Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан 8-январда мамлекеттик радио аркылуу жасаган билдирүүсүндө «вакциналар жетиштүү санда келмейинче азыркы чектөөлөрдү узарта беребиз» деп билдирди.
Эрежелерге ылайык, кечки сегизден таңкы бешке чейин коменданттык саат киргизилет, адамдарга чогулууга тыюу салынат жана тамактануучу жайлар жабык болот.
Мектептин баштапкы класстары жана бала бакчалар иштей берет. Ал эми жогорку класстын окуучулары жана студенттер аралыктан билим алууну улантышат.
8-январда Венгрияда коронавирус 3 миңдей адамдан табылды, бул илдеттен 115 киши көз жумду.
Премьер-министр Орбан билдиргендей, Венгрия Pfizer/BionTech компанияларынын 80 миң дозасын алган. Ал кырк миңдей медкызматкерге сайылды.
Венгрия орусиялык вакцинасын сыноого катышып, Sputnik V вакцинасынын биринчи партиясын алган. Өкмөт ошондой эле вакцина боюнча Кытай жана Израил менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.