Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында 8-июлда түштөн кийин кайрадан ок атышуу болду. Эки тараптан тең курмандыктар бар экени кабарланууда. Эки өлкөнүн Чек ара кызматтары окуя үчүн бири-бирин айыптаган маалымат таратышты.
Чек арадагы атышуу тууралуу кабарды алгач Тажикстандын улуттук "Ховар" агенттиги жазып чыкты. Андагы маалыматта "8-июль күнү саат 14:55 чамасында кыргыз-тажик чек арасынын Согд облусунун Деваштич районундагы бөлүгүндө дагы ок атылды" деп жазылган. Агенттик кыргызстандык төрт чек арачы мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп келгенин Тажикстандын Чек ара кызматына шилтеме берип кабарлады.
"Деваштич районунун тургундарына таандык тогуз жылкыны Кыргызстанга айдап кетүүнү көздөшкөн. Тажикстандык чек арачылардын чек ара бузулганы тууралуу эскертүүсүнө кыргыз чек арачылары автоматтан ок атышкан. Тажик чек арачыларынын жооп иретиндеги огунан эки адам жаракат алды», - деп жазылган билдирүүдө.
Кийинчерээк Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы окуя тууралуу маалымат таратып, ок атышууга тажик чек арачылары себепкер экенин билдирди.
"Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районундагы чек ара аймагында жайгашкан Наумин ашуусунда атчан баратып, Чашмагилдан тилкесинде Тажикстандын чек арачыларынын чабуулуна кабылган. Натыйжада, эки тараптан тең ок атылган. Жабыркагандар тууралуу маалымат такталып жатат".
Учурда Чек ара кызматынын Баткен облусундагы өкүлү Кыялбек Төлөнбаев жана башка күч кызматтарынын жетекчилери окуя болгон жерге жөнөп кеткени, эки тараптан тең бул окуя териштирилип жатканы маалым болду.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облусунун жетекчилери окуяны талкуулап, анын себебин чогуу иликтөөнү чечкенин "Азаттыкка" кабарлады.
Атышууда канча киши каза болгону тууралуу так маалымат азырынча бериле элек. Баштапкы маалыматтарда эки тараптан тең жоготуулар бар экени айтылган. Абдикарим Алимбаев билдиргендей, киши өлүмү боюнча маалымат такталууда:
"Лейлек районунун Көк-Жайлоо тилкесинде Кыргызстандын чек арачылары нөөмөттө жүрүп, тажикстандык чек арачыларга бет келген учурда ортодо уруш чыккан. Натыйжада эки тараптан тең ок атылган. Бул окуя боюнча Согд облусунун губернатору Ражапбай Ахматзода менен сүйлөштүк. Азыр Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жетектеген топ окуя болгон жерге жөнөп кетти. Чатактын себебин чогуу иликтешет".
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында куралдуу кагылышуулар тез-тез катталып турат. Акыркы жолу быйыл 28-апрелден 1-майга чейин уланган куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 адам курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жаракат алган.
Тажик тараптан 19 адам өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий жарыяланган. Эки мамлекетте тең бул жаңжалга байланыштуу кылмыш иши козголгон.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 28-июнда Дүйшөмбү шаарындагы жолугушууда чек ара маселесин сүйлөшкөн. Бирок ал боюнча атайын документ кабыл алынган эмес.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970-980 чакырымды түзөт. Анын 519 чакырымы такталган, калганы тактала элек. Эки өлкө жарандарынын ортосундагы пикир келишпестиктер дал ушул тилкелерден улам чыгары айтылып келет.