Мы в Telegram
Добавить новость

Проект «Книга памятников-героев Москвы» пополнился новыми историями

Праздничные «Тройки» и «Единые» выпустили к 9 Мая в столичном метро

Жителей Подмосковья проинформировали о лесопожарной обстановке на 9–11 мая

МИД России: курс Запада вынуждает РФ усилить меры ядерного сдерживания



World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Көзөмөл орноткусу келгендердин дымагы

Көзөмөл орноткусу келгендердин дымагы

Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун тарапташы, активист Бакай Кашкарбаевге сотторду жана прокурорлорду коркуткан деген шек менен кылмыш ишин козгоду.

Ал октябрь окуяларынан кийин укук коргоо органдарына, мамлекеттик мекемелерге «элдик көзөмөл орнотууну» талап кылып барып, кызматкерлерди опузалаган.

Бакай Кашкарбаев суракка чакырылды

Бакай Кашкарбаев жетекчилик кылган «Элдик көзөмөл» деген кыймыл жана анын мүчөлөрү 17-январда Бишкекте «Караван» соода борборуна барышкан. Анда соодагерлер «Караванда» орундуктар тааныш-билиштерге, акчалууларга берилип кеткенин, айрым күркөлөр жылдап иштетилбей эле бош турганын айтып арызданышкан.

Мунун баарын Бакай Кашкарбаев «Фейсбуктагы» баракчасынан түз эфирде берген жана бул иштерге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчилери аралашканын айткан. Ал Мамлекеттик мүлк фондунун ишин иликтей турганын, «Элдик көзөмөл» кыймылы мекемеге барарын билдирген.

Ошол эле түз эфирде өзүн Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мирлан деген кызматкери деп тааныштырган адам Кашкарбаевге күбөлүгүн, суракка чакыруу кагазын көрсөтүп, тергөөчүгө барышы керек экенин түшүндүргөн. Кашкарбаев суракка барган-барбаганы, кайсы иш боюнча чакырылганы да азырынча белгисиз. Өзү «Фейсбуктагы» баракчасына 17-январдан бери бир да билдирүү жазган жок. ИИМдин басма сөз кызматы маалыматты тактай элек.

«Караван» соода борборун Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев бюджетке келтирген зыянды толтуруш үчүн мамлекетке өткөрүп берген.

15-январда Кашкарбаев жана дагы бир топ адам Башкы прокуратуранын да имаратына барып, башкы көзөмөл органынын жетекчилеринен жарандарды кабыл алууну талап кылган. Прокуратуранын имаратында мунун айынан кызматкерлер менен «Элдик көзөмөл» кыймылынын мүчөлөрү кайым айтышкан.

Кашкарбаев жана ал башкарган кыймылдын мүчөлөрү буга чейин да бир нече мамлекеттик органдарга кирип барып, кызматкерлерди коркутуп-үркүткөн окуялар болгон. Былтыр 16-ноябрда Ысык-Көл райондук сотунун төрайымынын иш бөлмөсүнө кирип, судья мыйзамсыз чечим чыгарганын айтып айыптаган. 17-ноябрда Каракол шаардык административдик сотуна да барып чуу салган. Ал адилетсиз чечим чыгарды деп эсептеген сотторду, прокурорлорду опузалап «Фейсбукка» видео жарыялаган.

«Качан эсиңерге келесиңер!? Эсиңерге келип көзүңөрдү чоң ачкыла! Азыр деген элдик бийлик орногон. Кыргызстандыктар, чыккыла! Көтөрүлгүлө! Соттордон, прокурорлордон коркпогула. Адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп атса ошол өрөөндөрдө бириккиле. Буларды көзөмөлгө алалы. Биздин Садыр Жапаров деген таянган тообуз, адамыбыз бар. Тээ тиги жакта жолборс турат. Бул канкорлордун башын кесиш керек! Жанчыш керек! Булар айтканды түшүнбөйт экен. Өзүнүн жеке фирмасындай эле ээлеп алышыптыр».

Башкы прокуратура ага былтыр 25-ноябрда Жазык кодексинин 355-беренесинин («Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук») негизинде кылмыш ишин козгогону жакында эле белгилүү болду.

Мекеменин маалыматына караганда, 15-17-ноябрь күндөрү «Фейсбук» социалдык тармагында Бакай Кашкарбаев белгисиз кишилердин тобу менен Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүм башчысына карата коркутуу жана зомбулук көрсөтүү туурасында видео билдирүүлөрдү таратып, прокуратура кызматкеринин башын кесүүгө, жанчууга, тиштерин талкалоого жана көздөрүн чукууга чакырганы жарыяланган.

Көзөмөлдү күчөткүсү келген кыймыл

Кыймылдын мүчөлөрү, Кашкарбаев өзү дээрлик күн сайын «Фейсбуктан» түз эфирге чыгып мыйзамсыздык менен күрөшөрүн, коррупцияга каршы турушарын айтып келишет. Ошондой эфирлердин биринде өзүн Жолдошбек Сыргаков деп тааныштырган адам эми Бишкекте автоунаалар токтоочу жайларды көзөмөлдөй турганын айткан.

«Кудай буюрса, мындан кийин «парковка» жагын мен карайм. Бардыгы мыйзамдын чегинде болушу керек. Азыр өкмөткө 1% жетпеген тыйын эле түшөт. Эми тендер өтсө да «Элдик көзөмөл» буга жеке аралашабыз. Мен «парковка» ачылганы башынан бери келатам. Негизи бул Кулматовдун убагында жокко чыккан. Азыр машине коюу үчүн баалары да кымбаттаптыр. Бул акылга сыйбаган нерсе. Кээ бир жерде 50 сом болуп атат. Кудайды карабайсыңарбы! Бул кымбат».

Ушул эле видеодо Жолдошбек Сыргаков «Элдик көзөмөл» кыймылынын кеңсеси Ибраимов, 100 дарегинде жайгашканын жарыялаган. Муну Бакай Кашкарбаев да ырастайт. Ушул эле даректе президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча алдыга чыккан талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо штабы бар.

Укук коргоочу Рита Карасартова элдик бийлик деген ураан менен өзүм билемдик кылып жаткан топтордун ишин сындады: 

«Бакай: «Биз ушул кеңседебиз. Баарыңар келгиле, жардам беребиз» деп айтканын уктум. Бул «толтура киши менен барып алып маселени күч менен чечебиз» деген эле сөз. АКОС, «Кырк чоро» деген кыймылдарды жиберип коюшса, алар зомбулук менен ишти бүтүрүшөт. Биз алар прокуратура, милиция менен чогуу иштешерин да билчүбүз. Ал эми Бакай Кашкарбаев Садыр Жапаровдун кеңсесине кирип алганы – бул «Билесиңерби, бизди ким коргойт?» деп айтып жатканы. Бул элди адаштырат».

2011-жылы эл оозунда АКОС деген ат менен белгилүү болгон коррупцияга каршы көмөктөшүү уюму түзүлгөн. Алар жемкорлукка каршы турган расмий органдар менен меморандумдун негизинде иш алып барышчу. Кийин Кыргызстанда мыйзамсыз миграцияда жүргөн кытай жарандарын аныктоо үчүн чогулган, кыздар денесин сатып иштешине каршы болгон «Кырк чоро» кыймылынын иши да талашка түшкөн.

Аргасыз чарабы?

Садыр Жапаров жакында эле анын атын сатып, ар кайсы жерлерде пара талап кылып, бизнесин сураган адамдар пайда болгону тууралуу маалымат түшүп жатканын билдирген. Ал бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, тууганы болсо да ушундай мыйзамсыз иштерге барса укук коргоо органдары камашы керек экенин айткан.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев Садыр Жапаровдун айрым тарапташтарынын өзүм билемдик иши Жапаровго көлөкө түшүрөрүн айтты: 

«Элдик көзөмөл же ушуга окшогон түшүнүктөр менен «көзөмөл орнотобуз, текшеребиз» дегени мыйзамсыз. Садыр Жапаров буга азыр да, күзүндө да муктаж болгон эмес. Бул айрым «гиперактивдүү» адамдардын эле демилгеси. Мен мыйзамды сыйлаган киши катары мындай иштерге каршымын. Бизде көзөмөл кылган, жаза бере турган жана кылмышкерлерди тыя турган мамлекеттик институттарыбыз бар. Башка маселе - алар кандай иштеп жатышат? Ошондуктан мындай иштерди катуу тыйыш керек. Болгондо да катуу жаза менен».

Акыркы окуялар боюнча Бакай Кашкарбаев комментарий бере элек. «Элдик көзөмөл» кыймылынын мүчөлөрү менен да байланышып маалымат ала алган жокпуз.

Юрист Эржан Кайыпов өлкөдө мыйзамсыздык менен күрөшүү тууралуу демилге көтөрүп чыгып, жазалоого чейин барган мындай топтордун ишин колдобойт. Ал укуктук мамлекетте мындай иштерге жол берилбеши керек деген пикирде. Бирок андай уюмдардын түзүлүшө жол ачкан айрым жагдайларды мисал келтирди: 

«Ар бирибиз барып алып эле кыйкырып, урушуп, сөгүп, талап кыла берген болбойт. Ошол эле кезде мамлекеттик органдар, бийлик элди ушуга жеткиргенин да моюнга алышыбыз керек. Себеби, мыйзамдуу жол менен мамлекеттик мекемелерге кайрылам, арыз жазам десеңиз албаганга аракет кылышат. Эч ким иштегиси келбейт. Арыз берейин десең албайт. Алса да чара көрбөйт. Иштесе жыйынтык жок. Ушундан улам анан жарандар ызы-чуу кылат да».

Бакай Кашкарбаев Жапаровдун тарапташы катары белгилүү. Ал 2020-жылы март айында Бишкектин Ала-Тоо аянтында ошол кезде түрмөдө отурган Садыр Жапаровду колдоо митингин алып барган. Андагы башаламандыктан кийин козголгон кылмыш ишинин алкагында Кашкарбаевге да айып коюлуп, камалып чыккан.

Ушуну менен Садыр Жапаровдун белгилүү экинчи тарапташына иш козголду. 8-январда саясатчынын тарапташтарынын бири Мелис Аспеков «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен колго түшкөн.

Читайте на 123ru.net


Новости 24/7 DirectAdvert - доход для вашего сайта



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Smi24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city

"Лето подложит нам всем свинью": новый прогноз метеорологов

Сколько стоит отдохнуть один день в Туле

73-летняя мама певицы Натальи Фриске похвасталась растяжкой

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".

Музыкальные новости

Президент Путин 9 мая заявил, что Запад пытается исказить правду о Второй мировой войне

Спорт объединяет поколения: в Москве прошёл праздник ко Дню Победы для детей с ОВЗ

Генсек РФС Митрофанов заявил, что РПЛ не будут расширять до 18 команд

Театр и дети, Культура и Россия: интервью артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова

Новости России

"Лето подложит нам всем свинью": новый прогноз метеорологов

Индекс S&P 500 превысил уровень 5200 на фоне надежд на смягчение политики ФРС

Рахмон поговорил с Путиным о «Крокусе» и борьбе с терроризмом

Суд в Москве оштрафовал онлайн-кинотеатры Wink и "Кинопоиск" за пропаганду ЛГБТ

Экология в России и мире

Мы помним, мы гордимся: «585*ЗОЛОТОЙ» представила проект «Книга памяти» с историями из семейных архивов сотрудников

Певец Сергей АРУТЮНОВ и солистка группы Демо - встречаются, или просто выпустили совместный хит “Солнышко”? Разлад АРУТЮНОВА и Маши Малиновской?

Яркое лето с Angsana Velavaru

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью

Спорт в России и мире

Саснович вышла в основную сетку турнира WTA-1000 в Риме

Энди Роддик: «У меня было несколько типов рака кожи с тех пор, как я завершил карьеру»

Россиянки Аванесян и Блинкова вышли во второй тур турнира в Риме

После победы в Мадриде Рублев поднялся с 8-го на 6-е место в рейтинге ATP

Moscow.media

Не заметила натянутый трос и получила черепно-мозговую травму

Анна Данилова дала старт Всероссийской акции "Синий платочек Победы" 2024 на станции метро Курская

Рады познакомить вас с артистами цирка Бурятии: Саян Дондоков - Театр и дети, Культура и Россия

HRlink подключил в платформе кадрового ЭДО 4,5 тыс. сотрудников сети аптек «Максавит»











Топ новостей на этот час

Rss.plus






"Лето подложит нам всем свинью": новый прогноз метеорологов

Магнитная буря 10, 11 мая 2024 года: на Земле ожидаются мощные геоудары из-за вспышек на Солнце

Лукашенко заявил, что сейчас доллар и евро никому не нужны

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" расшифровал смысл "ДНК В.И. Ленина".