Америкадагы кыргызстандыктар Эгемендиктин 30 жылдыгын быйыл Чикаго шаарында белгилешти. Эки миңдей адамдын башын бириктирген майрамдык салтанатты “Кыргыз комюнити центр” деп аталган уюм өткөрдү. Иш-чаранын алкагында спорттук таймаштар, кыргыз коомдук борборунун бизнеc-форуму уюштурулду. (Видеоматериал Bonel Production компаниясынан алынды)