"Азаттык" үналгысында көп жылдар бою эмгектенип жүрүп, эс алууга чыккан журналист Жаркын Суран кызы Темирбаева 3-апрелде 66 жашында узак оорудан улам көз жумду. Анын жаркын элеси өзү жарыялаган жана обого чыгарган эмгектеринде, замандаштарынын жүрөк толтосунда жана фото сүрөттөрдө да калды.