Мы в Telegram
Добавить новость

На Подмосковном ипподроме состоялось масштабное открытие летнего бегового сезона

Британская писательница Джуан Роулинг напишет еще 6 книг

Объявлением в розыск Россия послала Зеленскому четкий сигнал

82 артефакта с Пречистенки передадут в музей



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

ИИМдин жанындагы акылга сыйбаган өкүмзордук

ИИМдин жанындагы акылга сыйбаган өкүмзордук

Бишкекте 15-апрелде аялдарга карата зомбулукка каршы чыккан активисттердин коопсуздугун камсыздабаганы үчүн милиция кызматкерлери сын-дооматка кабылды

АКШ элчилиги кыргыз бийлигин гендердик зомбулукка каршы акцияга чыккандарга басым-кысым көрсөткөндөрдү жазалоого чакырды. Укук коргоочулар бийликке сын айтылган тынч жыйындарга каршы ар кандай топторду колдонуу сөз эркиндигине коркунуч жаратып, коомду бөлүп-жара турганын эскертишет.

Кыздарга кыр көрсөткөн “эркектер”

Ырчы жана активист Зере Асылбек 15-апрелде курдаштары менен бирге аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы акцияга чыккан. Ал митинг маалында коркутууга кабылганын мындайча айтып берди:

“Отуздай адам негизинен кыздар барган элек. Алар 200 киши, балким андан да көп болушу мүмкүн. Ачык эле кол салчудай болуп жаалданып келишти. 15-апрелде болгон окуяны чабуул, кууп таратуу десек дагы болот. Мындай коркунучтуу иш Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында болду”.

Жарандык активисттердин Айзаданын трагедиясынан кийин кыз-келиндердин укугуна арналган ар бейшембиге белгиленген акциясы мындан кийин болбой калышы мүмкүн.

Зере Асылбек милиция коопсуздукту сактап берерине эми көзү жетпейт.

“Биз жарандарды акцияга чакыруудан коркуп жатабыз. Азыр талкуулап жатабыз. Бейшемби сайын чыгып турууну пландаган элек да”.

Айрым укук коргоочулар аялдардын укугун коргоону талап кылган митингдин үзгүлтүккө учурашынан улам милицияны күнөөлөп жатат.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги кыргыз бийлигин Бишкекте уурдалып өлтүрүлгөн кыздын таламын талашып Ички иштер министрлигинин (ИИМ) алдына чыккан активисттерди опузалап, басым-кысымга алгандарды аныктап, жоопко тартууга чакырды.

Элчилик 16-апрелдеги билдирүүсүндө ИИМдин алдындагы окуядан улам тынчсыздануусун билдирип, Баш мыйзам кепилдик берген укугуна ылайык нааразылык акцияга чыккандардын коопсуздугу сакталышы керектигин белгиледи. Азырынча ИИМ жетекчилиги укук коргоочулардын айыптоосуна, элчиликтин кайрылуусуна жооп бере элек.

Бийликтин оппозицияга каршы “эски” ыкмасы

Ондогон милиция кызматкеринин көзүнчө орун алган окуяны коомчулукта сындагандар арбын.

Мурдагы өкмөт башчы, генерал Феликс Кулов кыз-келиндер чогулган акцияга дээрлик эркектерден турган топту каршы койгон көрүнүштү кескин айыптады.

Кулов 2005-жылы оппозициянын борбордук аянтта ак шапкечендердин чабуулуна кабылган окуяны эске салып, күч кызматтарынын жетекчилери тарыхтан сабак албаганын белгиледи.

“Бул туура эмес, бул чагым. Алакандай элди бири-бирине кайраштырбоо керек. Март окуясында ак шапкечендердин аракети эмнеге алып келгенин билесиңер. Мен мурунку комендант катары айтам, чогулган элге пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берилиши керек. Анан сомодой жигиттерди аялдарга каршы тукуруу примитивдүү көрүнүш, мамлекетчил ыкма эмес. Өкмөт башчы баш көйгөйдү иликтеп, кыздарга кол салгандар кимдер экенин аныктоо керек. Аларды ким жиберди?”, - деди Кулов.

ИИМдин алдындагы окуядан кийин коомдук ишмер Эмил Каптагаев “Фейсбуктагы” баракчасына «“айбандар отряды пайда болуптур, бул жакшылыкка алып барбайт» деп жазды.

15-апрелде антимитингге чыккандар улуттук баалуулуктарга шек кетиргендерге каршы, “Бейөкмөт уюмдарга, ЛГБТга жол жок!” деген ураан менен чогулганын айтышкан.

Өзүн Мирлан деп тааныштырган киши аларга эч ким көрсөтмө бербегенин, өз ыктыяры менен чыкканын билдирди.

“Менин талабым - бейөкмөт уюмдар болбосун. Кыргызстанга тынчтык керек. Булар Айзаданын өлүмүн шылтоо кылып, өздөрүнүн пикирин айтып жатат”.

Өкмөт үйүнүн алдына чогулгандар Айзаданын өлүмү үчүн милиция кызматкерлери жетиштүү жаза алганын, кыздын окуясын айрым бир күчтөр өз кызыкчылыгына пайдаланып жатканын жар салып кыйкырып атышты. Антимитингдин катышуучусу Аманбол Бабакулов буларды айтты.

"Биз өз саясатыбызды бейөкмөт уюмдардын жүргүзүшүнө жол бербешибиз керек. Кандай болгон күндө да бизде маселени көтөрүп чыккан патриоттор бар. Кайдыгер эмес жаштар, активисттер толтура. Бизди бейөкмөт уюмдар тажатты, мени эле эмес кыргыз элин тажатты. Биз ошон үчүн бардык".

Жаңы ОБОНдор пайда болдубу?

Өлкөнүн эгемен тарыхында бийлик көбүнчө аялдардан, жаштардан куралган топторду саясий атаандаштарына, оппозицияга каршы колдонгон көрүнүш токтой элек.

Учурда бир же бир нече адамдын түрдүү акцияларда катышып жүргөнүн көрүүгө болот. Акыркы жылдары уюшулган мындай топтордун курамы дагы өзгөрүп, өзүн блогер же жарандык активист деп тааныштыргандар бийликти же кайсы бир саясатчыны сындагандарды жаманатты кылган, алар уюштурган иш-чараларда ызы-чуу чыгарган учурлар көп кездешүүдө.

Өткөн жылы эле 8-мартта Бишкекте “Аялдардын тилектештик жүрүшүндө” калпак кийип, беткап тагынган эркектер уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чуу чыгарышкан.

Ал акцияда милиция уюштуруучу кыздарды айыптап, митингди үзгүлтүккө учураткандардын тек-жайын тактаган эмес.

Журналист Адил Турдукулов бийлик ар кандай ашынган улутчул күчтөрдү жарандык коомго каршы колдонгон ыкма мурдагы советтик республикаларга мүнөздүү экенин белгиледи. Турдукулов муну сөз эркиндигине сокку катары баалады.

“Спортчуларды жалдап, аша чапкан улутчул топтор менен кызматташып жатканын биринчи жолу көрүп жаткан жокпуз. Буга чейин деле сауналарды тинткендерди Ички иштер министрлиги колдогон. Дежур чалдан кийин дежур аялдар, азыр дежур чала спортчу балдар пайда болду. Эмнеге алар жаалданып жүрүшөт? Себеби, алар кыймыл-аракети үчүн жазасыз калышарын билишет”, - деди Турдукулов.

5-апрелде Бишкекте Айзада Канатбекова аттуу кызды уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече күндөн кийин табылган. Жарандык активисттер бул үчүн ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан алынышын талап кылышкан.

ИИМ кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон кырктан ашуун кызматкерди жумуштан алган.

15-апрелде министрликтин алдында жарандык активисттердин министрдин иштен кетишин талап кылган экинчи акцияны өткөрүүнү пландашкан. Кыз-келиндер чогулган бул акцияга каршы дээрлик эркектерден куралган топ да антимитинг уюштуруп, кыз-келиндерди акция болуп жаткан жерден сүрүп чыгарышкан. Каршы болгондор кыз-келиндердин дарегине ар кандай коркуткан, опузалаган сөздөрдү айтышкан.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Прошел всю войну. В музей обороны Москвы отдали вещи директора зоопарка

Ушаков: Встреча Путина с Пашиняном состоится 8 мая

Привезли 11 медалей. Спортсмены РФ выступили на чемпионате по тхэквондо

Садовод Туманов рассказал, как защитить косточковые культуры от заморозков

Музыкальные новости

Путин проведет встречу с членами правительства на следующей неделе

Петербургский «Зенит» стал чемпионом Единой лиги ВТБ

28 инвестиционных проектов Туризм.РФ перешли в активную фазу реализации

"Байконур" могут передать США? После роста цены аренды для России посыпались версии

Новости России

ЦСКА не выигрывает 5 матчей, в последних 7 играх одна победа. Дальше – две встречи с «Зенитом»

Новые пешеходные зоны появятся в Истре

«Ушел в Пасху»: умер бывший скрипач группы «Крематорий» Вячеслав Бухаров

Ушаков: Встреча Путина с Пашиняном состоится 8 мая

Экология в России и мире

Работники СЛД «Узловая» филиала «Московский» ООО «ЛокоТех-Сервис» приняли участие региональном этапе «Время молодых. Работники»

Сериал «Нулевой пациент». Почему повторение истории в наши дни невозможно?

Аналитическое исследование «585*ЗОЛОТОЙ» показало, сколько тратят на обручальные кольца в 2024 году в разных городах России

Неделю с 6 по 12 мая 2024 года Министерство здравоохранения Российской Федерации объявило Неделей сохранения здоровья легких

Спорт в России и мире

Андрей Рублев поднялся на шестое место в рейтинге ATP

Российский теннисист поднялся на две позиции в топ-10 рейтинга ATP

Соболенко уступила Свентек в финале турнира WTA-1000 в Мадриде

Рублёв выиграл турнир в "Мадриде", завоевав 16-й титул в карьере

Moscow.media

Готовность дороги от Краснодара до Тамани превысила 50%

СТОЛИЧНЫЕ РОСГВАРДЕЙЦЫ ОБЕСПЕЧИЛИ БЕЗОПАСНОСТЬ МЕРОПРИЯТИЙ, ПОСВЯЩЁННЫХ ПАСХЕ ХРИСТОВОЙ

Озверевший пассажир поезда "Москва – Владивосток" едва не убил соседа по купе

Неудержимые 3. Морские волки











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Самая дешевая квартира в шаговой доступности от метро в Москве продается за 5,5 тысячи рублей

Жанна Агузарова начала петь в подземных переходах

Садовод Туманов рассказал, как защитить косточковые культуры от заморозков

Работу подмосковных котельных автоматизируют к сентябрю