Бишкек шаардык финансы полициясы "FRIMA" маркасындагы жасалма кургак сүт өндүргөн кылмыштуу топту кармады Аталган кызмат жашыруун цехти детектив агенттеринин жардамы менен тапкан.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси, товарларды же кызматтарды мыйзамсыз жасоо боюнча каттоого алынды. Кургак сүт санитардык нормаларга туура келбеген шарттарда жасалган.
Бул жасалма курак сүт товары Кыргызстандын бардык аймагына тараганы азыркы тапта иликтенүүдө. (BCh)