Бишкектин Биринчи Май райондук прокуратурасы быйыл жыл башынан бери жер мыйзамдарынын бузулушуна байланыштуу мамлекетке келтирилген зыян үчүн 1 миллион сомдон ашык каражатты акчалай түрдө өндүрдү. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна райондук прокуратуранын өкүлдөрү кабарлашты.
Мекеменин маалыматына караганда, мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турган жер тилкелерин мыйзамсыз колдонуу, басып алуу жана менчикке өткөрүү фактылары боюнча жыл башынан бери 13 текшерүү жүргүзүлүп, 35 мыйзам бузуу аныкталды. Натыйжада алты сунуш, алты талап жана сот органдарына бир доо арыз келтирилип, эки материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Райондук прокуратура мисал катары билдиргендей, айрым адамдар “Кудайберген” унаа базарынын айланасындагы үч көчөдө жалпысынан 500 чарчы метрге жакын муниципалдык жерге уруксат документ жок болсо да жеңилдетилген типтеги дүкөндөрдү жана унаа оңдоочу жайларды куруп алышканы аныкталды. (RK)