Мы в Telegram
Добавить новость

Еще 27 проектов реновации запустят в Подмосковье в 2024 году

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России

В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Цены удвоятся? Застройщики не хотят идти в небольшие города

World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Айтмаматов бажыдан "байыды" деп камалды

Айтмаматов бажыдан

Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) Түштүк-Батыш бажысынын жетекчиси Нурбек Айтмаматовду “мыйзамсыз баюу” беренеси менен камакка алды.

Атайын кызмат ал "жемкорлук менен табылган 6 миллионго жакын долларга бааланган мүлккө ээлик кыларын" жарыялады.

Айтмаматовдун "байлыгы"

Расмий маалыматка ылайык, Нурбек Айтмаматов “товар ташуудагы коррупциялык схема түзгөн” деп шек саналып жатат. УКМК аны 10-июнда мекеменин убактылуу кармоочу жайына киргизди.

"Ыйгарым укугунан пайдаланып, товарларды туура эмес декларациялоо үчүн коррупциялык схемаларды колдонуп, товарлардын жалган транзитин уюштуруп, көмүскө киреше алып турган", - деди атайын кызматтын басма сөз өкүлү Назгүл Кыдыралиева.

УКМК Айтмаматовдун мыйзамсыз жол менен табылган мүлктөрү деп жалпы баасы 4,5 миллион АКШ долларына барабар 30дан ашуун элиталык батирдин, 1 миллион долларга бааланган 10дон ашуун автоунаанын сүрөтүн жарыялады.

Атайын кызматтын материалдарына ылайык, ал көмүскө кирешесинин бир бөлүгүн эки курулуш компания аркылуу мыйзамдаштырууга аракет кылган.

Учурда Жазык кодексинин 323-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) менен сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул макала жазылып жаткан чакта Айтмаматовдун жакындары жана жактоочулары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Нурбек Айтмаматов деген ким?

Нурбек Айтмаматов бажы тармагында 2003-жылдары инспектор болуп иштеп баштаган. Жетекчилик кызматтарга акыркы жылдары эле көтөрүлгөн. Кызыгы, 2020-жылы Айтмаматов өзү Бажы кызматындагы кыңыр иштерге бөгөт коюучу Ички иликтөө жана коррупцияга каршы бөлүмүн башкарган.

Ал Түштүк-Батыш бажысынын жетекчилигине быйыл февраль айында дайындалган.

Мындан төрт ай мурун Kaktus.media интернет басылмасы Айтмаматовдун байлыгын иликтеген. Анда бажчынын аялы Чынара Матанова "НТС трейд" курулуш компаниясына, апасы Канымбү Кулбаева "Капитал Строй Инвест", "Роял Констракшн", жана "Роял Текстиль" ишканаларына ээлик кылары айтылат.

Апасы мындан тышкары "Ош-Коммунальщик", "Коммунтехсервис и К" фирмаларынын директору катары жазылган. Ошондой эле басылма 2016-жылы Айтмаматов жана анын апасы курулуш компанияларынын негиздөөчүсү болгонун көргөзгөн.

Kaktus.media мамлекеттик кызматкердин жакындарынына катталган байлык кандай жол менен табылган деп суроо салган.

Иликтөөнүн автору журналист Марат Уралиев кыргыз бажысы коррупцияга малынып калганын белгилеп, бийликтин жемкорлукка каршы күрөшү биринчи кезекте ушул тармактан башталышы керек деп эсептейт.

“Бажы кызматында коррупция гүлдөгөнүн баары билет. Бажы кызматкерлери кандай жашай турганын көрүп жүрөбүз. Жаңы бийлик келген сайын коррупцияга каршы күрөш баштайт. Эми акыры кандай болот, азыр айтуу кыйын. Эгерде бул тармакта жемкорлук тыйылбаса, коомчулукта нааразылык кала берет”, - деди Уралиев.

Байма-бай жарыяланган иликтөөлөр

Соңку жылдары бажыдан байыган жетекчилердин шектүү мүлктөрү жөнүндө журналисттик иликтөөлөр байма-бай жарыяланып келет.

Жакында эле Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) өнөктөштөрү Bellingcat жана "Клооп" менен биргеликте Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Замирбек Карашевдин байманалуу жашоосу тууралуу жаңы иликтөөсүн жарыялады.

Кыргызстанда былтыр элдик толкундоолор менен бийлик алмашкандан бери эле Бажы кызматында төрт жетекчи алмашты.

7-июнда Экономика жана финансы министрлигине караштуу мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп Самат Исабеков дайындалды. Ал буга чейин “Азаттык” радиосунун бул тармактагы ири коррупциялык схемаларды ачыктаган иликтөөсүндө көйгөйдү ачык айтып чыккан. Исабеков бул тармакты реформа кылууга аракет кыларын билдирди.

“Коррупция менен күрөшүү керек.  “Мен коррупция менен күрөшөм” деп ооз көптүрүп жатып өздөрү коррупцияга аралашып кетүүдө. Андыктан мен азайтууга аракет кылам. Толук жеңип чыгууга азырынча мүмкүнчүлүктү көрө элекмин. Толук жеңип чыгуугун мамлекеттик деңгээлдеги механизмин табыша элек. Ошондуктан менин максатым коррупцияны алсыздандыруу, ылдамдыгын азайтуу”, - деди Исабеков.

"Уурдоо мүмкүнчүлүгү ууруну көбөйтөт"

2020-жылы Улуттук статистика комитетинин мамлекеттик органдарга элдин ишеним деңгээлин аныктаган изилдөөсүндө Бажы кызматы "эң коррупциялашкан мекеме" деп табылган.

Өлкөнүн эгемен тарыхында мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун аты аталган иш, чуулгандуу журналисттик иликтөөлөрдүн бири болуп калды. Акыркы эки жылдагы саясий окуялар, элдик толкундоолордун учкуну дал ушул бажы тармагындагы коррупция, аны ачыктаган иликтөөлөр болгон.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек жемкорлук менен күрөшүүнүн мындай өңүттүнө токтолду.

“Уурдоо мүмкүнчүлүгү ууруларды пайда кылат” деген сөз бар. Коррупциянын кесепети менен гана күрөшүп келебиз. Калкка жага турган “кармалды, кустурду” дегенге өтүп алдык. Ошол жемкорлорду пайда кылган системаны өзгөртүү керек. Бардык бийлик муну жасаган жок. Бажыны автоматташтырса болот. Коррупцияны жое турган шарт түзүлбөдү. Камоолор маанилүү бирок, андан дагы маанилүүсү калып калды”, - деди.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду жемкорлук боюнча күнөөлүү деп таап, ага 260 миң сом айып пул чегерген. Атайын кызмат бул иш боюнча тергөө жүргүзгөндө Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылы бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. Матраимов айыптуу экенин өзү сотто мойнуна алган. Мамлекеттик чыгым катары 2 миллиард сом төлөп берип, жазадан кутулган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Матраимовго карата кылмыштуу кирешени адалдоо боюнча кайрадан иш козгоп, 18-февралда камакка алган.

15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган. Матраимов өзү жана анын жакындары иликтөөлөрдө айтылган дооматтарды четке кагып келет.

Жакында "Клооп" сайты Райымбек Матраимов Бишкектеги Эркиндик бульварынан жанындагы көп кабаттуу үйдөн пенстхаус сатып алганын жазды. "Клооп” пентхаус канчага алынганы азырынча белгисиз экенин, бирок ошол үйдүн алдыңкы кабатындагы аянты 230 чарчы метр болгон ошондой эле батирдин баасы 200 миң доллар турарын жазды.

Батирге мурда Айбек Абдуллаев аттуу адам ээлик кылган. Ал кезде пентхаус бир жыл бою Бишкектин Ленин райсотунун чечими менен камакта турган. Камактан алынгандан үч күн өтпөй Матраимов бул апартаментти сатып алган.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

В России объединят возможности отечественных производителей для создания игровых приставок

МегаФон расширяет продажи в 10 регионах России

Еще 27 проектов реновации запустят в Подмосковье в 2024 году

В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Музыкальные новости

В столице Туркменистана - Ашхабаде открыли памятник легендарному армянскому поэту и композитору Саят-Нове

Появился трейлер исторического детектива «Плевако» с Сергеем Безруковым в роли легендарного российского адвоката

Проводы Джикии, дубль Сулейманова и парады голов в Нижнем Новгороде и Екатеринбурге: чем запомнился 29-й тур РПЛ

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей

Новости России

В России объединят возможности отечественных производителей для создания игровых приставок

В московском отеле турист из Китая напился и впал в кому

Конференция о современном образовании прошла в ГСГУ в Коломне

Цены удвоятся? Застройщики не хотят идти в небольшие города

Экология в России и мире

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Команда ювелирной сети «585*ЗОЛОТОЙ» приняла участие в благотворительном забеге от фонда «Антон тут рядом»

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

ТОП-10 продуктов, необходимых для здоровья щитовидной железы

Спорт в России и мире

Новаку Джоковичу исполнилось 37 лет в Швейцарии | Виды спорта

Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Экс‑теннисистка Джорджи обвиняется в краже мебели и ковров на €100 тысяч — СМИ

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Moscow.media

MONT расширил продуктовую линейку ИБ-решений при поддержке «Сайберпик»

"Возрождение интереса к народному искусству и ремеслам в современном мире"

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)











Топ новостей на этот час

Rss.plus






В Воскресенске сотрудники Росгвардии задержали подозреваемого в умышленном повреждении чужого автомобиля

Еще 27 проектов реновации запустят в Подмосковье в 2024 году

Скоро в школу. В Ватутинках завершается строительство учебного заведения

Суд вынес приговор похитителю украшений их храма в Нижнем Аблязово