Улан Сарбанов Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.
Сарбанов буга чейин Салык консультанттарынын палатасындагы аттестациялык комиссияда жана Экономика министрлигинин алдындагы эксперттик кеңеште мүчө болгон, Улуттук илимдер академиясында, Борбор Азиядагы Эл аралык университетте, Кувейт университетинде жана бир нече банктарда иштеген.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматын буга чейин Арзыбек Кожошев жетектеген. Ал 12-13-октябрда түзүлгөн Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басарлыгына дайындалган. (ErN)