

Тендер на благоустройство бульвара Болотова объявили в Серпухове

Поколение секонд-хенда: почему люди стали чаще одеваться в комиссионках

Пенсионерам — выгоднее: «Выберу.ру» подготовил рейтинг лучших кредитов за апрель 2024 года

МИД: Россия примет ответные меры на запрет в Европе российских СМИ

Экология в России и мире

Армяне России поддерживают движение «Тавуш во имя Родины»

Кладезь полезных свойств: Кутушов рассказал о пользе шлемника байкальского

Где провести бизнес-встречу в Ростове-на-Дону?

"Глория Джинс" открывает первые магазины Ready! Steady! Go!

Спорт в России и мире

Стало известно, при каком условии Медведев может опуститься на 5-е место рейтинга ATP

«Спартак» подарит Циципасу клубную футболку

Виктория Азаренко пробилась в четвертьфинал турнира WTA в Риме

Свищёв: МОК и ITF не будут реагировать на призывы наказать Хачанова

Moscow.media

15 мая в системе Следственного комитета Российской Федерации отмечается 157-я годовщина со Дня образования военных следственных органов

Страдания юного Аюша Булчун

Военные следственные органы Следственного комитета Российской Федерации отмечают 157-ю годовщину образования

Правоохранители проверили бывших мигрантов в Джанкое











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Москве поймали педофила, заставлявшего ребенка посылать ему интимные фото

Поколение секонд-хенда: почему люди стали чаще одеваться в комиссионках

Неадекватного пассажира, утверждавшего, что он участник СВО, сняли с поезда Челябинск-Москва

Стало известно, россияне каких знаков зодиака чаще берут потребительские кредиты