Бүгүн, 23-январда Бишкекте орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция болуп өттү. Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:
"Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат".
Навальный “Ив Роше” деп аталган иш боюнча быйыл 17-январда Москвада бир айга камакка алынган. Учурда оппозиционер Москвадагы «Мастросская тишина» аттуу тергөө абагында кармалып турат. Аны колдоо акциялары 23-январда бери дегенде 65 шаарда өтөрү айтылган. (ShT/RK)