Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Ооганстандын борборунда бери дегенде үч киши ракета чабуулунан набыт болду

Ооганстандын полициясынын маалымдашынча, 21-ноябрдын таңкы кымгуут саатында Кабулдагы турак жайларга ракета чабуулу болуп, бери дегенде үч киши өлүп, ондогон кишилер жаракат алышты.


Бул окуя АКШнын Мамлекеттик катчысы Майк Помпео Катарда талиптер менен ооган бийлигинин тынчтык сүйлөшүү жүргүзүү топтору менен жолугуша турганы белгиленген учурдан бир нече саат мурда орун алды.


Бул жолугушуу Ооганстанда урушуп жаткан тараптардын токтоп калган тынчтык жүрүмүн кайра жандандыруу максатын көздөп жаткан.


Ал эми Женевада эки күндөн кийин Ооганстанга жардам көрсөтүүчү демөөрчүлөрдүн башкы жыйыны өткөрүлмөк.


Кабулдагы ишембидеги жардыруулар чет өлкөлүк элчиликтер жайгашкан дипломатиялык конушка жакын жерде болду.


Ооганстандын ички иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Тарык Ариандын айтымында, оболу үч киши өлүп, 11 киши жарадар болгон. Ал эми өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги беш киши набыт кеткенин, 21 киши жаракат алып, ооруканаларга кабыл алынганын билдирди.


Ариан мырзанын жаңы видео кайрылуусунда, ал "талиптер" деп атаган күчтөр Кабулдун ар башка жериндеги беш конушка жалпысынан 24 ракета чабуулун жасашкан.


Саал мурдараак ал чакан автоунааларга ракета аткычтарды жүктөп келишип, андан соң ракеталарды учуруп аткылашканын айткан. Бул унаалар кантип Кабулга өтүп кеткени тууралуу тергөө башталганын да ал кошумчалаган.


Ал эми талиптер бул чабуулга өздөрүнүн эч тиешеси жоктугун билдиришүүдө. Азырынча бул чабуул үчүн эч ким жоопкерчиликти өзүнө ала элек.




 

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus