“Азаттык” радиосунун “Бийлик сырлары” берүүсүнүн бул жолку коногу Нарын, Талас облустарынын мурдагы губернатору Бейшен Болотбеков болду. Ал маекте эки облуска жетекчи болгон кездеги интригалар, себептери, үй-бүлөлүк башкаруунун курмандыгы болгону, саясатчылар Акаев, Ашыралиев, Чынгышев, Бакиев менен мамилеси ж.б. маселелерди кеп кылат.