Добавить новость


World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Армениянын өкмөт башчысы Орусиянын коргоо жана тышкы иштер министрлери менен Тоолуу Карабактагы акыбал тууралуу сүйлөштү

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Ереванда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана коргоо министри Сергей Шойгу менен Орусиянын арачылыгы астында жүзөгө ашырылып жаткан ок атышууларды токтотуу жүрүмүн талкуулоо үчүн жолугушту.


Армян премьеринин кеңсесинен кабарлашкандай, 21-ноябрдагы бул жолугушуу маалында Пашинян соңку согуштук жаңжал маалында Орусиянын расмий колдоосун, өзгөчө орус президенти Владимир Путиндин жекече колдоосун ар дайым сезгендигин баса белгилеп айткан.


Сергей Шойгу болсо 9-ноябрда үч тараптуу билдирүүгө кол коюлгандан бери Азербайжандагы жикчил Тоолуу Карабак аймагынын дээрлик бардык бөлүгүнө орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү жайгаштырылып бүткөнүн билдирди. "Жалпысынан 23 көзөмөл бекети жайгаштырылды. Биз Степанакертке кетчү кан жолго байкоо жүргүзүп жатабыз", - деди Шойгу. Армяндар Степанакерт атаган Тоолуу Карабактагы башкы шаарды азербайжандар Ханкенди деп аташат.


Еревандагы расмий жолугушуудан кийин Орусиянын өкүлдөрү Баку шаарына жөнөп кетишти. Мында алар Азербайжандын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзөт.


Орусиянын делегациясынын курамында Лавров менен Шойгудан башка да вице-премьерлер Алексей Оверчук менен Александр Новак, саламаттык сактоо министри Михаил Мурашко,  Орусиянын саламаттык сактоо жана кардарлар укугу боюнча Федерациялык кызматынын башчысы Анна Попова да бар.  Александр Новак мунайзат жана жаратылыш газы тармактары боюнча жооптуу вице-премьер экени маалым.


Ал эми Азербайжандын президенти Илхам Алиев тынчтык макулдашуусунун шарттарына ылайык Азербайжандын аскерлери жикчил Тоолуу Карабактын түндүк-чыгышындагы Агдам районун толук көзөмөлдөп калганын жума күнү жарыялады.


Өлкөнүн тоолуу Келбажар району 25-ноябрда Азербайжандын аскерлерине өткөрүлүп берилмекчи. Армяндар дагы эле көзөмөлдөп жаткан Лачин району 1-декабрга карата Азербайжанга өткөрүлүп берилет. Орусиялык тынчтык жаратуу күчтөрү Лачин районундагы жикчил Тоолуу Карабактан Арменияга кетчү канжол жайгашкан узундугу 5 чакырымдай өткөөлдү көзөмөл кылууну кийин уланта бермекчи.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus