Шайлоо жыйынтыгын кайра кароону самаган Трамп дагы эки башка штаттан сокку алды
Жоржия штатынын мамлекеттик катчысы, республикачы Брэд Раффенспергер жеке өзү Трампты толук колдой тургандыгын, бирок бул штаттагы демократ Жо Байдендин пайдасына чечилген шайлоо жыйынтыгынын сандарына баш ийээрин билдирди.
Ал эми Мичиган штатынын республикачыларынын өкүлдөрү 20-ноябрда Ак Үйдө Трамп менен жолугушуп, бул штаттагы анын үмүтүнө да суу себишти.
Мичиган штатынын Сенатында көпчүлүктү түзгөн республикачылардын лидери Майк Ширки азырынча өзүндө бул штаттагы добуш берүү жыйынтыгын кайра өзгөртүүгө алып келүүчү эч бир маалымат жоктугун айтып, Трамптан штатка коронавируска каршы күрөшкө каржылык көмөк көрсөтүүсүн өтүндү. Мичиган штатындагы Өкүлдөр үйүнүн спикери, республикачы Ли Чатфилд да добуш бурмалоо боюнча шектенүүлөр кылдат иликтене тургандыгын кошумчалады. Бул штатта да Байден шайлоочулардын добушун утуп алган.