Бир катар сайттар Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанарбек Акаев жубайын сабаган деп жазып чыгышты. Андагы маалыматтар боюнча депутаттын жубайы үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз жазган имиш.
Аталган райондук милициянын басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат таратып, 8-январда саат 13:30дарда Турусбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча чалуу болгонун билдирди.
Патрулдук милиция барганда К.Ж. аттуу адам аны жолдошу сабаганын айтып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына арыз берген. Ал үй-бүлөдө чыр чыгып, күйөөсү Ж.А. аны моюнга чаап, тепкенин айткан.
Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодекстин «Үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды жана тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Райондук милиция тараткан инициалдар Жанарбек Акаев менен анын жубайынын аты-жөнүнө дал келет.
Жанарбек Акаев бул боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына «Урматтуу достор! Өзгөчө журналисттер. «Жанар Акаев аялын сабады» деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Андай болушу мүмкүн дагы эмес. Муну кайсы булак, эмнеге таянып билдирди? Же ар бириңерди үйгө чакырайынбы? Баса белгилеп айтып коёюн, андай болгон эмес, эч качан болбойт дагы», - деп жазды.
Анын жубайы Жыргал Масалбекова (Кенжебаева) «Twitter» социалдык тармагындагы баракчасына бардыгы жайында экенин, өзү эч кандай арыз жазбаганын тастыктады.