Добавить новость
World News in Kyrgyz


Новости сегодня

Новости от TheMoneytizer

Пакистан: Лахордо катаал нукту карманган диниятчы Ризви жерге берилди

 


Пакистандын Лахор шаарындагы жамаат  өлкөдө өзгөчө ашынган диний саясатты талап кылып келген диниятчы Хадим Хусейн Ризвини акыркы сапарга узатууга катышты.  Айрым байкоочулардын айтымында, 21-ноябрдагы жаназага жүз миңден ашуун киши чогулган.  


Ризви мырза өлкөдөгү  ашынган оңчул диний-саясий уюм саналган «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП, «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясынын жолбашчысы болчу. Ризви Пакистандагы диний азчылыктардын топторун көп жылдардан бери коркутуп-үркүтүп, тополоңдорго шыкактап, "кудайдын каарына калган" деп өзү санаган Европа өлкөлөрүн ойрон кылууга чакырып келген.


Жаназага катышкандар Ризви негиздеген кыймыл өз ишин улантат деп ураан чакырып жатышты. 


54 жаштагы Ризви өпкө кагынынан улам 19-ноябрда дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү атайын текшерүүдөн өткөрүлбөгөн соң, маркум өлкөдө тездеп жайылган коронавирустан өлгөнбү же жокпу, белгисиз калды. 


Ризви жетектеген «Техрик-и Лаббайк Пакистан» (ТЛП, «Кызматыңыздамын, Пакистан!» кыймылы) партиясынын өкүлдөрү 15-ноябрда пакистандык полиция менен кагылышууга барып, андан соң  17-ноябрга чейин борбор шаар Исламабадга кетчү маанилүү автожолду тороп турган. 




Алар Франциянын президенти Эммануэл Макрондун октябрдын соңундагы сөз эркиндигин, анын ичинде Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатураны жарыялоо эркиндигин коргогон сөзүнө нааразылык билдиришип, Франциянын Пакистандагы элчисин өлкөдөн чыгарып жиберүүнү жана француз товарларына бойкот жарыялоону талап кылып чыгышкан.


Пакистан бийликтери өлкөдөн француз элчисин чыгарып жиберүү маселесин парламентте карай турганына убада кылган соң гана борбор шаарга кетчү жолду ачтырганын Ризви билдирген. 


2018-жылы 29-августта Ризвинин уюму Нидерландда улутчул саясатчы Гиирт Вилдерстин Мухаммед пайгамбар тууралуу карикатура сынагын өткөрүү долбооруна каршы нааразылык кылып, Лахор шаарында жүрүш уюштурган жана ага да бир нече он миңдеген кишилер катышкан.


Ризвинин кыймылы менен мышык-чычкан ойногон Пакистандын аскер жетекчилиги маркумду "чыгаан окумуштуу" деп атады, ал эми премьер-министр Имран Хан маркумдун жакындарына көңүл айтуусун билдирди.

Читайте на сайте


Smi24.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. Абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. Smi24.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от Smi24.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.




Новости от наших партнёров в Вашем городе

Ria.city
Музыкальные новости
Новости России
Экология в России и мире
Спорт в России и мире
Moscow.media










Топ новостей на этот час

Rss.plus