Мы в Telegram
Добавить новость

Врач Григорьева рекомендовала родителям ребенка-квадроби привить его от столбняка

Располагаемые доходы россиян за I квартал выросли на 5,8% в 2024 году

Новый метод нейрореабилитации начали применять для бойцов СВО в Подмосковье

Зампредседателя Мособлдумы Наумов провел прием граждан в Коломне



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Навальныйды колдогон акция Бишкекте да өттү

Навальныйды колдогон акция Бишкекте да өттү

Учурда Орусиянын ири шаарларында камакта жаткан оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акция өтүүдө.

23-январда Орусиянын көптөгөн аймактарында убактылуу абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу жана жемкорлукту иликтөө талаптары менен нааразылык жыйындары байма-бай өткөрүлүп жатат.

Ишембидеги алгачкы нааразылык жыйындар Ыраакы Чыгышта жана Сибирдин шаарларында башталды. Коопсуздук күчтөрүнүн зомбулугуна, кармап кетүүлөрүнө карабастан, ыраакы чыгыштык демонстранттар “Навальныйга боштондук!”, “Путин – ууру!” деп ураан чакырышты.

Алар Владивосток, Хабаровск, Новосибирск, Томск, Иркутск, Барнаул сыяктуу шаарларда ызгаар суукка жана полициянын куугунтуктаганына карабастан көчөгө чыгышты. Якутск шаарында демонстранттар 50 градус суукка карабай митинг өткөрүштү. Жалпысынан, өлкөнүн Сибиринде жана Ыраакы Чыгышында 15 миңдей киши көчөгө чыккандыгы айтылууда.

Екатеринбург шаарында 15 миңдей киши 30 градус суукка карабастан демонстрация өткөрүштү.

Москва менен Санкт-Петербургда нааразылык жыйындар жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00тө башталды. Бишкек убактысы боюнча саат 20:00да да Орусиянын Европа бөлүгүндөгү шаарларда нааразылык жыйындар улантылууда. Бирок ага чейин эле айрым тургундар коопсуздук кызматы тарабынан кармалды.

Орусиядагы көптөгөн демонстранттарды коопсуздук күчтөрү эл көзүнчө эле ур-токмокко алгандыгы кабарланды жана түз ободо көрсөтүлдү.

Акцияны түз чагылдырып аткан орус тилиндеги макаланы бул жерден таба аласыз.

 

Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция Бишкекте да болуп өттү

Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:

«Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат».

 

Ал эми активист Чынар Темир Навальныйды колдогон пикирин социалдык тармакка жайгаштырды.

«Биз канча өнүккөн мамлекет болууга унтулсак да, Кремль ага каршы. Себеби өздөрүнүн бийлигине коркунуч келтирет. Ошондуктан, биз Орусиянын өнүккөн, мыйзамдуу жана адам укуктарын коргогон мамлекет болуп кетишине түз кызыкдарбыз. Биз Орусия менен дос болушубуз керек, бирок Путин менен эмес», - деп жазган ал баракчасына.

 

Жапонияда жүргөн эксперт Даниел Кадырбеков Навальныйдын Орусиядагы демократиялык кызыкчылыкты колдогону Кыргызстан үчүн да маанилүү экенин жазды.

 

Жогоруда айтылгандай, 23-январда Орусиянын айрым шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акциялар өтүп жатат.

 

Миңдеген адамдар көчөгө чыгып, 17-январда камалган оппозициячыл саясатчы, Кремлдин сынчысы Алексей Навальныйды бошотууну талап кылышууда.

Алгачкы митингдер Сибирдеги жана Ыраакы Чыгыштагы Хабаровск, Владивосток, Новосибирск жана башка шаарларда өттү. Аларга жалпысынан 15 миңдей адам катышканы кабарланды.

Айрым талдоочулар бүгүнкү иш-чаралар 2017-жылдын март айында Орусиянын 99 шаарында өткөн ири акциялардан берки эң ири демонстрациялар болушу ыктымал экенин айтып жатышат.

 

Орус полициясынын ишмердүүлүгүнө көз салган «ОВД-Инфо» тобу 30 шаарда 273 адам кармалганын, Хабаровск шаарында күч кызматкерлери кармалгандарга кол көтөргөнүн маалымдады.

 

Владивостокто демонстранттардын саны миңге чукулдады, алардын катарында белгилүү блогер Юрий Дудь да болду.

Оппозиционердин бошотулушун талап кылгандардын акциясы Москванын Пушкин аянтчасында жана Санкт-Петербургда да өтүүдө.

 

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный 17-январда Германиядан Москвага учуп келери менен “Шереметьево” аэропортунда кармалган.

Навальныйды колдоо иретинде анын тарапташтары элди 23-январда бүткүл өлкө боюнча нааразылык митингдерин уюштурууга чакырышкан.

Орус бийлиги ири нааразылык акцияларынын алдында Алексей Навальныйдын бир катар тарапташтарын кармаган.

21-январда Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмыш уруксатсыз митингге үндөгөнү үчүн тогуз күнгө камалган. Тиешелүү чечимди Москвадагы Савелов райондук соту кабыл алган.

Кира Ярмыш менен катар Навальныйдын дагы төрт үзөңгүлөшү: Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристтери Любовь Соболь, Владлен Лось, Навальныйдын Краснодар аймагындагы штабынын координатору Анастасия Панченко, фонддун иликтөө тобунун башчысы Георгий Албуров кармалган болчу. Кира Ярмыштан башкалары суракка алынган соң бошотулган.

Навальныйдын мекенинде камакка алынышын бир катар өлкөлөрдүн бийлиги сынга алып, аны бошотууга чакырышууда.

 

Алсак, «Human Rights Watch» (HRW) укук коргоо уюму орус бийлигин оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө каршы куугунтукту токтотууга чакырып, 22-январда билдирүү тараткан.

«Орус бийлиги оппозициянын лидери Алексей Навальныйга тилектештик иретинде 23-январга белгиленген нааразылык акцияларынын алдында активисттер менен студенттерди коркуп, куугунтукка алып жатат», - деп билдирген эл аралык уюм.

Ошондой эле билдирүүдө бийлик учурда нааразылык акциясына катышуу боюнча социалдык тармактардагы чакырык камтыган постторду өчүрүп жатканына көңүл бурулган.

Буга байланыштуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан эл аралык уюм адамдардын тынч акцияларга чыгууга укугу бар экенин белгилеген.

Путиндин хансарайы

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный Германиядан Орусияга кайтып келип, сот чечими менен 30 суткага камакка алынгандан бир күндөн кийин ал негиздеген Коррупция менен күрөш фонду Путиндин мүлкү тууралуу иликтөө жарыялаган.

Анда Геленжик курорттук шаарында орус президенти Владимир Путинге таандык деген «хан сарай» боюнча кеп болот. Навальный камакка алына электе даярдалган эки сааттык тасмада Путиндин Германияда иштеп жүргөнүнөн баштап 1990-жылдардагы ишмердиги камтылган.

 

«Путиндин хан сарайы» деген имарат Кара деңиздин жээгинде токойлуу, жүзүмдүккө оронгон татынакай дөңсөө жерде 2005-2010-жылдары дээрлик 1 миллиард долларга курулганы баяндалат.

Имараттын аянты 17 миң чарчы метр, анын азыркы баасы 100 миллиард рубл акчага тете. Мындан тышкары хан сарайга кошумча 7 миң гектар жер бөлүнүп, анда чиркөө, 80 метрлик көпүрө, амфитеатр, оранжерея, хоккей ойноого жер алдында курулган муз аянтчасы, өзүнчө конок үй жана кошумча тамдар тургузулганы тасмада көрсөтүлөт. 300 гектар жерде өстүрүлгөн жүзүм, шато, анан калса шарап чыгарчу ишкана жана деңиз моллюскасынын бир түрү – устрица өндүрүү чарбасы да бар.

Коррупцияга каршы күрөш фонду дал ушул хан сарайдын курулушун каржылоо булактарын аныктап, анда Путин коррупциялык схемалар аркылуу бул иштерди каржылаганы жөнүндө сөз болот.

Бул иликтөө боюнча Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орусиялык бир басылмага «бул баягы эле эски ыр, бир топ жыл мурун эле Путиндин Геленжикте эч кандай сарайы жок экенин түшүндүргөнбүз» деп жооп берген.

44 жаштагы Алексей Навальный орус бийлигинин элдешкис сынчыларынын бири. Ал бийликтеги бир катар жетекчилердин коррупциялык иштерин өз иликтөөлөрү аркылуу ашкерелеп, президент Владимир Путин баштаган бийликти кескин сынга алып келген. 2020-жылдын августундагы өзүн ууландыруунун артында Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы турганын ачыкка чыгарган болчу.

Орусияга келгенге чейин ал Германияда дарыланып жаткан.

Орусиянын Жаза аткаруу боюнча федералдык кызматы Навальный «Ив Роше» компаниясынын ишине байланыштуу шарттуу сот жазасын реалдуу жазага алмаштыруу боюнча доо арыздын негизинде кармалганын ырастаган. Бул иш боюнча сот жараяны 2-февралга башталганы жатат.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

Названы самые популярные автомобили у россиян

Поезд Москва–Выборг все лето будет ходить до станции Сортавала

На северо-востоке Китая проходит выставка, посвященная Чайковскому

Домодедовские спортсменки завоевали золото и серебро Чемпионата Европы по бокс

Музыкальные новости

Патрушев заявил, что нелегальная миграция связана с угрозами терроризма

«Поборол это гнусное чувство». Актер Галкин — о своей маленькой дочке, зависти и настоящей любви

По запросу Баку в Москве незаконно был задержан известный российский политолог Михаил Александров

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Новости России

В Сосновом бору в Москве обнаружены человеческие кости

Захарова: РФ не уступит новые регионы в обмен на замороженные на Западе активы

Заключительный этап олимпиады школьников стартовал в Подмосковье

Депутаты и ветераны написали «Диктант Победы» в Домодедове

Экология в России и мире

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции

В Москве состоится уникальный конкурс, сочетающий красоту и интеллект «Мисс Право»

Почему люди боятся обращаться к психиатру?

День Земли - каждый день

Спорт в России и мире

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде

WTA озвучила Елене Рыбакиной условия для становления второй ракеткой мира

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде

Россиянка Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису

Moscow.media

Утро у монастыря...

Июльская ночь...

Строители мостов и дорог удостоены государственных наград

ТСД SAOTRON RT-T50: высокопроизводительный терминал сбора данных промышленного класса











Топ новостей на этот час

Rss.plus






Трофейный "Леопард" в Москве на Поклонной горе.

Расчехляем шампуры. Где в нашем округе безопасно и с комфортом пожарить шашлык

В Екатеринбурге проходит международный детско-юношеский турнир между сборными России и Казахстана по фиджитал-айкидо

Михайлов поставил точку в скандале с Пугачевой, назвав ее «великим человеком»