АКШда дагы бир өлүм жазасы ишке ашырылды
Холл бейшемби күнү кечинде, АКШнын Жогорку соту аны кечирүү тууралуу өтүнүчүн четке каккандан кийин өлүм жазасына тартылган деп маалымдады Француз эл аралык радиосу.
Орландо Холл 1995-жылы 16 жаштагы Лиза Ренени уурдоого, зордуктоого жана өлтүрүүгө айыпталган.
Бул АКШда акыркы төрт айдагы сегизинчи өлүм жазасы. Июль айында өлкөнүн Жогорку соту акыркы отуз жыл ичинде федералдык соттор тарабынан чыгарылган өлүм жазалары аткарылышы мүмкүн деген чечим чыгарган.
Жакынкы апталарда АКШда дагы эки өлүм жазасы ишке ашырылышы керек.