Коронавирус дагы төрт адамдын өмүрүн алды, 447 кишиден жаңы аныкталды
Вирус 447 кишиге жаңы жугуп, мурдагы ооруп калгандардын арасынан соңку бир күндө 505 киши сакайды.
Кыргызстанда коронавирус аныкталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1227 кишиге жетти.
Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 69149 адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны - 60 294 .
Акыркы суткада оору аныкталгандардын эң көбү Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында болду.
21-ноябрда дагы 19 медицина кызматкерине коронавирус жуккан учур аныкталды. Пандемия башталгандан бери илдетке чалдыккан медкызматкерлердин жалпы саны 3806 кишиге жетти, алардын ичинен 3532си айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 80ден ашты.
2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань калаасынан тараган коронавирус 188 мамлекетке жайылып, 58 миллиондой адамга жукту. Алардын 1 миллион 400 миңдейи жашоо менен кош айтышып, 40 миллиондон көбү айыкты. (SE)