Казакстан «Жусан» операциясынын алкагында Сирия менен Ирактагы согуш талааларынан 600дөн ашуун жаранын алып келди. Алардын 40тан ашууну террордук уюмдардын ишмердүүлүгүнө аралашканы үчүн ар кандай мөөнөткө эркинен ажыратылган. Калгандарын кайра калыбына келтирүү жана радикал ойлордон арылтуу иштери башталган.