Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук 12% көбөйдү

Кыргызстанда 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук 12% көбөйдү.


Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана координациялоо бөлүмүнүн башчысы Айкөл Турганбаева 21-январда «Азаттыктын» түз ободогу «Эксперттер талдайт» программасында билдирди.


Адистин айтымында, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантин учурунда зомбулук 65% көбөйдү. Турганбаева буга карантин учурунда жарандардын баары үйдө отуруп калганы, окуунун онлайн форматка өтүшү, аялдардын түйшүгү көбөйгөнү өңдүү жагдайлар негизги себептерден болгонун айтты.


Ал үй-бүлөлүк зомбулукту азайтуу жана алдын алуу боюнча министрлик атайын иш-чаралардын топтомун иштеп чыкканын, зомбулуктун курмандыгы болгон балдар менен жер-жерлерде социалдык кызматкерлер иштеп жатканын белгиледи.


Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки жаш келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышты. Экөөнүн артында жети бала калды. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болду.


Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 20-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында былтыр өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 факты катталганын, анын 947си гана кылмыш деп катталып, сотко жиберилгенин билдирди. Бул катталган фактылардын 10% гана түзөт.


2019-жылы өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу беш миңден ашуун факт катталган. 580 иш сотко чейинки териштирүүгө алынган.


Парламент бул күнү үй-бүлөлүк зомбулукка айыпталгандарга жазаны күчөткөн мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Киргизилип жаткан жаңы өзгөртүүгө ылайык, жабырлануучу тосмо арыз жазганына карабай ага зомбулук көрсөткөн киши жазага тартылат. (NT)




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus