АКШнын кызматтан кетип жаткан президенти Доналд Трамп 6-январда Капитолийдин алдында болгон баш-аламандыкка жоопкерчилик алуудан баш тартты. Ал 6-январда Ак Үйдүн жанына келген тарапташтарынын алдында өзүнүн сүйлөгөн сөзү «орундуу эле болгон» деп эсептейт.
Трамп бул тууралуу 12-январда Техас штатындагы Аламо шаарына жөнөп жатып билдирди. Бул күнү Өкүлдөр Палатасы демократтардын Трампты кызматтан алууга чакырган биринчи резолюциясына добуш беришери күтүлүп жатат.
Америка Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Трампты кызматтан кетирүү боюнча эки резолюция даярдашты. Биринчи резолюцияда демократтар вице-президент Майк Пенсти Конституциянын 25-беренесин колдонуп, Трампты мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетирүүгө чакырышты. Ал эми экинчи резолюцияда Трампты импичмент жараяны аркылуу президенттиктен кетирүү каралган. Эки резолюцияда тең демократтар Трампты 6-январда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып, «чагымчылдыкка түрткөн» деп айыпташууда.
6-январда АКШ Конгресси жайгашкан Капитолийдин жанында тынч башталган нааразылык жыйыны зомбулук мүнөзгө өтүп, демонстранттар капысынан парламент имаратын басып алышкан. Полиция менен кагылышууда 5 киши набыт кеткен. Президент Доналд Трамп эч жүйөөгө негизденбестен, былтыр 3-ноябрда өткөн “президенттик шайлоонун жыйынтыгы одоно бурмаланды” деп улам-улам кайталап айткан соң, тополоңчулар Сенат менен Өкүлдөр үйүнүн орток отурумуна бир нече саатка жолтоо кылышты.
Трамп аны кызматтан кетирүү аракеттери «өлкөбүз үчүн өтө кооптуу кырдаал түзүп, кыжырдануу жаратып жатканын» билдирди. Ал ошондой эле «мен зомбулукту каалабайм» деп кошумчалады.