Мы в Telegram
Добавить новость

Основные события Кинешмы в программе «Неделя»

Сотни новых самолётов в ближайшие сроки - похоже, в России готовятся к серьёзному усилению ВКС.

Рынок доставки продуктов вырос на 55%

В стиле БРИКС: кого из звезд болельщикам ждать на Играх в Казани

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргыз боксундагы кризис

Кыргыз боксундагы кризис

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусунун кызматтан кетүүгө арыз жазганы спорт жаатындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды.

Машыктыруучулар эмнеге кызматтан кетти?

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын машыктыруучулары каржылоо токтогондуктан кызматтан кеткенин жергиликтүү бир катар маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазып чыкты.

Көп өтпөй бул кабарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери боюнча министрлиги четке кагып, башкы машыктыруучу өзү арыз бергенин билдирди.

Спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциянын башчысы Нурлан Исмаилов бардык машыктыруучулар олимпиадалык цикл боюнча төрт жылда бир кайра дайындалат дейт.  

“Жусубалиев Данияр агайды (башкы машыктыруучу-ред.) эч ким кетирген жок. Ал өз каалоосу менен "цикл бүттү" деп арыз берди. Жылдын аягына чейин дагы мелдештер болгондуктан арызды кабыл алган жокпуз. Машыктыруучу курам менен кеңешип, федерация менен чогулуш өткөргөндөн кийин кайсы машыктыруучулар менен төрт жылга келишим түзөрүбүзгө сунуш берет. Ошого карата чечим чыгарабыз”, - деди Исмаилов.

Министрликтин расмий маалыматына ылайык, бокс боюнча курама командага төмөндөгүдөй каражат бөлүнгөн.

2018-жыл - 4 млн. 515 миң сом

2019-жыл  - 8 млн. 452 миң сом

2020-жыл  - 3 млн. 277 миң сом

2021-жыл - 4 млн. 686 миң сом.

Бокс тармагында көйгөй көп...

Бокс боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев келишим аяктаганына байланыштуу кызматтан кетип жатканын билдирди. Жусубалиев “акча каражатына байланыштуубу” деген сурообузга “бокс тармагында көйгөй көп” деп кыскача гана жооп берди.

Ал эми арыз жазды деген дагы бир машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу “төрт жылдык цикл аяктагына байланыштуу” деп гана кыскача пикирин айтты.

“Төрт жылдык цикл бүттү. Эми кайра федерация келишим түзүп, өкмөт бекитиши керек. Өкмөт тараптан жакшы эле акча болот. Болгону федерация жакшылап иштеши керек”, - деди Улан Төлөнбай уулу.

Бокс федерациясына айтылган сын

Соңку мезгилде айрым спорт серепчилери Кыргызстанда бокс тармагы кризиске кептелгенин айтып, буга федерацияны күнөөлөп келишет. Акыркы Токио Олимп оюндарына бул спорттун түрүнөн бир дагы мушкер лицензия алган жок. Мурдагы курама командалардын биринин мүчөсү, ысымын атагысы келбеген мушкер пикири менен бөлүштү:

“Мисалы, күрөш же дзюдо федерациясын алып карайлы. Алар мамлекетти гана карап отура бербестен демөөрчү издеп, карыздап болсо да балдарын мелдешке жибергенге аракет кылат. Биздики бир гана мамлекетти карап отурат. Мындайча айтканда, жумушка көңүлү жок. Муну баары эле билет, бирок машыктыруучулар, спортчулар эч кимиси федерацияга ачык айтпайт. Машыктыруучуларга деле баары бир болуп калды. Эптеп айлык алса, жер көрсө болду. Өзбекстандагы Олимпиада чемпионунун машыктыруучусу кыргыз улутундагы  Зиятдинбек Тойгонбаев деген бар. Үч-төрт жыл мурун Шопоков турнирине келгенде сүйлөшкөм. Ал "Кыргызстанга башкы машыктыруучу болуп бер" десе "макул болмокмун" деген. Федерация ушундайларды издеши керек болчу”, - деди спортчу.

Кыргызстанда Бокс федерациясынын президенти болуп Бакыт Калмурзаев иштеп келет. Ал эми анын орун басарлары “Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев жана дүйнөнүн бокс боюнча бир нече жолку чемпиону Орзубек Назаров.

Федерациянын вице-президенти, “Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Умбеталы Кыдыралиев бокс тармагын өнүктүрүү үчүн каржы керек экенин билдирди.

“Кеп федерацияда эмес. Федерация деген коомдук бирикме, коомдук башталгычтагы иш. Азыр бир аз өйдө-ылдый болуп жатат. Кудай буюрса бул маселе чечилет. Буюруса, боксту эл аралык деңгээлге чыгарабыз”, - деди Кыдыралиев.

Анткен менен профессионалдык бокс боюнча эл аралык мелдештерде ийгилик жараткан мушкер Алмазбек Райымкулов спорттун бул түрүнө демөөрчүлөрдү тартуу жеңил жана мамлекеттен бөлүнгөн акчага жакшы жыйынтык көрсөтсө болот деп эсептейт. Райымкулов бокс тармагынын жетекчилерин кескин сындады.

“Акча өкмөттөн, ишкерлерден келет. Сүйлөшүп, аракет кылса "спортту көтөрөлү" деп салым кошкону демөөрчүлөр келет. Бирок, алардын кошкон салымы спортчуларга жетпей калып жатат. Калмурзаев, Кыдыралиев, Назаров жана башкалары бар бокс өнүгөт? Буларды бетине айта берип душманга айландым”, - деди Райымкулов.

Спорт тармагын чагылдырып жүргөн журналист Самат Жумакадыров өз блогунда спорттун бул түрүнө көңүл бурулбай жатканы өкүнүчтүү экенин жазды.

"Азыркы учурда боксту өлкөдө жыйынтык көрсөтпөй калган спорт түрлөрүнүн катарына кошуу осол иш. Себеби, бокс мектептер жана базалар, тажрыйбалуу машыктыруучулар катардан четтей элек. Спорт агенттиги спорттун бул түрүнө далысын салса, колдогу бар алтын агып кетмекчи".

Кыргыз мушкерлери Олимпиада оюндарынан байгелүү орундарга илине элек. 2016-жылы мушкер Эркин Адылбек уулу Олимп оюндарында жалгыз лицензия алган. Андан мурун 2008-жылы кыргыз мушкерлеринин ичинен Асылбек Таласбаев гана жалгыз лицензия алган.

Буга чейин Кыргызстандын Күрөш федерациясы спорттун бул түрүнө мамлекеттен жетиштүү колдоо болбой жатканын айтып, кайрылуу тараткан эле.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Заслуженная артистка России Галина Свербилова ушла из жизни

Суд арестовал подозреваемого в убийстве зампреда движения "Зов народа" Еговцева

В столице Карачаево-Черкесии прошел фестиваль духовной музыки

Лидер рок-группы "Пасека" Роман Медвёдкин задержан в Москве

Музыкальные новости

В ПРЕДДВЕРИИ ДНЯ РОССИИ РОСГВАРДЕЙЦЫ ПРОВЕЛИ ПРАЗДНИЧНОЕ МЕРОПРИЯТИЕ ДЛЯ ДЕТЕЙ

Медийный баскетбол, киберспорт и турнир ММА: Константин Пухов рассказал о мероприятиях Международного центра бокса (Наташа)

За месяц в Пулково столкнулись два самолета и задержали несколько рейсов

Яндекс, А.С. Пушкин, Святой Ленин ведут следствие. Настоящая сенсация!

Новости России

За что расстреляли создателя СМЕРШа

Анатолий Цой признался, зачем ему телешоу

В Китае на глубине 16 метров найден шеститонный саркофаг с сокровищами

Путину предложено перенести столицу России в Сибирь

Экология в России и мире

Новые электрические щетки Revyline RL 085 Black доступны в филиале марки в Ставрополе

Об отношении к русским в Азербайджане

Подсаживал к обезьяне птицу и вымогал у туристов 20 тысяч рублей: в Сочи арестован фотограф, действующий по накатанной схеме

Антисанитария в службах доставки: токсиколог Кутушов рассказал, почему опасно заказывать еду

Спорт в России и мире

Зверев вышел в финал «Ролан Гаррос»

Испанец Карлос Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису

Зверев и Рууд не пожали друг другу руки после полуфинала «Ролан Гаррос» – из-за проблем с желудком у норвежца

Ига Свентек в четвертый раз выиграла Открытый чемпионат Франции по теннису

Moscow.media

Работать там, где удобно: беспроводная гарнитура Fstyler BH230 от A4Tech

Остров Огой.

Бурятский Театр кукол Ульгэр в Улан-Улан-Удэ показал в Этнографическом музее народов Забайкалья перед детьми и родителями в семейный праздник сказку Колобок - Новости и Культура, Дети и Россия

Гора Бабырган











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Противники Пашиняна направились к зданиям парламента и администрации президента

В Москве взяли на контроль дело учителя-педофила из Карелии

В Китае на глубине 16 метров найден шеститонный саркофаг с сокровищами

За что расстреляли создателя СМЕРШа