Кыргызстагы мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо үчүн 2021-жылдын 10-январында референдум өтүшү мүмкүн. Эгер чечим кабыл алынса, референдум менен мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо бир күндө өтөт.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) келерки жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун талдап жатат.
Мекеменин маалыматы боюнча сөз болуп жаткан референдум атайын иштелип чыккан мыйзамдын негизинде дайындалат.
Эгер чечим кабыл алынса, 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлө турган президенттик шайлоо күнү шайлоочуларга эки бюллетень берилет.
Эсептөө өз-өзүнчө жүргүзүлөт, кошумча каражат экинчи бюллетенди басып чыгарууга гана талап кылынат. Бирок каражаттын так суммасы айтыла элек.
10-ноябрга белгиленген, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө бюджеттен жалпысынан 137 миллион 290 миң сом талап кылынары айтылган.
БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов референдум менен президенттик шайлоо бир күндө өткөрүлүп калса анын кошумча чыгымы тууралуу буларды айтты:
«Кошумча каражат бюллетень даярдаганга талап кылынат. Биз ар бир шайлоо бекетин эки автоматтык эсептегич урна менен камсыз кылышыбыз керек болот. Референдумдун катышуучулары бюллетенди ошол экинчи урнага салышы керек. Эгер мыйзам кабыл алынса экинчи бюллетень болот, аны саноонун жол-жобосун комиссиянын мүчөлөрүнө үйрөтөбүз. Андан башка чыгым болбойт».
Парламенттик же президенттик башкарууну аныкташ үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, азыркы башкы прокурор Курманкул Зулушев иштеп чыккан. Учурда аны Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылууда.
Парламенттин тийиштүү комитети аны БШКнын кароосуна жөнөткөн. Акылбек Жапаров сөз болуп жаткан мыйзам долбоорун мындайча чечмеледи:
«Бул мыйзам долбоорунун бир эле автору бар болчу. Ал Курманкул Зулушев. Мен анын идеясын ошондо эле колдогом. Бүгүнкү күндө Зулушев депутат эмес. Ал башкы прокурор болуп иштеп жатат. Ал эми мен Конституциялык кеңешменин мүчөсү болгондон кийин мен бул мыйзамды парламентке киргизип, шайлоого кеткен чыгымды үнөмдөө максатында ушундай кадамга барууну туура көрдүм. Эгер депутаттар колдоп берсе, ушул суроону элге берип, элден тактап алалы дедим. Биринчи окуудан кабыл алып, депуттардан концепциясын жактыра турган болсо, экинчи, үчүнчү окууну чогуу кабыл алганга Жогорку Кеңештин регламенти жол берет».
Анткен менен бул долбоорду кабыл алуу талашка себеп болууда. Депутаттар арасында мыйзам долбоорун кабыл алуу мөөнөтү өтө чукул болуп, регламентке шайкеш келбейт, мыйзам бузулат дегендер бар. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков маселени мындайча негиздеди.
«Жогорку Кеңешке референдум тууралуу маселени алып чыкканыбыз мыйзамга да, акылга да сыйбайт. Күчкө салып өткөрөбүз деген да болбойт. Убакыт жетпейт. БШК макулдук берип, өкмөт аны колдосо Жогорку Кеңеш аны үч окуудан кабыл алышы керек. Аны кайсы учурда карайбыз? 10-декабрга чейин болушу керек. Референдум жарыяланган кийин дагы бир ай мөөнөт керек. Бир күндө үч окуудан карап, алты фракциясынын макулдугун жана комитеттердин корутундусун алып туруп, күчкө салып карап койсо болот. 83 депутаттын колун байлап, үйүнөн алып келип кол койдуруп койсо болот. Бирок мунун тарыхта жана мыйзамда орду болбойт. Бул башаламандыкка алып келет».
Бирок демилгени колдогондордун бири, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов:
«Коомчулукта эки ача пикир болуп жатпайбы. Бири «парламентаризмден кетпешибиз керек» десе, бири «президенттик башкаруу болушу керек» деп жатат. Конституциянын бирден-бир эң ыйык беренеси – бул эл. Ошондуктан эл өзү чечип алышы керек. Жалпы элдин чечиминен кийин гана эл мамлекеттик башкаруу системасынын кайсынысын тандаса, ошого өтүшүбүз керек. Бул тарыхый кырдаалдын орчундуу маселеси болуп турат», - деди.
Президенттикке талапкерлигин коюш үчүн убактылуу кызматын тапшырган Садыр Жапаров 10-январда өтчү президенттик шайлоо менен бирге Кыргызстандын башкаруу системасын тандоо боюнча референдум өткөрүүнү 23-ноябрда «Жетинчи каналдагы» маегинде сунуш кылган:
«Курманкул Зулушев «Парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкарууну каалайсыңбы?» деген суроону референдумга чыгарууну сунуш кылган. Мен ошол мыйзам долбоорун депутаттар алып чыгып, президенттик шайлоодо элдин алдында койсо деп суранат элем»
Конституциялык реформа жүргүзүү, ага байланыштуу референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жаткан тарап эгер алардын варианты кабыл алынса, анда Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын айтышууда. Демилгени колдобогондор «бул кадам өлкөдө президенттин бийлиги дээрлик чектелбей калган авторитардык башкаруунун өзгөчө түрүн орнотууга багытталган» деген кооптонуусун билдирүүдө. Саясатчы Ишенбай Кадырбеков мындай деди:
«Конституциялык кеңешменин мүчөлөрү өздөрү президенттик же парламенттик башкаруу системасынын айырмасын билеби же билбейби, мен ошого арсармын. Керек болсо муну билимдүү юристтер билбей жатат. Анан өздөрү билбей туруп, «Кандай башкаруу системасы керек?» деп элге суроо берген туура эмес. Бул Конституцияны одоно бузуу болуп эсептелет. Анткени Баш мыйзамдын 144-беренесинде «Конституцияны өзгөртсө болот» деп так жазылып турат. Жаңысын жазууга уруксат берилген эмес. Мына ушул иштеп жаткан Баш мыйзамга баш ийбей жаткандарга түшүнбөй турам. Кийинки бийлик келип деле Конституцияга баш бербей каалаганын жасай берсе болобу? Бизде бийлик башындагылар күнөөлүү эмес, Конституция күнөөлүү болуп чыга келет».
Айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти узурпация кылууда» деп сындап жатышат. Бирок ошол эле кезде Садыр Жапаровдун бийлигин колдогондор көп, ал президент болууга мүмкүнчүлүгү жогору деп санаган саясатчылар четтен чыгат. Саясат талдоочу Марс Сариев Садыр Жапаров «мына ушундан пайдаланып, бийлигин бекемдөөнүн аракетин көрүүдө» деген оюн айтты:
«Аймактарда Садыр Жапаровдун рейтинги өтө бийик. Ошондуктан ага президенттик шайлоого тушташ эле референдум өткөрүү ыңгайлуу. Анткени ал шайлоодон утат. Ага добуш берген шайлоочулар деле президенттик башкарууга макул болуп добуш беришет. Эгер Жапаров президент болуп шайланса, референдумдун жыйынтыгы менен ал автоматтык түрдө президенттик башкаруу системасын колго алат. Ал «падыша», «хан» болуп калат. Ал легитимдүү президент болуп шайлангандыктан башка мамлекеттер да тааный баштайт. Оппозиция эч нерсе кыла албай калат. Андан кийин башка максаттарын шашпай ишке ашырса болот. Ал эми азыр эле Конституциянын жаңы долбоорун референдумга алып чыкса чатак болуп кетет деп чочулап турат».
Бирок акыркы үч аптадан бери Бишкекте жарандык активисттер «Баш мыйзам үчүн» деп аталган жүрүш өткөрүп жатат. Алар «Конституцияга тийбе» деп жазылган баракчаларды көтөрүп, нааразылык маанайын билдирип жүрүшөт. Уюштуруучулар жаңы бийлик башчыларынан Баш мыйзамды сактоону, парламенттик шайлоону 2020-жылдын 20-декабрында өткөрүүнү талап кылууда. Жарандык активист Улан Үсөйүн - азыркы мыйзамдарды кабыл алып жаткан Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын легитимдүүлүгүн эске салгандардын бири.
«Азыркы Конституциялык кеңешменин өзү туура эмес, - деди ал. - Президенттин милдетин аткаруучу Конституциялык кеңешмени чогулта албайт. Парламент легитимсиз. Бирок алар күчкө салып жатат. Биз аларды тааныбайбыз».
Жогорку Кеңеш 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аны талкуулаш үчүн түзүлгөн Конституциялык кеңешменин жетекчилиги өз бүтүмүн 15-20 күндө чыгарып бере турганын айткан. Бирок кийин өкмөт башчылык кызматты убактылуу өткөрүп берген Садыр Жапаров шашуунун зарылчылыгы жок экенин айтып, референдумга башкаруу системасын аныктоо тууралуу суроону гана чыгарса туура болорун билдирген.