Бишкек шаарынын ички иштер бөлүмү 9-ноябрда "Орто-Сай" базарына атайлап өрт койду деп шек саналган 42 жаштагы жаранды кармады.
Шектүүгө Кылмыш кодексинин 210-беренеси (Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же зыян келтирүү) боюнча сотко чейинки тергөө башталды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз катчысы Улан Жумаков маалымат берди.
"2020-жылдын 9-ноябрында "Орто-Сай" базарында түнкүсүн 00:25 чамасында өрт башталган. Бул окуя базардагы эки кабаттуу тигүү цехинде башталып, тез тамактануучу жай, бир нече дүкөндөрдү каптаган. Өрттүн себебин аныктоо үчүн атайын соттук техникалык экспертиза башталган".
Баш калаа Бишкектеги базарларда акыркы жылдары бир нече ири өрт катталган.
Алар "Ош базары" жана "Орто-Сай" базарларында болуп, ишкерлер зыян тарткан. (BCh)