Айзада Канатбекованы уурдап, өлтүрүүгө шек саналган Замирбек Теңизбаевден кордук көргөн кыз «Азаттыкка» кайрылды. Ал кыз курбусун Теңизбаев бир нече ирет зордуктаганын, өзүн болсо 2019-жылы май айында бир үйдө муунтканда милицияга кайрылып, иш жабылганын билдирди. //"Бүгүн Азаттыкта". 14.04.2021.//