Чет өлкөлүк жарандын сабалышы боюнча териштирүү башталды
Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде 119-берене («Майда бейбаштык») менен катталды. Милициянын маалыматына ылайык, жаңжалдын катышуучу деп сөз болгондордун бири аныкталып, чет элдик жаран алардын буюмдарына тийгендиги үчүн чыр чыкканын айтып берген. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.
Социалдык тармактарда тараган видеодо токмок жеп жаткан жаран пакистандык экени жазылган. (TSh)